Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

АПТА ОКУЯСЫ: ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИНКИ БЕШИНЧИ ШААР БАШЧЫ


Бишкек шаардык кеңеши президент сунуш кылган шаар башчысын 17-июлда шайлап берди. Башка кызматка которулган мурдагы мэр Данияр Үсөновдун ордуна эми темир жолчу Нариман Түлеев келди. Президенттин кадрдык бул которуштуруусу коомдук-саясий чөйрөнүн талкуусуна арзыган апта ичиндеги башкы окуя болуп калды.

Буга чейин ишкер жана чарбалык жетекчи катары таанылып келген Нариман Түлеевди колдоп 43 депутат добуш берди. Президент Курманбек Бакиев сунуш кылган жаңы талапкерди шаардык кеңештин бейшемби күнкү сессиясында депутаттарга президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов тааныштырды:

- Мамлекетибиздин башчысы эмне үчүн Түлеев Нариман Ташболотовичтин талапкердигине токтолду? Акыркы иш орду (“Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасы-авт.) чоң роль ойноду. Кандай проблемалуу жер экенин экендигин, азыр кандай болуп калгандыгын билесиздер. Андагы өзгөрүүлөр өлкөнүн бардык жашоочуларына белгилүү. Ошон үчүн Курманбек Салиевич Бакиев Түлеевди тандап, мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Түлеевди билгендер чындыгында эле анын чарбакердигине басым жасап, “Кыргыз темир жолундагы” “итке минген” абал жакшырып калгандыгын белгилешүүдө. Жаңы мэр өзү деле шайлангандан кийин шаар кеңешинин депутаттары алдында сүйлөгөн сөзүндө ишке дымагы күч экенин билдирүү аракетин жасады:

- Англиялык шаарлардын биринде бир ырым бар. Мэрди шайлаганда, анан кызматтан кеткенде салмагын ченешет. Эгер мэр арыктаса, эл аны жакшы иштеди деп санайт. “Темир жолдо” иштеген эки жарым жылда мен төрт килограммга арыктадым. Ошондуктан, мен бүгүн сөзсүз таразага түшөм. Анан кызматтан кетип атканда дагы бир жолу салмагымды текшерем.

Анткен менен Швейцария мамлекетинен баш паанек алып кеткен кыргызстандык журналист Кайрат Биримкулов, Нариман Түлеевди Кыргызстандагы коррупцияга аралашкан адамдардын бири деп санайт. Мындай оюн ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Эгер Кыргызстан укуктк мамлекет болсо айрым чиновниктер жана депутаттар коррупциялык иштери үчүн бийлик башында эмес, сурак алдында болушмак. Бул көрүнүш Кыргызстанда бийлик системасы толугу менен чирип бүткөндүгүн көрсөтүп жатат.

Кайрат Биримкуловдун айтымында, ал ишканадагы коррупциялык аракеттер, Түлеевдин 24-март ыңкылабында “ак шапкечендер” командасын уюштургандардын бири болгондугу тууралуу жүргүзгөн иликтөөлөрү үчүн куугунтукка кабылган.
Түлеевдин “ак шапкечендерге” тиешеси бар экендиги жөнүндөгү божомол март ыңкылабынан бери эле ооздон-оозго айтылып келатат. Шаардын жаңы мэри тууралуу көз карашын айтып жатып бул маселеге коомдук жана саясий ишмер Топчубек Тургуналиев да кайрыла кетти:

- Курманбек Бакиевдин кадр саясаты эки бутунан тең аксап турат. Учурда анын командасы жок. Ал эми Нариман Түлеев 2005- жылы марттагы ыңкылапта революционерлерге каршы “ак шапкечендерди” уюштургандардын бири болгон. Учурда ыңкылапка каршы тургандардын көбү- акаевчилер кайрадан эле бийликке келип калышты. Анын ичинде Түлеев мырза да бар. Нариман Түлеевдин кыйратып иштеп жиберген эмгегин эч ким билбейт.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдырасулова бул маселе баш прокуратурага чейин жетип, андан кийин ың-жыңсыз калганын айтат:

- Мисалы, менин колумда бүгүнкү күнгө чейин түшүнүк каттар бар, “ак шапкечендерди” алып келген адам катары, аларды Бишкек-2деги вагондорго (Бишкек станциясында) жаткырып турганы жөнүндө жазылган каттар бар. Ал каттарды ошол кездеги баш прокурор Бекназаровго да жөнөткөнбүз. Бекназаров бул туура экен деп, кандайдыр бир иштерди дагы алып барган. Анан ошол бойдон жоопко деле тартылган жок. Жыйынтыктары деле билинбей калды. Бекназаров жумуштан кетти. Башкалар келди. Ал иш билинбей калды. Нариман Түлеев жетекчилик кызматтарга кетти. Мен эми түшүнбөйм. Адам катары ойлонуп калам, “ак шапкечендерге” тиешеси бар дегендердин жетекчи кызматтарга кеткендерине караганда, “ак шапкечендерди” ошол кездеги революционерлер өздөрү уюштурган окшойт деген да ой кетет.

Ыңкылаптан кийинки мезгилдери “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасына жетекчи болгон, кесиби боюнча инженер-куруучу Нариман Түлеевге кезинде темир жолчулардын кесиптик кошууну караманча каршы туруп, алып-саткандан башканы билбеген адам тармакты талкалайт деп, өзүн өрттөөгө бел байлагандар да чыккан. Чубактын кунундай чубалган бул чатакты бир катар укук коргоочулар арачы түшүп атып тынчытышкан.

Кандай өңүттөн алган учурда да укук коргоочу Азиза Абдырасулова Бишкек шаар башчылыгына келген Нариман Тулеев мурдагы шаар башчысы Данияр Үсөновго караганда элге жакыныраак болот го деп үмүттөнөт:

- Экөөнүн окшоштугу – экөө тең бай, бизнесмен. Экономиканы жакшы түшүнөт деп деле айта албайм. Бирок акча жасаганды билген адамдар. Айырмачылык жактары: Данияр Үсөнов - авторитар, өзүнүн гана оюндагыны жасаган, башканын айтканын укпаган адам. Нариман Түлеев болсо акыркы кездери темир жолчулар менен тил табышып иштешип, эми иштей баштаганда мэрияга кетти деп ызалангандарына караганда, ал жамаат менен иштеше билет жана башкалардын сөзүн угуп, ошолордон бир жыйынтык чыгара билет деген үмүтүм турат.

Ошентип, Бишкек шаар башчысы март ыңкылабынан кийин бийликке келген президент Курманбек Бакиевдин учурунда бешинчи ирет алмашып отурат. Бишкек шаар кеңешинин депутаты, мурдагы төрайым Нуржамал Байболова шаар башчысын байма-бай алмаштыруу пайда алып келерине ишенбейт:

- Шаар башчысынын момунтип бат-бат алмашып турушу шаарга жакшылык деле алып келбейт. Дайындалуунун ар кыл себептери бар экени ырас. Кызматтан каалаганын алуу, дайындоо, албетте, президенттин конституциялык укугу. Бирок, ал шаар жашоосуна алып келген пайда-зыянын көрүп атпайбызбы. Ошондуктан, азыркы мэр чарбачыл адам катары көбүрөөк иштеп, шаарга көбүрөөк пайдасын алып келет болуш керек деп ойлоп атам.

Нуржамал Байболова мурдагы мэрдин мыйзам бузууларын оңдоону жаңы мэрден талап кылган депутаттардын алгачкыларынан болду. Башкача айтканда, Байболова жаңы мэрге дароо Жарандык Кодекс менен Жер кодексине каршы чыгарган Данияр Үсөновдун бир нече токтомун жокко чыгарууну, шаардын бюджетинен 500 миллион сом уурдалгандыгы тууралуу маалыматты аныктоону сунуштады. Мурдагы мэр кезинде бул каражаттын жоголушуна шаар кеңешинин оппозициялык маанайдагы мурдагы төрайымынын тиешеси бар деп чыккан.

Шаар башчылыктан Кыргызстанды өнүктүрүү фондуна которулган Данияр Үсөнов үч жылдан ашык убакыттан бери президент Курманбек Бакиевдин командасындагы ишенимдүү кадрлардын катарында саналып келген. Ал март ыңкылабынан кийин дароо Аскар Акаевдин мүлкүн териштирүү боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп, вице-премьер министр болуп иштеп турду. Биринчи вицеликке парламенттен колдоо таппай калган кыргызстандагы эң бай ишкерлердин бири Үсөновду президент Курманбек Бакиев бир аз убакыттан кийин эле шаар башчылыгына алып келди. Президенттик шайлоонун алдында Данияр Үсөнов шаарда митинг өткөрүүгө тыюу салып, ал аркылуу Курманбек Бакиевдин камчысын батыл чаап бергени коомчулукта кенен-кесири айтылып жүрөт.

Ошондой болсо да Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров кызматтан кеткенден кийин Данияр Үсөнов менен президенттин ортосунда карамышык ойноп кеткенин, кийинки кадам аны кызматтан четтетүү менен аяктаарын байкоочулар буга чейин көп айтып келишкен. Саясат таануучу Табылды Акеров шаар мэрин алмаштыруунун себептери тууралуу мындай жоромолдоду:

- Мурдатан Адахан Мадумаров менен Данияр Үсөновдун саясий ымалалары бар эле. Президент Германияда ооруп жатканда да коомчулукка кийинки президент Адахан Мадумаров болот экен, Данияр Үсөнов экөө тандем болуп атыптыр деген сөздөр тарап кетти эле да. Эми азыр саясий абал өзгөргөндөн кийин Мадумаров өз позициясын элге билдире элек. Бирок ошондой болсо да кооптонуу болуп, Адахан Мадумаровдун тегерегине да кандайдыр бир саясатчылар чогулуп жатат деген сөздөр айтылып аткандыктан, Данияр Үсөновду дагы жылдыруу жөнүндөгү идея келип чыкты да. Мадумаров спикердиктен кеткенден кийин эле кезек Үсөновдуку деген сөз акүйдөн чыга баштаган. Мына ошол сөз ишке ашты. Бирок Үсөновду Мадумаровдой катуу эмес, жеңилирээк, акырындык менен четтетүү болуп атат.

Талдоочунун пикиринде Нариман Түлеевдин талапкердиги деле салмакталып туруп чечилди:

- Ойлонуштурулуп жасалды да. Себеби 2010-жылы президенттик шайлоолор болот. Нариман Түлеев темир жолдо анча-мынча болсо да жаңылык киргизди. Эми шаарда да кандайдыр бир жаңылыктарды киргизсе, бийлик бир аз болсо да жоголуп бараткан кадыр-баркын кайрып алат Элдин көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн Нариман Түлеевдин талапкердигине токтолду десе туура болчудай.

Президенттин сунушун колдогон Бишкек шаар кеңешинин токтомунун негизинде президент Курманбек Бакиев 18-июлдагы жардыгы менен Нариман Түлеевди бекитти. Байкоочулардын кыйласы мындай дайындоону президенттик шайлоону утурлаган президенттин жүрүштөрүнүн бири катары баалашууда.

Сүрөт "www.foto.kg" интернет сайтынан алынды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG