Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

“Медиа Полиси Институту” Сегизбаевге иштегендер бийликтин куугунтугуна кабылып жатышат деп эсептейт


Мээрим Асанова, Юлия Барабина жана Нурзада Токтогулова.
Мээрим Асанова, Юлия Барабина жана Нурзада Токтогулова.

“Медиа Полиси Институту” уюму Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабынын кызматкерлерине карата козголгон иш азыркы бийликтин оппоненти менен иштешкен адамдарга карата жасалып жаткан куугунтук деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун 5-февралда жарыяланган билдирүүсүндө айтылды.

Уюм иштин материалдары объективдүү жана ар тараптуу иликтениши зарылдыгын, кылмыш жок болсо сотко чейинки териштирүү тез арада токтотулушу керектигин белгиледи. Билдирүүдө айтылгандай, эгер суракка чакырылып жаткандардын иши сотко өтүп, өкүм чыкса, алар беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы ыктымал.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кармалып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал 10-январдагы президенттик шайлоого катышып, үгүт учурунда атаандаштарынын бири Садыр Жапаровдун дарегине көп кескин сын айткан.

Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованы, Кутман Мукашевди, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны УКМК суракка жана тинтүүгө алганын алар өзүлөрү 3-февралда кабарлашкан. Айрым маалымат булактары алар Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыпталып жатканын жазышкан.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 4-февралда парламентте сүйлөп жатып Сегизбаев ойдон чыгарылган жүйөлөр менен кармалганын белгилеген жана муну саясий куугунтуктун уландысы деп атаган.

Президент парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов ага жооп кайтарып, Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп эсептей турганын айткан жана “Чыгарылбаса, демек, алар ал жакта мыйзамдуу отурушат. Бул үчүн өлкөдө көзөмөл органы бар” деп жооп берген.

Калматовдун айтымында, мамлекет башчысы Садыр Жапаров инаугурациясынан кийин дароо президенттик аппараттын бардык кызматкерлерин, 3-февралда жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, таза иштөөгө, мурдагы бийликтердин катасын кайталабоого чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG