Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Сегизбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна кайрылды


Кантемир Турдалиев, адвокат.
Кантемир Турдалиев, адвокат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, камактагы Абдил Сегизбаевге чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы анын адвокаты Кантемир Турдалиев Бишкек шаардык сотуна 28-январда арыз берди. Кантемир Турдалиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, сот чечимди иштин бардык жагдайларын эске албай туруп чыгарган.

Биринчи май райондук соту Абдил Сегизбаевди 25-мартка чейин камакта калтыруу, тергөө бүткүчө атайын кызматтын тергөө абагында кармоо тууралуу 27-январда чечим чыгарган. 25-январда кармалган Сегизбаев ага чейин Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакта отурган.

Башкы прокуратуранын 25-январда тараткан маалыматына караганда Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде Сегизбаевге карата сотко чейинки териштирүү 14-январда башталган. Көзөмөл органы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Алмамбек Шыкмаматовго, Аида Саляновага жана Өмүрбек Текебаевге атайылап күнөө коюу, атын булгоо багытында мыйзамсыз аракеттенүү фактысын белгилеген. Буга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана башка жарандардын мурдагы кайрылуусу негиз болгон.

Бул «Белгизгейт ишине» тиешелүү экенин ишенимдүү булактар кабарлаган.

Абдил Сегизбаевдин тарапташтары анын камалышын азыркы бийликтин саясий куугунтугу катары баалап жатышат. Сегизбаев Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде УКМКнын төрагасы болуп турган. 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG