Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Акыйкатчы соттон Чодобаеванын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранды


Токон Мамытов
Токон Мамытов

Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек шаардык сотунун төрагасына кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө изоляторунда отурган Жылдыз Чодобаеванын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүндү.

Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Омбудсмен 16-февралда Чодобаевага жолугуп чыкканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал кармоо шарттарына арызданган жок, бирок бөгөт чарасын өзгөртүүгө жардам берүүнү суранды.

Токон Мамытов шектүү же анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз берсе судья айыпталуучунун төрт баласы бар экенин эске алып, аны үй камагына же эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарыш керек, деп эсептейт. Акыйкатчы Аскер прокуратурасына да сотко ушундай өтүнүч берүүнү сунуштады.

15-февралда Өкмөт үйүнүн алдына Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн ондон ашуун тургуну пикетке чыгып, Жылдыз Чодобаеваны үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

Чодобаева Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып Аскер прокуратурасы тарабынан 8-февралда камалган. Ал УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге байланыштуу кылмыш ишинин алкагында шек саналууда.

Сегизбаевдин өзү 26-январда «Белизгейт» чыры боюнча кармалып, эки айга камалган. Жалпысынан анын үстүнөн алты иш тергелип жатат. Алардын бири Таш-Мойнок аймагындагы жер тилкелерине байланыштуу.

2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болгон Сегизбаев быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан. Ал жараянга катышкан шайлоочулардын 1,46% добушун алган. Сегизбаев президенттик шайлоодо талапкер болгондо дебатта азыркы президент Садыр Жапаровго ачык каршы чыкканы үчүн «саясий өч алуу болуп жатат» деп эсептейт. (BTo)

XS
SM
MD
LG