Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Сегизбаев абактан бийликке кайрылды


Абдил Сегизбаев президенттикке талапкерлердин дебаты учурунда. Декабрь, 2020-жыл.
Абдил Сегизбаев президенттикке талапкерлердин дебаты учурунда. Декабрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы жетекчиси, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон, учурда тергөө абагында жаткан Абдил Сегизбаев 6-февралда бийликке кайрылуу жасады.

Ал өзүнүн шайлоо штабында иштеген адамдарды атайын кызматтын суракка алганын "негизсиз" деп эсептейт. Сегизбаев өз кайрылуусун социалдык баракчалары аркылуу таратып, штабында иштегендер шайлоо мыйзамдарына ылайык аракеттенишкенин билдирген.


"Мен бийликке кайрылам: эгер мени кылмышка айыптап жаткан болсоңор, ага менин шайлоо штабымда иштеген адамдардын кандай тиешеси бар? Алар өздөрүнө жүктөлгөн ишти мыйзамдын алкагында аткарышты. Эгер кандайдыр бир сурооңор болсо мага кайрылгыла, катардагы кызматкерлердин эч кандай күнөөсү жок", - деп жазылган кайрылууда.

Сегизбаев ошондой эле бийликтин дарегине сын айтканы үчүн "куугунтук улантылып жатат" деп эсептээрин кошумчалаган.

УКМК Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованы, Кутман Мукашевди, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны суракка алган. Алар "Фейсбуктагы" билдирүүсү үчүн суралып жатышканы кабарланган.

2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болгон Абдил Сегизбаев быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан. Ал жараянга катышкан шайлоочулардын 1.46% добушун алып, 17 талапкердин ичинен 5-орунду ээледи.

Сегизбаев үгүт учурунда мамлекеттик телеканал уюштурган дебатта Садыр Жапаровду кескин сындап, аны элдик ыңкылаптан кийин Беларуска качкан "мурдагы президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар" деп эсептей турганын айткан.

Сегизбаев 22-январда журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүп, бийлик аны камакка алуу аракетин көрүп жатканын айтып, шайлоодогу дебатта Садыр Жапаровго ачык каршы чыкканы үчүн “саясий өч алуу болуп жатат” деп баса белгилеген.

Жапаров шайлоого өзү менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. Ошондой эле ал сөз эркиндигин коргоого убада берген.

26-январда Сегизбаев “Белизгейт” чыры боюнча кармалып, эки айга тергөө абагына камалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG