Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Өкмөт: Азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаал


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаал бойдон калууда. Бул тууралуу 17-февралда премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешмеде айтылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов бардык тийиштүү мекемелердин милдети тамак-аштын негизги түрлөрү менен жетиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо экенин эскертти.

Жыйында күн сайын этке, өсүмдүк майына, жумурткага жана башка товарларга болгон баа жогорулап жатканы айтылды.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, акыркы төрт айда өсүмдүк майы 33 сомго жогорулаган жана бүгүнкү күндө чекене баа боюнча майдын 1 литри 134 сом турат. Бир килограмм эт орточо алганда 435 сомго кымбаттап, бул 2020-жылдын октябрь айына салыштырганда 124 сомго жогору болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG