Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

COVID-19: 180 бейтаптын абалы оор, бир бейтап каза болду


Коронавирусту текшерүү лабораториясы.
Коронавирусту текшерүү лабораториясы.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан бир адам каза болду. 74 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1409 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 80 643 адам болду.

Стационарда 600 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 180 адам оор абалда, 23 киши өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 792 адам бар.

29-январда бир медицина кызматкерине коронавирус жуккан.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4171 киши болду, алардын ичинен 4087и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG