18-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 19…24;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 19…21 градус болот.