Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Азери аскерлери Калбажарга кирди


Калбажар районундагы азербайжандык аскердик автоунаа, 25-ноябрь, 2020-жыл. Булак: Азербайжандын Коргоо министрлиги.
Калбажар районундагы азербайжандык аскердик автоунаа, 25-ноябрь, 2020-жыл. Булак: Азербайжандын Коргоо министрлиги.

Азери күчтөрү Тоолуу Карабак менен Армениянын ортосундагы Калбажар районуна киришти. Ушуну менен Карабактагы кармашты токтотууну көздөгөн тынчтык келишиминин алкагында экинчи район Бакунун көзөмөлүнө өттү.

Азербайжандын күчтөрү жана аскердик техникалары Калбажар районуна шаршемби күнү киришти.

Тоолуу Карабак менен Армениянын ортосундагы бул район 1990-жылдардын башындагы согуштан бери армян тараптын көзөмөлүндө болуп келген.

Жарым ай мурда Орусия, Армения жана Азербайжандын жетекчилери кол койгон тынчтык келишимине ылайык, Баку Калбажарды 15-ноябрда өткөрүп алмак. Бирок бул жараян гуманитардык себептерден улам кийинкиге калганы кабарланган.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, азери күчтөрү районго келер алдында жолдор минадан тазаланып, аскердик бөлүктөрдүн жайгашуусу үчүн даярдык көрүлдү.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Калбажар району тынч өткөрүлүп берилгенин билдирди. Анын айтымында, орус бейпилдик күчтөрү аймакта болжолдуу чыр-чатактардын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик менен жакындан иш алып барып жатат.

25-ноябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Калбажар районун кайра калыбына келтирүүгө убада берди.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, 25-ноябрь 2020-жыл.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, 25-ноябрь 2020-жыл.

"Биз жаратманбыз. Биз бул шаарларды, райондорду жандандырабыз. Бул райондорду калыбына келтирүү боюнча чоң пландарыбыз бар. Алар ишке киргизилип, инфраструктуралык долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат. Шуша шаарына жаңы жолдун курулушу башталды", - деди Алиев.

Армян тарап 44 күнгө созулган соңку уруштан кийин Тоолуу Карабакты курчаган Агдам, Калбажар жана Лачинди кошуна өлкөгө өткөрүп берүүгө макул болгон. Москванын арачылыгы менен кол коюлган бул келишим 10-ноябрда күчүнө кирген.

Азери аскерлери Агдамга 20-ноябрда киришкен, Лачин 1-декабрда өткөрүлмөкчү. Келишимдин шарттарынын бирине ылайык, Орусиянын 2 миң аскери аймакка жайгаштырылган.

Калбажардагы жаңы чекти кайтарган этникалык армян күчтөрү, 25-ноябрь 2020-жыл.
Калбажардагы жаңы чекти кайтарган этникалык армян күчтөрү, 25-ноябрь 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин тынчтык келишиминин аткарылышын 24-ноябрда Азербайжандын лидери Илхам Алиев жана армян премьер-министри Никол Пашинян менен өз-өзүнчө телефондон талкуулады.

Кремлдин басма сөз кызматы жетекчилер Тоолуу Карабак элине гуманитардык жардам берүү, экономикалык маселелерди, транспорт байланышын калыбына келтирүүнү талкуулашканын маалымдады. Дем алыш күндөрү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен тышкы иштер министри Сергей Лавров Баку менен Ереванда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кеткен.

25-ноябрда орусиялык ТАСС агенттиги армян премьер-министри Никол Пашинян менен маегин жарыялады. Анда Пашинян учурда Тоолуу Карабакта коопсуздукту камсыз кылууга негизги артыкчылык берилип жатканын белгиледи.

Армян премьер-министри Никол Пашинян, Ереван, 24-ноябрь 2020-жыл.
Армян премьер-министри Никол Пашинян, Ереван, 24-ноябрь 2020-жыл.

"Азыр Тоолуу Карабактын тургундарынын кайтып келиши боюнча бир топ маселелер алдыбызда турат. Тоолуу Карабактын жарандарын жана турак жайынан айрылган адамдарды айрым социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу керек. Армениядагы социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу зарыл", - деди Пашинян.

Шейшемби күнү орус президенти Путин менен түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган да телефондон сүйлөшкөнү белгилүү болду. Эрдоган Путин менен байланышканын шаршембиде ырастады жана эки өлкө Тоолуу Карабактагы ок атышпоо келишиминин аткарылышын камсыз кылуу үчүн бул макулдашууга башка регионалдык өлкөлөрдү да кошуу жөнүндө сөз кылышканын билдирди.

11-ноябрда Түркия менен Орусиянын жетекчилиги меморандумга кол коюп, Тоолуу Карабактагы коопсуздукту көзөмөлдөө максатында аймакта атайын байкоо жүргүзүү борборун негиздөөнү чечишкен. 17-ноябрда Түрк парламенти түркиялык аскердик байкоочуларды Азербайжанга жөнөтүү тууралуу документти жактырган.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабактагы соңку кармаш 27-сентябрда башталган. Ал үчүн эки өлкө бири-бирин айыптап келишкен. Дээрлик бир жарым айдын ичинде эки тараптан тең миңдеген аскерлер жана жайкын тургундар мерт болгону кабарланууда. Бирок курмандыктардын так саны ачык айтыла элек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG