Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова көз жумду


Жамал Сейдакматова
Жамал Сейдакматова

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлады. Сейдакматова 16-февралда түнкү саат үчтө көз жумган.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдүн Темир айылында туулган. 1957-жылдан тартып Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген. Киного 1958-жылдан тартып тартыла баштаган.

Актриса 1989-жылы биринчи болуп "Туңгуч" жеке театрын ачып, анын көркөм жетекчиси катары ишин уланткан.

1970-жылы ага "Кыргыз ССРинин эмгек синирген артисткасы", 1976-жылы "Кыргыз ССРинин эл артисти" наамы берилген. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты Жамал Сейдакматова 1986-жылы алган. Ал эми 2003-жылы үчүнчү даражадагы, 2019-жылы экинчи даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган.

Жамал Сейдакматова театрга 1957-жылы келип кирип, 60 жылдан ашуун өмүрүн кино жана театрга арнаган.

Ал «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Отко таазим», «Мен - Тянь-Шань», «Эрте жаздагы турналар», «Ак илбирстин тукуму», «Толкундар жээкте өлүшөт», «Курманжан датка» сыяктуу бир катар кинотасмаларда, жүздөгөн спектаклдерде ар түрдүү ролдорду жогорку чеберчиликте жараткан.

Жамал Сейдакматова менен коштошуу 17-февралда саат 10:00до Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башталат.

XS
SM
MD
LG