Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Үйдөн чыкпай спектакль көрүңүз


Опера жана балет театрында коюлган спектакль. (Архивдик сүрөт)
Опера жана балет театрында коюлган спектакль. (Архивдик сүрөт)

Өлкөдө карантинге байланыштуу театр жана музейлер жабылган. Бирок үйдө отуруп эле спектакль көрүп, музейдеги көргөзмөлөргө баш бага аласыз. 

Түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун пьесасынын негизинде коюлган «Көчкү» спектали 11-апрелде «YouTube» каналында көрсөтүлмөкчү.

Бул спектаклде Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери роль жараткан.

Аталган театрдын катчысы Айчүрөк Субанкулова карантинге байланыштуу спектакль эми онлайн көрсөтүлө баштай турганын айтты:

«Бизде «Көчкү» спектаклинин даяр тартылган видеосу бар болчу. Эми ошону биз онлайн режимде «YouTube» каналыбыз аркылуу көрсөтөлү деп чечтик. Бул Интернетке киргизип жаткан биринчи спектаклибиз».

«Көчкү» - учурда Интернетте көрсөтүлө баштаган жалгыз спектакль эмес. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы дээрлик бардык театрлар шартка жараша иш алып барып жатканын билдирди. Анын айтымында, ар бир театрдын репертуарындагы спектаклдер буга чейин тасмага тартылып алынып, эми телеканалдардан жана Интернеттен көрсөтүлүп жатат.

«Бизде жыл сайын 27-март - Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы берилет. Ошондо ар бир театр жаңы койгон спектаклин тасмага тартып, калыстар тобунун кароосуна жиберет. Бизде ошондогу ар бир театрдын экиден, үчтөн мыкты спектаклдери бар. Андан сырткары министрлик өз демилгеси менен тарткан спектаклдер да бар. Аларды биз кезеги менен «Маданият-Тарых-Тил» каналынан көрсөтүп жатабыз. Ошондой эле «YouTube» каналына жайгаштырып жатабыз. Алардын шилтемелерин министрликтин «Фейсбуктагы», «Инстаграмдагы» социалдык баракчаларына жүктөп, процессти үзгүлтүккө учураткан жокпуз. Бүгүн да «Маданият-Тарых-Тил» каналы аркылуу Улуу Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгына карата Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» спектаклин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттеринин аткаруусунда көрсөтөбүз», - деди Кайрат Иманалиев.

Ал арада театр артисттери буга чейин тартылган спектаклдерин телеканалдар жана Интернет аркылуу көрсөтүп эле тим болбостон, элге жакшы маанай тартуулоо аракетинде. Мисалы, ошол эле Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери көркөм ыр окуп, элге ден соолук каалашса, Опера жана балет театрынын артисттери да социалдык тармактарда музыкалык белектерин сунуп жатышат.

Өлкөдөгү музейлер да карантинге байланыштуу жабылгандыктан ишмердүүлүгүн өзгөртө баштады. Мисалы, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи өзүнүн artmuseum.kg сайтына живопись жана скульптура багытындагы 1500дөн ашык эмгегин жарыялаган. Бул жөнүндө музейдин директорунун орун басары Чолпон Тентиева айтып берди:

Чолпон Намазбекова.
Чолпон Намазбекова.

«Кыргыз улуттук көркөм музейи 18-марттан баштап «Айтиев онлайн» программасын жүргүзүп келе жатабыз. Бул жыйнакка биздин фонддон жана экспозициядан көп иштер камтылды. Биздин атактуу Гапар Айтиев, Сабырбек Акылбеков, Сүймөнкул Чокморов, Семён Чуйков, Жумабай Үмөтов деген атактуу чеберлердин эмгектери киргизилген. Ошондой эле эл аралык музейлердин онлайн программаларында белгилүү талаптар бар. Мисалы, ар бир сүрөт жогорку сапатта болуш керек. Биз бул талаптарды да аткардык».

Ошондой эле музей өзүнүн социалдык баракчаларында эл аралык иш-чараларды да өткөрүп жатат. Мисалы сайттагы белгилүү картиналарга окшош образдарды жаратып сүрөткө түшүп мелдешке катышсаңыз болот.

Дүйнөдөгү айрым музейлер бул күндөрү онлайн саякатка чакырууда. Ал үчүн болгону алардын сайтына кирип, каалаган бурчуна эскурсия кылсаңыз болот. Ал эми Кыргызстандагы музейлерде бул сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдүн бар же жок экенин билиш үчүн «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жетекчиси Султан Абдыракмановго кайрылдык.

Султан Абдыракманов.
Султан Абдыракманов.

«Түз эфир аркылуу музейдин ичин чагылдыруу мүмкүн эмес. Себеби, музейдин ичинде Интернет эмес, телефон да тартпайт. Музейдин ушундай өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан биз мүмкүнчүлүктүн жетишинче ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын жетекчиси менен сүйлөшүп, музейдеги айрым баалуулуктарды тартып, монтаждап элге тартуулоонун үстүндө иштеп жатабыз».

Айтор, маданият өкүлдөрү колунда бар мүмкүнчүлүктөр менен элге чыгармачылыгын тартуулай беришерин белгилешти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG