Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Түркия Кыргызстанга 5000 ПЧР тест берди


Түркиядан Кыргызстанга гумжардам катары берилген медициналык жабдуулар. "Манас" аба майданы. Июль, 2020-жыл.
Түркиядан Кыргызстанга гумжардам катары берилген медициналык жабдуулар. "Манас" аба майданы. Июль, 2020-жыл.

Түркиянын саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 5000 даана ПЧР тестин гуманитардык жардам катары берди. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапарында жүргөн учурунда маалым кылды. Сапар учурунда министр Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Халил Элдемир жана түрк улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан менен жолугушту.

Алымкадыр Бейшеналиев Түркия бийлигине былтыр коронавирус менен күрөшүүдө берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасын толук ишке киргизүү үчүн эки тараптуу келишимди эртерээк ратификациялоо зарылчылыгы айтылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 992 адамды түздү. Анын 81 542си сакайган. Бир күндө 98 адам ооруканалардан айыгып чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG