Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Карганбек Самаковдун жер чатагына чекит коюла элек


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Бүгүн “Фабула”, “Супер инфо”, “Жаңы ордо”,, “Де-факто”, Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити Алмаз Темирбек уулунун “Катуу бассаң таскак, акырын бассаң аксак” деген макаласын басты. Автор кыргыз президенти “Евроньюс” телеканалына берген маегинде Казакстан жөнүндө ачуу чындыкты айтканын, факты деген өжөр экендигин, баары бир, эртеби же кечпи, айтылчу кеп айтылмагын, чындыктан адам болобу, өлкө болобу, мамилеси эч качан бузулбай тургандыгын, Акаев менен Бакиевге окшоп бүжүңдөбөй, Атамбаевдин коңшу президенттерге теңата мамиле кылуусу айрым, качан болсо “бөйрөктөн шыйрак чыгармайын” жөн жүрбөгөндөрдүн куйкасын куруштурганын, “казак таарынды” деп жер муштап жатып калышканын жазып чыкты. Казак тарап боордоштук кылуунун ордуна кыргызга канчалык бут тоскон менен кыргыз эли атамзамандан берки келаткан сабырдуулугун, акылмандыгын көрсөтүп, “акыры акылына келер” деп, көп нерсесине көз жумду мамиле көрсөткөнү билген кишиге кеменгерлик болорун кошумчалай кетели.

Ушул эле санга коомдук ишмер Чолпон Осмонованын “Европалыктар президенттин ишмердүүлүгүн байкап, анын артыкчылыктарын анализдеп, анан жогорку баага татыган комплимент айтышты” деп маек курду. Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов аткарылып жаткан иштер тууралуу ушул гезитте кенен айтып берди. Депутат Мирлан Бакиров “Айылдын тургундары жөнөкөй, ичинде кири жок, кен пейилдиги менен өзүнө тартып турарына” токтолсо, ырчы Турдалы Аскарбеков хоккейди өнүктүрүү маселелерин козгоду. Акын Меңдибек Асылбековдун жаңы ырлары, Бердибек Жамгырчиевдин сүйүү, чыгармачылык тууралуу ой жүгүртүүлөрү да гезиттин ушул санында.

“Жаңы ордо” гезитинде саясатчы Эдил Байсалов “СДПКда социал-демократиянын жыты да жок” экенин ырастаса, профессор Каныбек Осмоналиев “Алар көп кан төгүлгөн жол менен бийликке келишкен, арбактардан коркуулары зарыл” деп пикирин бөлүшкөн. Темирлан Токтоболотов “Самаковго козголгон кылмыш иштин “заказчигин” Салянова айтып берет” деген макаласында ушу таптагы кызуу талаш жараткан маселеге токтолгон. Автордун ырасташынча, Самаков деген ысымды кыргыз эли “Манас” үчилтигин Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине каттаткандыгы үчүн сыйлап, урматташат. Анын жер чатагына байланыштуу чууга кандайча кабылганы сотто аныкталды, бул боюнча 61 күбө сотто көрсөтмө берип, алтымыш адамдын баары жер чатагына Карганбек Самаковдун эч кандай тиешеси жоктугун далилдеп беришкен. Күч органдарынын кайдыгерлиги Данияр Акматовдун “Шектүүлөрдү жетелеп барып берсем да эч нерсе кылышпады” деген маегинде баяндалган. Ал эми Темирлан Токтоболотов “Чыныгы мародер ким экени ачыкка чыгабы?” деген суроо коюп, күмөндүү иш дагыле ачыкка чыкпай келатканына токтолду. Акын Муратбек Рыскулов макаласында Кетмен-Төбөнүн Жетиген айылына баргандагы чыгармачылык сапарын эске салды. Анда жазуучу Абдымамбет Сариев тууралуу кенен кеп болот. Профессор Садык Алакандын макаласы эне тилге арналды.

“Де-факто” гезитинде профессор Каныбек Осмоналиев “Баласын мектепке жибербеген ата-энеге атайын статья бар” деп, “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов “Замандаштан” президенттикке чыкчу талапкер бар” деп маек курду. Аман Иманалиевдин макаласы “Саясый позициясы миң кубулган, миң жыгылса миң күрөшкө тойбогон Адахан Мадумаров” деп аталса, Амантур Мусагуловдун сүрөттүү баяны “Президент Алмазбек Атамбаевдин алгылыктуу алакаларга жол ачкан иш сапары” деп аталды. Мында Европа сапары кенен сүрөттөлөт. Кыркаяк Султанкулов “Коомчулуктун талабы: “Өмүрбек Текебаев баштаган айрым “Атамекенчилер” апрель революциясындагы талап-тоноочулукка байланыштуу жазага тартылышсын!” деген макаласында азыркы бийлик атаандаштарын сынга алган.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын “Салтанат Саматова тамадалардын түшү, санаа менен салгылашуу жана аялдын бактысы жөнүндө” деген баштема менен ачты. Гезиттен Бермет Маликованын “”Башты айлантууну кантип токтотуу керек?” деген, Александра Василькованын “Бакиевдердин жер тилкелеринен миллиондоп пайда көргөн ким?” деген, мөөнөтүн бүтүп кайтып бараткан Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенконун “Кыргызстан түбөлүк жүрөгүмдө сакталат” деген, профессор Кубан Мамбеталиевдин “Президенттик шайлоого чейин 267 күн” деген, Ольга Дядюченконун “Адвокаттык “кылмыштын” бардык жашыруун сырлары” деген жана башка макалаларды окуйсуздар.

“Супер инфо” гезити мурдагыдай эле өнөр адамдарынын кызыктуу маектерин, жарык көрүп келаткан сериалдарды жана пайдалуу кеңештерди, телеканалдардын программаларын, жарыяларды тартуулады.

XS
SM
MD
LG