"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору, башкы редактору Эрнис Балбаков кызматынан бошоду. 16-февралда тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда Балбаков иштен өз арызынын негизинде бошотулду.
"Кыргыз Туусуна" жетекчи болуп Эрнис Балбаков 2015-жылы дайындалган. Ага чейин “Фабула” гезитинин башкы редактору болуп иштеген. (RK)