Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Кыйноого каршы борбордун кызматкерлери Абылгазиев менен Сегизбаевге жолугуп чыгышты


Абдил Сегизбаев жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Коллаж.
Абдил Сегизбаев жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Коллаж.

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери 2-февралда абакта жаткандар, анын ичинде экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев менен жолугуп чыкты.

Борбордун кызматкерлери андан тышкары Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таировдон, «Нават» ресторандар түйүнүнө ээлик кылган адамдардын бири Сергей Острецовдон да кабар алышты.

Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди.

«Кыйноого, ырайымсыз мамилеге жана кармоо шарттарына байланыштуу эч кимден арыз түшкөн жок. Болгону убактылуу кармоочу жайда кармалып турган эки адам боюнча маселе бар. Бирөө Тажикстандын, бирөө Казакстандын жараны. Алар соттун чечими менен тергөө изоляторуна кармалышы керек болчу. Бирок алар убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Бул Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ПЧР анализ жок болгондуктан кабыл албай жатканы менен түшүндүрүлдү. Бирок ал мыйзам бузуу катары каралат».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүү тууралуу токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган. Ал «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча да айыпталып жатат.

Абдил Сегизбаев Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча шек саналып 25-январда камалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG