Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Осмоналиев: Уул-кыздарыбызды 9-класстан кийин тарттырып жиберүүдөбүз


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешмеде Кыргызстанда ар бир жаранды мектепти 11-класска чейин окуп аяктоого милдеттендирүү жөнүндө сунуш айтылды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев 26-ноябрда кеңешменин жалпы жыйынында сүйлөп жатып мыйзамга кыргызстандыктарды орто жалпы билим алууга милдеттендирүү тууралуу тезисти киргизүү зарыл экенин айтты:

««Ага акча кайдан табылат?» деген ар кандай сөздөр боло берет. Бирок биз балдарыбызды жана кыздарыбызды 9-класстан кийин тарттырып жиберип жатабыз да, ар кандай нерселерге! Эгерде милдеттүү десек 11-классты окутуу биринчи кезекте өкмөткө милдет болот. Эң чоң милдет ата-энеде болот. 11-классты бүткөн баланын жеке көз карашы калыптанып калган болот. Ар кандай чакырыктарга туруштук бере алат».

Осмоналиев азыркы тапта Европа мамлекеттери да билим берүү системасын ушул багытта өнүктүрүүгө аракет кылып, ал эми Жапонияда жогорку билим алууну милдет катары аныктоо сунушталып жатканын белгиледи.

Кыргызстанда мектептен 9-класстан кийин кетүүгө уруксат берилет. Укук коргоочулар кийинки жылдары улан-кыздар колуна паспорт тиер замат чет өлкөлөргө, айрыкча Орусияга мигрант болуп кетип жатканын, көпчүлүгүнүн билими жетишсиз болгондуктан укуктары корголбой, түрдүү кыйынчылыктарга көп кабыларын айтып келатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG