Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Жашоонун образы - Жамал


“Уркуя”, “Улан”, Кожожаш тууралуу “Ак илбирстин тукуму” жана башка жыйырмага чукул кинотасмаларда, Кыргыз драма теарынын жана "Тунгучтун" сахнасында жүздөн ашуун ар түрдүү образдарды жараткан белгилүү актриса Жамал Сейдакматова 70 жашка толуп отурат.

Бишкек мериясына колтукташ жайгашкан “Туңгуч” жаштар театрына барганыбызда Жамал эже чыгармачылык кечесине даярданып жатыптыр. Өмүр шериги Садыр агай болсо "Тунгуч" уюшулгандыгынын 20 жылдыгына карата чыгарылган китепти барактап отуруптур.

Бул театрга былтыр 20 жыл толуп, бирок ар кандай себептер менен белгиленбей калган. Ошол себептен Жамал Сейдакматованын 70 жылдыгы менен кошо театрдын 20 жылдыгы дагы 24-ноябрда Улуттук филармонияда белгиленди.

Ошентип театрда айтылуу актрисанын гримденүүчү бөлмөсүндө кенен отуруп баарлашканыбызда, ал жакшы көргөн эки куплет ыр окуп берүү менен кебин баштады.

-Дайыма алдыга умтулуп,
Издөөнүн жолунан кетпедим,
Бир далай кырларга чыксам да,
Эң бийик чокуга жетпедим.

Умтулсам жүрөгүм жагылып,
Кулаймын кум менен агылып.
Жетпесем жетпесмин, а бирок
Өтөөрмүн чокуну сагынып.



- Бул сөз күчү сизди улам бийиктикке, алдыга шыктандарып турса керек. Жамал эже, деги сизди театрсыз элестетүү мүмкүнбү?

- Мен мындан башка турмушта жайшай албайт болчумун. Мен бул турмушка бир кезде сүнгүп кирип кеткем. Мына ошондон кийин чыга албай калдым. Жашоомду театр аркылуу, кино аркылуу көрүп калгам. Эмгек өргүүсүнө чыгып, бир жума эс алууда жүрүп калсам чыдабай кетем. Эки күн дем алыш болсо дагы чыдабай кетем театрга баргым келип. Менин жашоомду театрсыз элестетүү мүмкүн эмес. Эл бизди “театрдагылар фанатик” деп коюшат. Мындайча айтканда негизинен өнөр адамдары чыгармачылыкка сугарылып, кайра-кайра издеңгиси, кайра-кайра театрга баргысы келе берет. Кээ бир адамдар чыгармачылык менен атак-даңк алам, байыйм деп келсе, узакка чыдабай сыртка сүрүлүп калышат.

Жамал Сейдакматованы жакындан билген адамдар аны талыкпаган эмгекчил, аракетчил, айтканынан кайтпаган “көк” мүнөзүн айтып, “эгерде актриса болбосо, Жамалдан мыкты кызылчачы же мугалим, мыкты дарыгер чыкмак”, - деп калышат.

- Менин өжөрлүгүм ушул чыгармачылыкка аралашкандан баштап болду окшойт. Бир жолу Сабира Күмүшалиева эже ыраматылык, айтты эле “сен синийсиң, синийсиң” деп. Көрсө мени айтканынан кайтпаган “көксүң” деген тура, кайран киши. Негизинен мен алдыма койгон максатка жетмейинче талыкпай издене берем.

Эл актрисасы эл менен кошо өнөр адамдарынын жашоосу деле эптеп өтүп жатканына кудайга шүгүр дейт.

- Азыр мына өнөр адамдарынын жашоосу абдан оор. Тетарда иштеген, кинодо иштеген таланттуу адамдардын хан сарайлары жок. Эптеп эл сыяктуу жашоосун кечирип жатат. Бирок алардын руханий дүйнөсү бай.


Жамал Сейдакматованын аткаруусундагы "Курбуларга" аттуу ыр




Жамал Сейдакматова 1938-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

1957-жылы Улуттук кыргыз драма театрына кызматка алынып, чыгармачылык чыйырын баштайт. Алгач 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” деген кино тасмада Зиягүлдүн ролун аткарып, кино өнөрүндө тушоосу кесилет.

Ал “Уркуя”, “Улан”, “Ак илбирстин тукуму”, "Караш-караш”, “Тянь-Шандын кызы”, “Алтын күз”, “Эрте жаздагы турналар” жана башка ондогон кинолордо ар түрдүү кейипкерлердин бейнелерин мыкты жарата алды.

Кыргыз драма театрында болсо Каныкей баш болгон каармандардан тартып, жүзгө чукул спектаклде ар түрдүү ролдорду ойноду.

1990-жылы он чакты чыгармачыл адамдан топ кыргыз драма театрынан бөлүнүп, алгачкы жолу жеке менчик “Тунгуч” жаштар театрын түптөйт. Мына ошондон бери Жамал Сейдакматова аталган театрды жетектеп, жаш актерлерду тарбиялап келет.

Бул жылдар аралыгында “Тунгуч” театры Иран, Түркия, Орусия, Өзбекстан, Казакстанда өз өнөрлөрүн тартуулап, бир катар эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга татыган. Ал жакында “Тагдырдын өгөй балдары” аттуу кино тасманы тартып, көрүүчүлөргө тартуулады.

Кыргыз эл артисти, Токтогул сыйлыгынын ээси Жамал Сейдакматованын 70 жылдык мааракеси Улуттук филармонияда 24-ноябрда белгиленип, салтанатка өкмөт мүчөлөрү, Бишкек шаар башчысы, актрисанын күйөрмандары катышты.
XS
SM
MD
LG