Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Сегизбаевге иштегендер сурак берди


Мээрим Асанова, Юлия Барабина жана Нурзада Токтогулова.
Мээрим Асанова, Юлия Барабина жана Нурзада Токтогулова.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованы, Кутман Мукашевди, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны суракка алды. Алар "Фейсбуктагы" билдирүүсү үчүн суралып жатышат.

Кылмышка шектелип кармалган атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында басма сөз катчы болуп иштеген Мээрим Асанова 3-февралда үйүндө тинтүү жүргөнүн билдирди. Ал бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

“3-февралда эртең мененки саат жети жарымда үйгө топ киши келип, “эшикти ач” деп талап кылышты. Агрессивдүү маанайда коркуткан сөздөрдү айтышты. Өздөрүн тааныштырган да жок. Күйөөм эшикти ачканда алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун биздин үйдү тинтүү боюнча токтомун көрсөтүштү. Үйгө кирип келип менин, күйөөмдүн жана балдарымдын ноутбуктарын жана телефондорубузду алып кетишти”.

Асанова белгилегендей, үйүн тинтүүгө келгендер күйөөсү Кутман Мукашевди УКМКга суракка алып кетишкен. Өзүн да күбө катары суракка барышын талап кылган. Бирок үч жана беш жаштагы балдарын карарга киши жок болгондуктан үйдө калган.

Асанова штабда чогуу иштеген күйөөсү Кутман Мукашев менен кошо журналист Нурзада Токтогулова, блогер Юлия Барабина да суракка барышканын айтты:

“Бизди улуттар, диний аралык кастыкты козутуу боюнча айыптап жатышат. Бул акылга сыйбайт. Укук коргоо органдары журналисттерди жана блогерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөп, бирок илинчек таппай калганда ушул беренени пайдаланышат окшойт. Мени менен иштегендер же тааныштарым менин кандай адам экенимди айтып беришет. Бизге коюлуп жаткан айыптар акылга сыйбайт”.

Асанова күйөөсү Кутман Мукашев УКМКнын сурагында сегиз саат отурганын билдирди. 4-февралда түшкө маал ал өзү да атайын кызматтын сурагына киргени кабарланды.

Бул маалыматты УКМКдан тактоо мүмкүн болгон жок. Атайын кызматтын өкүлү бул тууралуу расмий кабар таратпаганын, азырынча эч кандай маалымат бербей турганын билдирди.

24.kg сайты сөз болуп жаткан активисттер Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыпталып жатканын жазды.

Юлия Барабина "Фейсбукта" администраторлук кылган «Правдоруб.кг» тайпасында азыркы бийликти сындаган билдирүүлөр жарыяланып турат.

Абдил Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев буларды айтты:

“Аларды азыр күбө катары чакырып жатат. Мындай учурда алар адвокаты жок суракка барышат. Кылмыш ишин иликтөө ишинде алгач күбө катары суракка барышат. Эгер кылмыштын белгилери болсо шектүү катары суралат. Кечээ мага “суракка чогуу барып бериңиз” деп телефон чалышкан. Мен бошобой калдым. Ал эми соцтармактарга жазган билдирүүлөрүн мен окугам. Ал жерде улуттар, диний аралык козутуу жок”.

Блогердин жана журналисттердин социалдык тармактардагы билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

“Саясий конъюнктура өзгөрүп кеткенде эле кайсы бир талапкердин шайлоо штабында иштеген журналисттерди куугунтуктаган туура эмес. Алардын көбү айлыкка иштеген, өзүнүн кесибин сүйгөн адистер. Бизде дайыма бийлик алмаша берип, саясий туруктуулуктун жоктугунун азабын тартып жатабыз. Мурдагы бийликтин төбөлдөрүн жазаласа да, майда адамдарга тийбеши керек да. Алар эмнени чечет? Ал эми Абдил Сегизбаев саясий “марионетка” болуп келген. Азыр деле ошондой. Бирок мен аны саясатчы катары тааныбайм. Ал мурдагы бийликтин буйруктарын эле аткарып келген”, деди журналист Шаирбек Маматокторов.

Буга чейин да бийликти, мамлекеттик башкаруунун кемчилигин сындаган активисттерди суракка алган, иш козгогон учурлар болгон. Социалдык тармактардагы билдирүүсүнө байланыштуу УКМКда суракка кирип чыккан дарыгерлердин айрымдары буга чейин айткан сөздөрүнөн баш тартып, кечирим сураган учурлар да катталган.

Жарандык активист Руслан Акматбек жаңы бийлик мурунку системадан арыла албай жатат деп сындады.

“Үч жолу күч менен бийлик алмашты. Жакырчылыктын деңгээли өсүп жатат. Бирок ошого карабай эле мурунку каталарды кайталап жатабыз. Өткөндөн сабак ала албай койдук. Бул келечектен жаман кабар берет. Мурунку бийликтей эле болуп, көйгөй менен эмес, көйгөйдү айткан менен күрөшүү уланууда. Маселе Абдил Сегизбаевде эмес, маселе кош стандарттуулукта. Тандалма күрөш болуп жатат”.

2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болгон Абдил Сегизбаев быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан. Ал жараянга катышкан элдин 1.46% добушун алып, 17 талапкердин ичинен 5-орун менен маарага келди.

Сегизбаев үгүт учурунда мамлекеттик телеканал уюштурган дебатта Садыр Жапаровду кескин сындап, аны мурдагы президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар деп эсептей турганын айткан.

Ал 22-январда журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүп, бийлик аны камакка алуу аракетин көрүп жатканын, президенттик шайлоодо талапкер болгондо дебатта Садыр Жапаровго ачык каршы чыкканы үчүн “саясий өч алуу болуп жатат” деп айткан жайы бар. Ал 26-январда “Белизгейт” чыры боюнча кармалып эки айга камакка алынган.

XS
SM
MD
LG