Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Жамал Сейдакматовадан өчпөс чыйыр калды


Жамал Сейдакматова.
Жамал Сейдакматова.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986-жыл) Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.

Кыргыздын чыгаан театр жана кино өнөрпозун акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-февралда саат 10:00до Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын астында өттү. Актрисанын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Кыргыздын эрке кызы узап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:46 0:00

Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Бексултан Жакиев:

«Мен Жамалдан үч жаш улуу элем. Мен университетте окуп жүргөндө "бир кыз киного тартылат" деген кабар келди. Баарыбыз кандай бактылуу, таланттуу кыз деп көргүбүз келди. Жамал ошондон бери кинодон, сахнадан түшпөй келди. Бир тобубуз жазган пьесаларда, кыргыз, советтик, дүйнөлүк драматургдардын сахнада коюлган чыгармаларында ойноду. Жамал өз жашоосунда демилгелүү, изденген, мыкты актриса болчу. "Туңгуч" театрын түптөдү. Кыргыз театры, кыргыз драмасы, кыргыз киносу дүркүрөп өскөн жашоодо жашады. Алардын дүркүрөп өсүшүнө салым кошту. Ошон үчүн бактылуу жашады. Жамалдай таланттуу уул-кыздар кыргыз эли барда дагы жаралат. Бирок Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат».

Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург Султан Раев:

«Маданият дүйнөнү көтөрүп турат. Ошол тармактагы жоготуу чоң жоготуу болуп эсептелет. Ар бир чыгармачыл инсан кайталангыс. Сиз Муратбек Рыскулов баштаган аксакалдарыбыздын, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева эжелерибиздин чоң театрына кетип баратасыз. Сиз ошол өмүрдү да чыгармачылыкка арнайсыз. Себеби, сиз театрсыз, чыгармачылыксыз жашай албайсыз. Сиздин өмүрүңүз театр, сиздин эстелигиңиз театр. Кош болуңуз».

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, актриса Даркүл Күйүкова менен. (Архивдик сүрөт).
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, актриса Даркүл Күйүкова менен. (Архивдик сүрөт).

Сейдакматова жаштыгында кино жана театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова ж.б. искусство чеберлери менен чогуу иштеген. Ал 1958-жылы тартылган "Алыскы тоолордо" көркөм тасмасында алгачкы ролун жаратуу менен кеңири таанылган.

Андан кийин «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ойногон.

«Кыргыз керемети» деген атак-даңк жараткан кино ишмерлери, режиссерлор Дооронбек Садырбаев, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев сыяктуу таланттар менен иштешкен. 2014-жылы тартылган “Курманжан Датка” тасмасында Курманжан датканын образын жогорку чеберчиликте ача алган.

Жамал Сейдакматова айтылуу режиссерлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов ж.б. кино ишмерлери менен.
Жамал Сейдакматова айтылуу режиссерлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов ж.б. кино ишмерлери менен.

Токтогул сыйлыгынын лауреаты, кинорежиссер Садык Шер-Нияз:

«Ал байлыкка азгырылган жок. Кыргызга бакыт арнады. Ошон үчүн анын жолу бийик. Мен дагы Жамал эженин шакиртимин. Маданиятта жүргөн жаштар силердин жолуңар кыйын. Анткени маданияттын жолу кыйын, таштак болуп турат. Ошондо кыйналып, маданияттан кечип кетерде Жамал эжени эстегиле. Жамал эженин баскан жолу силерге маяк болуп берсин. Жүз жылдык болобу, миң жылдык болобу шакирттеринин ар бир ролунда, ар бир интонациясында, ар бир ролунда Жамал эже кайталанып турат. Ошон үчүн Жамал эже өлбөйт».

Маданият министри Кайрат Иманалиев:

«Сиз кыргыз маданияты үчүн нар көтөргүс эмгек кылдыңыз. Сиздин алтын үнүңүз алтын фонддо калат. Элге жактыңыз, эми жерге жагыңыз. Кайыр кош, кыргыз элинин каныкеси».

Актрисанын басып өткөн жолу, чыгармачыл чыйыры тууралуу театр, кино тармагында бирге иштешкен замандаштарынын эскерүүсү.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков Жамал Сейдакматова менен чоң сахнаны аттагандан бери бирге иштешип келгенин айтты.

Кийин актриса алгачкылардан болуп "Туңгуч" менчик театрын негиздегенде аны менен чогуу иштешип калганына токтолду.

Асылбек Өзүбеков.
Асылбек Өзүбеков.

«Жамал Сейдакматованын өжөрлүгү менен биз көп ийгиликтерге жетиштик. Көркөм фильмдерди тарттык, теледолбоорлорду жасадык, спектаклдерди койдук. Дүйнөлүк аренадагы фестивалдарга катышып, Германия, Колумбия баш болгон өлкөлөрдү кыдырдык. Мунун баары анын талыкпаган эмгеги, мыкты уюштуруучулук талантынын аркасы менен болду. Көзүнүн тирүүсүндө сый көрүп, бааланып калганына ичим жылыйт. Тирүүсүндө бааланганы – өнөр адамы үчүн зор бакыт да».

Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров кинодо болобу, театрда болобу актриса өзүнүн көңүлү каалаган ролдорун ойноп жетишти деп эсептейт.

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

«Жамал Сейдакматова Кыргызстандагы менчик театрды негиздегендердин сап башында турган адам. Ал түптөгөн “Тунгуч” театры азыр да өз ишин улантып жатат. Менимче ал өнөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн так, толук колдоно алды. Өзү өтсө да артында аны унуттурбай турган эмгектерин калтырып кетти. Шакирттерди да тарбиялады. Ал татыктуу жана өрнөктүү өмүр сүрдү».

Эл артисти Эгемберди Чалабаев актрисанын кийинки шакирттеринин дараметин баяндады.

«​Кино, театр дүйнөсүндөгү көрөгөч адам эле. Театр өзү бир алсырап, бир жанданып турган дүйнө тура. Мурдагы актёрлор менен азыркы актёрлордун талабынын айырмачылыгы болот экен. Жамал эже шакирт тарбиялоодо да жан үрөп иштеди. Бирок кийинки шакирттеринен Асылбек Өзүбеков, Каныбек Бекбатыров, Мурат Мамбетов сыяктуу актёрлор чыкпай калды. Бул эми эженин өзү менен кеткен бир арманы болду го деп ойлойм»​.

Режиссёр Айбек Дайырбек уулу Жамал Сейдакматова жаңы замандын талабын кабыл ала билген талант эле деп эскерет.

«Менин өзүмдүн “Жамгырдагы үчөө” аттуу дипломдук кыска метраждуу көркөм тасмамды тартарда Жамал эжени чакырып, өтүндүм эле. Барардын астында баласынтып коёбу деп аябай чочулагам. Сценарийимди окуп көрүп, сунушума макул болуп, иштешип калдык. Ал абдан жоопкерчиликтүү, кылдат инсан эле. Жаштарга акыл-насаатын айтып, тажрыйбасы менен бөлүштү. “Дарак ыры" тасмасын тартканымда да анын шакирттери биз менен бирге иштеди»​.

Сейдакматованын келини актриса Асел Чоткараева кайненесинин адамдык сапатын, мүнөзүн белгиледи.

«​Башкалар көзү өткөндө макташат деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен апамды көзү тирүүсүндө эле мактачумун. Абдан мыкты адам эле. Бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, ушунчалык жумшак мүнөзү бар болчу. Жумушта тартипти талап кылган жетекчи болсо, үйдө мээримдүү эне болду. Өмүрүнүн аягына чейин балдарым деп камкор болуп өттү»​.

Жамал Сейдакматованын 2016-жылы "Азаттык" радиосуна курган маеги.

Жамал Сейдакматованын сыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:59 0:00

Сахнага арналган өмүр

Кыргыз кино жана театр өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон Жамал Сейдакматова 16-февралда түнкү саат үчтө үзүлдү. Ал 1939-жылы Ысык-Көлдө туулган.

1970-жылы ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы, 1976-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты Жамал Сейдакматова 1986-жылы алган. Ал эми 2003-жылы үчүнчү даражадагы, 2019-жылы экинчи даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган.

Жамал Сейдакматова театрга 1957-жылы келип кирип, 60 жылдан ашуун өмүрүн кино жана театрга арнаган.

Ал «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Отко таазим», «Мен - Тянь-Шань», «Эрте жаздагы турналар», «Ак илбирстин тукуму», «Толкундар жээкте өлүшөт», «Курманжан датка» сыяктуу бир катар кинотасмаларда, жүздөгөн спектаклдерде ар түрдүү ролдорду жогорку чеберчиликте жараткан.

Актриса 1989-жылы биринчи болуп "Туңгуч" жеке театрын ачып, анын көркөм жетекчиси катары ишин уланткан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG