Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Министрлик окуу жайларды Пакистандын “кара тизмесинен” чыгаруу аракетинде


Кыргызстан жана Пакистан билим берүү тармагындагы жетекчилердин жолугушуусу. Пакистан, 16-февраль, 2021-жыл.
Кыргызстан жана Пакистан билим берүү тармагындагы жетекчилердин жолугушуусу. Пакистан, 16-февраль, 2021-жыл.

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Пакистандагы иш сапарынын алкагында ал өлкөнүн билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушуп, кыргыз медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

16-февралында жолуккан эки тарап Пакистан студенттерин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселелери жөнүндө да сүйлөшүштү.

2020-жылдын октябрь айында Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын "кара тизмеге" киргизген. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги медициналык багыттагы адистерди даярдаган жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушуп, мындан ары аларга көзөмөл күчөтүлөрү белгиленген.

Кийин Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык билим берген окуу жайларынын ичинен Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын, Ош мамлекеттик университетин, Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Эл аралык жогорку медициналык мектебин "кара тизмеден" чыгарган. Бирок, Кыргызстандын дагы 12 окуу жайы "кара тизмеде" кала берүүдө.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, 9000ден ашык индиялык студент бар. Алардын көбү Эл аралык жогорку медициналык мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG