Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

Муфтийликке талапкерлерди каттоо башталды  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигине (муфтий) талапкерлер 17-февралдан тартып, 17-мартка чейин катталат. Бул тууралуу муфтияттын сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна талапкерлерди каттоо боюнча «Каттоо жана аттестациялык комиссия» түзүлүп, токтом менен бекитилди. Токтомго ылайык 5-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтөт. Талапкерлерди каттоо жана анын шарттары жөнүндө бул жактан окуңуз.

Муфтияттын каржылык ишмердүүлүгүнө байланыштуу териштирүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жүрүп жатат.

12-февралда Муфтиятттын башкы эсепчиси эки айга камакка алынган. 10-февралда УКМК ал мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаганын маалымдаган жана “Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардын акчасын жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталды” деп билдирген. Эсепчинин тарапташтары же жактоочулары бул айыптоого расмий комментарий берише элек.

Ошол эле күнү муфтийликти жетектеп турган Максатбек Токтомушев бул ишке шектүү катары кармалган. 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Максатбек Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотту.

Мурдагы муфтий ага коюлган айыптар боюнча комментарий бере элек. Өткөн жумада ал "Азаттык" радиосундагы маегинде ажылыктын акчасына байланыштуу айыптоолор жалаа экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG