Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Кыргызстанга «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» долбоорун талкуулоо сунуш кылынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» программасынын долбоорун талкуулоо сунуш кылынды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 28-январда министр Руслан Казакбаев Бишкекке иш сапары менен келген Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин (ТМКК) баш катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Анда Амреев жогорудагы документ менен катар «Түрк кеңешинин 2020-2025-жылдарга карата стратегиясын да тартуулап, алар уюмдун келерки жыйырма жылга карата өнүгүүсүнүн «жол картасы» болуп каларын белгиледи.

Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы түзүлгөн. Уюмда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия бар.

2018-жылы уюмдун кезектеги саммити Кыргызстанда өткөн. Расмий Бишкек бул жыйынды 2016-жылы өткөрүүнү болжосо да, эки жыл бою өткөрбөй келген. Мунун расмий себеби түшүндүрүлгөн эмес. Бирок саммиттин эки жыл бою өтпөй калышын байкоочулар Кыргызстандын бул уюм ичиндеги мурдагы айрым өнөктөштөр менен мамилесинин бузулушуна байланыштырышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG