Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Футболчу кыз Айдана Оторбаеванын талапкерлиги FIFPROнун сыйлыгына көрсөтүлдү


Айдана Оторбаева.
Айдана Оторбаева.

Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева дүйнөлүк Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын (FIFPRO) 2020-жылдагы сыйлыгына талапкердин бири катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат ассоциациянын интернет барагында жарыяланды.

FIFPROнун барагында спортчу кыздын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылардын тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы белгиленген.

"Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык" ("Merit Award") – футболго эмгеги сиңген адамдарга берилүүчү дүйнөлүк беделдүү сыйлык. Быйыл ага сегиз оюнчу көрсөтүлдү.

Башка талапкерлердин арасында топ киши да бар. Маселен, 7 чех футболчусу - Йакуб Фулнек, Адам Йанош, Ладислав Крейчи, Давид Павелка, Йан Стейскал, Радек Волтр жана Доминик Зрджалек (Jakub Fulnek, Adam Jánoš, Ladislav Krejčí sr., David Pavelka, Jan Stejskal, Radek Voltr, Dominik Zdržálek) былтыр жетим балдар үйүндөгү 306 балага алардын кыялындагы белектерди тартуулашкан, айрымдарына зоопарк сыяктуу кызыктуу жайларга саякат уюштурушкан.

Ал эми түштүк кореялык футболдук кураманын мүчөсү Ли Гын Хо мырза өз аймагында коронавирус илдетине каршы күрөштө каржылык жардам уюштурган.

Чили футболчусу Николас Матурана 250 үй-жайсыз жана жакыр кишилерге азык-түлүк жана башка белек-бечкек таркатып, жакыр футболчунун социалдык көйгөйлөрүн чечкен.

Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын башкы жыйыны 2020-жыл үчүн жеңүүчүлөрдү 18-февралда, бейшемби күнү аныктайт.

Айдана Оторбаева - Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөсү катары бир нече эл аралык оюндарга катышып, ийгилик жараткан.

Ал учурда өзүнүн футбол мектебин ачкан. Ал - Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери.

Ыктыярчылар тобун жетектеген Айдана Оторбаева 2020-жылдын июль айларындагы пандемия күчөп турган учурда элге дары-дармек, азык-түүлүк сыяктуу жардам иштерине активдүү катышкан.

Оторбаева ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылар жолуккан жыйынга келүүдөн баш тарткан. Ал бул кадамын жыйындан жыйынтык чыкпастыгын, андан көрө убакытты туура пайдалануу зарылдыгын айтып түшүндүргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG