Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Камат кыргыз-казакка таанымал талант болчу


Маркум Камат Касенов.
Маркум Камат Касенов.

43 жашында күтүүсүз каза болгон таланттуу режиссер Камат Касенов тууралуу кесиптештеринин, замандаштарынын эскерүүсү.

Камат Касенов чыгармачылык дарамети ашып-ташып турган кезде капилет ажал тооруп кете берди.

Ал өмүрүнүн соңку жылдары Казакстандын Жамбыл облусундагы орус драма театрынын көркөм жетекчи болуп эмгектенип жаткан.

Аны менен 2000-жылдары чогуу окуган группалашы, төкмө акын Максат Кулуев маркумду мындайча эскерди:

“Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театрынын алдындагы окуу жайды бүтүрүп келген, тажрыйбасы бар, көрөңгөсү мол жигит эле. Кээде агай-эжелер шартка байланыштуу келбей калганда Камат Касенов демилгени колго алып сабак өтүп, мугалимдик шыгын да көрсөтүп жиберчү. Музыкалык билими өтө күчтүү болчу, гитаранын коштоосунда театрга ылайыктуу обондорду жаратты. Кыргыз, казак, орус тилдерин мыкты билчү. Чыңгыз Айтматовдун “Фудзиямадагы кадыр түн” чыгармасын толук кандуу спектакль кылып койгон биздин курска. Андан кийин Мар Байжиевдин “Окуя” спектаклин койду. Ошондо да чогуу иштедик. Каматтын бир артыкчылыгы балдарга өтө жакын болуп, балдар театрын ачууга, балдар театрын түптөөдө өзгөчө бир бурулуш жасаган. Шаардын четинде Новоповловка айылына окуучулар үчүн театр ачкан. Келечекте театрды көрө турган, театрды сүйө турган элди мектеп жашынан тарбиялаш керек деген ою бар эле. Өтө жумшак, баёо, бирөөгө астейдил мамиле кылган жигит болчу".

“Чуркаган адам” же энесин издеген бала

Камат Касенов кичине чагында балдар үйүн да көрүп калган. Кесиптештери эне мээримине канбай калган өксүк аны өмүр бою коштоп өткөнүн айтышат.

Режиссёр мындан 15 жыл мурда өз калемине таандык “Чуркаган адам” деген спектаклди койгон. Анда тагдырдын сыноосу менен жалгыз калып, өмүр кечирүүгө аргасыз болгон баланын жашоосу чагылдырылат. Социалдык драманын каарманы "Эмне үчүн мени таштап кетти, кайсы күнөөм үчүн?” деген суроолорго жооп издейт.

Актер Илим Калмуратов дал ушул спектаклде роль жараткан.

"2006-жылы Тата Улан, Галина Кетова ж.б. болуп өзүнчө “Тасма театр” ачканбыз. Бет ачарында Камат Касеновдун “Чуркаган адам” спектаклин койгонбуз. Үй-бүлөдөгү көйгөй, ата менен эненин ажырашуусунан баланын тарткан азабы тууралуу социалдык драмада бала эмне болуп жетим калганын, ата-энелер өз кызыкчылыктары үчүн аны таштап кетишкенин, андан аркы тагдырын, өмүрүн, келечегин ойлошпогонун айтып отурат. Баланын ата-энеден оолак калып, коом менен тарбияланышы тууралуу баяндалат".

Актер дал ушул чыгарма Каматтын бүтүндөй өмүр баянын камтыганын айтып отурду.

"Ата-эне мээримин көрбөй, өмүрү өткөнчө көрүнгөн жерде - балдар үйүндө, тайларында, ар кайсы туугандарында түрткүнчүк болуп жүрдү. Өтө жалгыз эле. “Чуркаган адам” спектаклинде Каматтын апасынын ролун Галина Кетова аткарган. Камат Апа деген кандай болорун билгиси келип, өмүрү өткөнчө эне жытын эңсеп жашады. Акыркы ырларын өлөрүн билгендей жазган экен. Ырларында өзгөчө стиль бар, бул табияттын улуу сыры болсо керек".

Камат Касеновдун аткаруусундагы ыр.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Чынар Калыбекова Камат Касенов тагдырдын сыноосуна сынбай, аз бирок саз жашады деген пикирде.

«Бир нерсеге жетпегенсип, ошол белгисиз нерсени издеп таппай, капа болгон учурларын көп көрдүм. Бирок алдына койгон максатына карай жулунган өжөр эле. Анын балдар үйүндө тарбияланып, өскөнүн баарыбыз эле билебиз. Бирок Каматтын тарбиясы, ички маданияты ата-энеси бар кээ бир балдардыкынан бийик болчу. Режиссер Алмаз Сарлыкбеков менен кыйла иштешти. Бир учурда Алмаз Сарлыкбеков коюп кеткен Жума Куддустун “Хан оюнун” кайра сахналаштырды. Менин “Мен дагы розамын”, “Үмүт” деген драмаларымды койгон».

Режиссёрду Казакстанга кетирген турмуш

Замандаштарынын эскерүүсүндө, Камат Касеновдун бала чагынын жарымы коңшу өлкөнүн Мерке жергесинде өткөн. Жетимчиликтин айынан Камат бул аймакка келин болгон эжесинин колунда жүрүп окуган экен.​

2013-жылы жашоо-шарттын айынан кайрадан Казакстанга сапар тартат.

2014-2018-жылдары Тараз акимчилигинин аппаратында чыгармачылык тармакты жетектеп, 2015-жылы жаштардын «AZAREE» театрын негиздейт. 2018-жылдан бери Жамбыл облустук орус драма театрында көркөм жетекчи болуп эмгектенип келе жаткан.

Драматург Чынар Калыбекова Камат Касенов Казакстанга оор турмуштун айынан кетүүгө аргасыз болгонун айтты:

«Калчы, Камат, эмнеге кетип жатасың? Бул жакта эле болчу, сен бул жакка керексиң” десем, “эже, бул жакта үйүм болбосо, жашоо кыйын болуп жатпайбы, тиги жакта мага батир берди” деп жооп кайтарды. Өзүнүн жан дүйнөсүндө энесин издеп жүрдү. “Энемди издеп жүрөм” дегенде жан дүйнөм ушундай жаман болуп кетти эле...».

Камат Касенов карантин кирген учурда бир канча онлайн-долбоорлорду ишке ашырып жаткан экен. Жамбыл облустук орус драма театрынын жетекчисинин орун басары Валерия Сон режиссердун баштаган иштери бүтпөй калганын айтып берди.

«Театрыбыз орду толгус жоготууга учурады. Камат Касеновдун эмгегин баалабай коюу мүмкүн эмес. Ал биздин театр гана эмес, облусубуз, бүткүл Казакстанга таанымал профессионал режиссёр эле. Анын өз калемине таандык “Чуркаган адам” деген спектакли менен мурдагы жылы эл аралык фестивалга катышканбыз. Ушул эле спектакль 2019- жылы Бишкек шаарында да коюлган. Каза болордон бир аз мурда эки спектаклдин үстүндө иштеп, июль айында сахнада коюуну пландаштырып жаткан. Анын “Театр жана убакыт” деген долбоору бар болчу. Монологдор, пьесалар артисттердин аткаруусунда коюлчу. Казак элинин улуу ойчулу, акылманы Абайдын 175 жылдыгына арнап, биздин театрдын актёрлору менен Абайдын сөз берметтерин сахналаштырып жаткан. Ал жаштарга өзгөчө көңүл бөлөр эле».

Валерия Сон тараздык кесиптештери менен бирге Камат Касеновдун элесине арнап онлайн-фестиваль уюштуруп жатканын кошумчалады.

Маркум калтырган мурастар

Камат Касенов өзүнүн чыгармачылык жолунда 40тан ашык ар түркүн жанрдагы классикалык чыгармаларды сахналаштырган. Коомго жана инсанга карата болгон орчундуу маселелер, курч көйгөйлөргө байланышкан ар тараптуу окуяларды кылдат изилдеп, каармандарды ачуу үчүн изденген талант болгон.

  • 1997-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга кирип, аны 2000-жылы аяктаган.
  • 2000-2005-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун театр жана кино факультетинде драма режиссёру адистигин бүтүргөн.
  • 2005-2007-жылдары Ташкент шаарындагы "Илхом" Борбордук Азиянын жаш режиссёрлор лабораториясында Марк Вайлдын өнөрканасында билимин тереңдеткен.
  • 2007-2013-жылдары Касенов Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында башкы режиссёр жана Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенген.

Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма”, “Деңиз бойлоп жүгүргөн ала дөбөт”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, М. Байжиевдин “Экөө”, “Ким күнөөлүү”, Султан Раевдин “Таажы”, “Барсбек”, “Адам” М. Тойбаевдин “Манап бий”, Жаныш Кулмамбетовдун “Алай жолборсу”, Жума Куддустун “Падышанын оюну”, Уилям Шекспирдин “Гамлет”, Эдвард Олбинин “Үч узун аял” сыяктуу кыргызстандык жана чет өлкөлүк драматургдардын заманбап, классикалык чыгармаларын театрларда сахналаштырган.

Бир нече сыйлыктардын ээси жана эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү. Ошондой эле ал бир нече көркөм фильмдерди тартуу менен талантын сынап көрүп, ийгиликтерди жарата алган.

Кыргыз театр жана кино искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө салымын кошкон режиссер Камат Касенов Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Тельман айылында 1977-жылы 19-мартта туулган.

Быйыл 16-июнда 43 жашында кайтыш болду. Артында жубайы, эки уул, бир кызы, кыргыз-казак маданиятына жасаган эмгеги калды.

Таланттуу режиссердун өлүмүнүн себептери айтылган жок. Сөөгү Казакстандын Жамбыл облусундагы Мерке айылына коюлду.​

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG