Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Эки миллионердин чиеленишкен иштери


Карганбек Самаков. Нариман Түлеев (Фотолор архивден)
Карганбек Самаков. Нариман Түлеев (Фотолор архивден)

  

Ушул аптада Жогорку cот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковго чыккан соттун чечимдерин өзгөрттү. Бул чуулгандуу эки иштин алкагында Түлеев менен Самаковдон башка да бир катар жогорку кызмат адамдары жоопко тартылган. Алардын таржымалын эске салалы.

Баары эмнеден башталды эле?

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутаттыкка шайланган Нариман Түлеев мурдагы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында кармалган аткаминерлердин алгачкысы болгон.

2012-жылы Түлеев “коррупция” беренеси боюнча айыпталып, камалган. Парламенттеги башкаруучу коалициянын депутатынын камалышы ушул тапта президенттикке киришкенине жарым жыл гана болгон Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүнүн башталышындай сыпатталган эле.

Нариман Түлеев сотко алып бара жатышат. 25-июнь, 2012-жыл
Нариман Түлеев сотко алып бара жатышат. 25-июнь, 2012-жыл

Түлеевге Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деген айып тагылган.

Бир жылга созулган сот Нариман Түлеевди 11 жылга кесип, бир катар мүлкүн конфискация кылган болчу. Алардын арасында ушул тапта Каржы полициясы кеңсе кылып алган имарат, “Караван” соода борбору баштаган бир нече мүлк бар.

Абакта төрт жылга жакын отурган Түлеев 2016-жылы жазында мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ал мамлекетке келтирген зыян - 61 миллион сомдук чыгымды толугу менен төлөп бергени үчүн мунапыс менен мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Быйыл 9-февралда Жогорку сот Түлеевге чыккан буга чейинки чечимдерди бузуп, ишти кайра кароого жөнөткөнү дайын болду. Ошентип, Бишкектин экс-мэринин иши кайрадан райондук сотто каралганы турат.

Түлеевдин ишине кириптер болгон Нарымбаев

Түлеевге козголгон иштин негизинде дагы бир нече кылмыш иштери ачылып, бир катар кызмат адамдары жоопко тартылган.

Тагыраагы, экс-мэр абакта отурганда аны камактан бошотуу үчүн “Түлеевдин кызынан пара талап кылды” деген айып менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев жана парламенттин ошол кездеги депутаты Хажимурат Коркмазов камалган.

Тергөө айыптаганга караганда бул адамдар Жогорку соттун чечимин "оң жагына чыгартабыз" деген убада менен акча талап кылган.

Данияр Нарымбаев, Хажимурат Коркмазов сот залында
Данияр Нарымбаев, Хажимурат Коркмазов сот залында

Бул иш боюнча сот “коррупция”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген айыптарды кыскартып, “көз боёмочулук” деген күнөө менен Нарымбаевди үч, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

Коркмазов 2016-жылы май айында, ал эми Нарымбаев ошол эле жылдын аягында абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Буга абактагы үлгүлүү жүрүш-туруму себеп болгону айтылган.

Учурда экөө тең саясий чөйрөдөн четтеп кеткен. Ушул тапта Түлеевдин ишинин бузулганы аларга чыккан сот өкүмүн өзгөртүүгө таасирин тийгизеби же жокпу деген суроо турат. Бул жаатта юристтердин пикирлери эки ача чыгууда.

Айрымдар эгер соттолуучулар кааласа жаңы ачылган жагдай боюнча ишти кайра кароо боюнча арыз жазса болорун айтууда. Бирок адвокат Таалайкүл Токтакунова мындай пикирде:

"Бул иштер бири-бири менен таптакыр байланышы жок. Акыркы чечим жаңы ачылган жагдайлар болуп саналбайт. Ошондуктан, мурдагы чечимдерди өзгөртө турганына негиз болот деп ойлобойм", - деген пикирин айтууда.

Түлеев мамлекетке берген батирлерди сатып...

Түлеев 2016-жылы абактан чыгарда мамлекетке келтирилген 60 миллион сомду төлөп берген. Анын бир бөлүгүн акчалай төлөсө, калгандарын Бишкекте жайгашкан 11 батир менен кутулган.

Мамлекеттин карамагына өткөн 11 батирдин үчөө Башкы прокуратурага кызматтык үй катары берилген. Ал эми Бишкектин Москва көчөсүндөгү сегиз батир Бишкек мэриясынын менчигине өткөн. Батирлер шаардагы турак жайга муктаждарга берилери кабарланган. Бирок ал объекттердин айланасында кайрадан коррупциялык иштер орун алган.

2019-жылы Бишкек мэриясынын Эрик Ашыралиев аттуу мурдагы кызматкери кармалган. Укук коргоо органдары Ашыралиев документтерди жасап, мурда Түлеевге таандык сегиз батирди сатып жибергенин маалымдаган.

Эрик Ашыралиев
Эрик Ашыралиев

Айыбы ачылган аткаминер Баткенге жетип, Тажикстанга өтүп кете турган болгондо кармалган. Былтыр жыл башында Ашыралиевдин иши сотко өткөн, бирок ал кандай жазага тартылганы азырынча белгисиз.

2012-жылы Түлеевге козголгон коррупциялык иштин чечимдерин Жогорку сот жокко чыгарып, эми кайра тергөө жүрөт.

Азыр соттун чечими менен буга чейинки мамлекетке алынган мүлктүн тагдыры кандай болот деген суроо жаралды.

Түлеев “эгерде акталып калсак, анан көрөбүз. Азырынча мүлк боюнча эч нерсе айта албайм” деп түшүндүрдү.

Калкып чыккан "Каравандын" чыры

Ал ортодо 15-февралда буга чейин Нариман Түлеевге "Караван" соода борборунун айланасында дагы бир иш козголгонун кабарлады. Сотко чейинки иликтөөнүн натыйжасында мамлекеттик "Мүлк" ишканасынын жооптуу жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2017-жылдан бери өкмөттүн мүлкүн ижарага берүү боюнча №507 токтомду бузуу менен электрондук аукциондорду өткөрүп, мүлктү келишим түзбөй туруп үчүнчү тараптарга кымбат акы менен ижарага берип келгени аныкталды.

"Мүлк" ишканасынын жетекчилери "Каравандагы" соода орундарын "өз адамдарга" арзан, ал эми көчөдөн келген кардарларга кымбат баада берип турушкан.

"Караван" соода борбору
"Караван" соода борбору

Бишкектеги "Караванга" окшош башка соода борборлорунда 1 чарчы метрдин ижара акысы 70 доллардан 200 долларга чейин бааланат. Аудиторлор Бишкекте соода борборлорундагы орточо ижара акысын 50 доллар деп эсептешти. "Караванда" бул баа 7 доллардан 20 долларга чейин болгон.

Аудитордук текшерүүнүн натыйжасында соода борборуна байланыштуу дагы бир топ каржылык мыйзам бузуулардын бети ачылды. Алсак, дегеле бул жашоодо жок эле адамдарга айлык берүү, тийиштүү талаптарды аткарбай мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү сыяктуу бир катар алешемдиктер бар.

Аталган соода борборундагы мындай мыйзамсыз иштер анын ижарачылары Финансы полициясына кайрылгандан кийин териштириле баштаган.

Самаковдун сандан-санга өткөн иши

Өткөн жумада дал ушундай эле чиелешкен дагы бир иш боюнча сот өкүмү жокко чыгарылды. Жогорку сот Бишкектин айланасындагы гектарлаган жерди мыйзамсыз трансформациялоого айтыпталып, 10 жылга кесилген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин кайра тергөөгө жөнөттү. Эми бул иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралат.

Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Бир кезде “Ата Мекен” партиясына мүчө болгон Самаковго 2015-жылы иш козголуп, алгач үй камагында отурган. Эки жылдан соң, тагыраагы 2017-жылдын аягында соттун өкүмү чыккан.

Самаков менен кошо анын уулу Кубанычбек Самаков, санаалаштары катары айыпталган Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев да сегиз жылдан кесилишкен.

Сот бул иш боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 10 жылга түрмөгө кесүүгө өкүм кылган.

Кылмышка тиешеси бар деп айыпталган экс-премьер-министр, парламент депутаты Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер- министр Искендербек Айдаралиев 5 миллион сомдон айып пул төлөп, эркиндикте калган.

Эки жылдай абакта отурган Самаков 2019-жылы жазында мунапыс жана тергөө абагында отурган күндөрүнүн эсебинен түрмөдөн бошотулган болчу.

Пара алган прокурорлор

Дал ушул жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш иши дагы бир нече коррупциялык иликтөөлөргө жол ачкан. 2015-жылы Самаковдун иши тергеле баштаган учурда Башкы прокуратуранын ал кездеги Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара менен кармалган.

Прокурор Самаковдордун ишин жабууга убада берип, ири суммадагы пара талап кылганы айтылган.

Кылычбек Арпаичев
Кылычбек Арпаичев

Кийин Арпачиевдин күнөөсүн сот далилдеп, алгач 14 жылга кесилген. Бирок былтыр жайында мурдагы прокурордун жатак абакка которулганы дайын болгон.

Ал учурда депутат Айнуру Алтыбаева Арпачиев мунапыс менен жатак абакка которулганын белгилеп, коррупцияга шек саналгандар өз жазасын албай жатканын билдирген:

«14 жылга соттолгон адамдын жатак абакка чыгарылганы - ошол мунапыс колдонулганы да. Ошону тактоо иретинде сурасам, «соттун чечими менен анын беренеси мурдагы мыйзам менен алмаштырылган» деп айтты. Ал эми өзүнүн бир топ мөөнөтүн өтөп койду, практика жүзүндө эртең чыгат”, - деп эл өкүлү тынчсыздануусун билдирген.

Арпачиев Самаковдун иши боюнча жазага кириптер болгон прокуратуранын жалгыз кызматкери эмес.

2018-жылдын апрель айында Башкы прокуратуранын мурдагы бөлүм башчысы Уланбек Чалбаев иш бөлмөсүндө 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Атайын кызмат бул акчанын таржымалын Самаковдун Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан ишине байлаган. Башкача айтканда, прокурор Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына чечип берүү максатында пара алган деп сыпатталган.

2019-жылдын ноябрь айында Чалбаев беш жылга эркинен ажыратылган. Ал эми «пара берүүгө аракет кылган» деген айып менен Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков баштаган үч адам акчалай айыпка жыгылган.

Ошентип Жогорку сот «Чубактын кунундай чубалган» эки иштин мурдагы чечимдерин жокко чыгарды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG