Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Түркияда коронавирус жуккандар кескин көбөйдү


Стамбулдун көчөлөрүнүн бири. Сентябрь, 2020-жыл.
Стамбулдун көчөлөрүнүн бири. Сентябрь, 2020-жыл.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 25-ноябрдагы басма сөз жыйынында бир суткада өлкөдө 28 миңден ашык кишиден коронавирус табылганын жана бир күндө 168 киши көз жумганын кабарлады.

Министр Кожа Стамбул, Бурса жана Измир баштаган ири шаарларда бейтаптардын көбүнөн ооруканалардын кайра жандандыруу бөлүмдөрү толуп калганын билдирди.

Түркияда 20-октябрдан баштап коронавируска байланыштуу чектөөлөр кайрадан киргизилип, дем алыш күндөрү кечки саат сегизден эртең мененки саат 10го чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Түркиянын бардык аймактарында ресторан-кафелерден тамактанууга болбойт. Сентябрда ачылган мектептер жана жогорку окуу жайлары жаңы жылга чейин аралыктан билим алууга өттү.

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ошол кезде өлкөдө ресторан, соода борборлору, коомдук жайлар жана мектептер жабылган. 1-июнда чектөөлөр алынып, жарандарга беткап тагуу милдеттендирилген.

Расмий маалыматтар боюнча 25-ноябрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 12840 кишиге жетти. Вирусту жугузуп алгандар 467 миңден ашып, алардын 385 миңге жакыны айыккан.

Түркия Кыргызстан менен аба каттамдарын 7-августта калыбына келтирген. Бул өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. (ElB)

XS
SM
MD
LG