Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Өзбек музейинен уурдалган сүрөт Лондондо сатылат


Сөз болуп жаткан сүрөт.
Сөз болуп жаткан сүрөт.

Өзбекстандын Фергана облусундагы музейден жоголгон сүрөт 1 миллион долларга Англияда аукционго коюлду. Жоголгон картинанын чоо-жайын эми өлкөнүн Маданият министрлиги текшере баштады. Бул сүрөттү Фергана мунай заводунун жетекчиси Журат Меликулов 2009-жылы Гүлнара Каримовага белек кылган эле.

Өзбекстандын мурунку президентинин кызы Гүлнара Каримовага байланышкан чуулгандуу иштер бүтө элек. Бул жолу Ферганадагы музейден жоголуп, азыр Лондондо сатыкта турган сүрөт Гүлнаранын колунан өткөнүнө байланыштуу чуу чыкты.

«Кукуруза шумит» («Жүгөрү шуулдайт») деп аталган картинаны 1932-жылы Өзбекстандын эл сүрөтчүсү Александр Волков тарткан. Кийин ал Өзбекстандын Фергана облусундагы аймак таануу музейине коюлган. Дал ошол чыгарма азыр Лондондогу «MacDougall's» аукцион үйүндө бир миллион долларлык баштапкы баа менен сатыкта турат.

Сөз болуп жаткан картинаны 2009-жылы Фергана мунай заводунун ошол кездеги жетекчиси, азыр түрмөдө отурган Журат Меликулов Гүлнарага белек кылган. Гүлнара Каримова ал картинаны ошол эле 2009-жылы дүйнөгө белгилүү орусиялык дизайнерге белек катары салтанаттуу түрдө тапшырып бергенин укук коргоо органдагы булактар айтышты.

«Ошол 2009-жылдагы иш-чарага катышкан аткаминерлер азыр да Өзбекстанда чоң кызматтарды ээлеп отурушат», - деди алардын бири.

Тарых илимдеринин доктору, искусство таануучу, канадалык Борис Чухович да өзбек эл сүрөтчүсүнүн «Кукуруза шумит» эмгеги менен жакшы тааныш. Ал Лондондо аукционго коюлган картинаны сүрөткө тартып «Азаттыкка» жиберди. Ташкенттик искусство таануучу Абдумалик Турдиев болсо Фергана музейинде турган көчүрмөнүн сүрөтүн тартып салды. Алар бул эки картинанын кайсынысы түп нуска, кайсынысы жасалма экени эч кандай экспертсиз, жабдыксыз көзгө да байкалып турганын ырасташты.

«Азаттыкка» Фергана мунай заводунун мурунку башчысы Меликуловдун кылмыш ишинин көчүрмөсү да келип түшкөн. Кылмыш ишин окуган адам сот Меликуловдун заводдогу жемкорлугуна басым жасап, өзбек музейлериндеги уурулукка болгон тиешесине көңүл бурбаганын байкайт.

Эскерте кетсек, Журат Меликулов 2014-жылы Фергана мунай заводунан 100 миллион доллар уурдаган деген айып менен 15 жылга кесилген. Укук коргоо органындагы булак Журат Меликулов да, Гүлнара Каримова да кайрадан суралышы керек деген пикирде.

«Эгерде Маданият министрлиги музейлер боюнча доо арыз менен прокуратурага даттанса көп иштин бети ачылмак. Кайрадан кылмыш иши ачылып, Меликулов менен Каримова кайра суралат эле. Ошол сурак көп былыктын бетин ачмак», - деди ал.

Музейлердеги уурулукту иликтеп жүргөн жергиликтүү журналист Рустам Ахмедов Журат Меликуловго өлкөнүн Сүрөтчүлөр академиясында иштеген бажасы жардам бергенин айтып келет.

Ташкентте туулуп өскөн, азыр Орусияда эмгектенген искусство таануучу - Волковдун «Кукуруза шумит» аттуу картинасына учурунда кызыгып көргөндөрдүн бири. Ал атын жашыруун калтырууну суранып, буларды айтты:

«Мен ал картинаны көргөм. Бирок анын криминалдык изи бар деген күмөн ойлордон улам сатып алуудан баш тарткам. Волков абдан жемиштүү сүрөтчү болгон. Ташкенттик алып сатарларда анын эмгектери азыр да бар. Бирок мени музейлердин мурунку директорлору азыр Волковдун эмгектерин сатканга аракеттенип жүрүшкөнү кыжаалат кылат. Бул албетте, шек жаратат да».

Өзбекстандагы саясий куугунтуктан улам Швейцарияда жашап жаткан Сафар Бекжан 2013-жылы Гүлнара Каримованын Женевадагы үйүндөгү 60тан ашык картинанын сүрөтүн жарыялаган. Жергиликтүү искусство таануучулар ал картиналардан өзбек музейлеринен жоголгон сүрөттөрдү таанышкан. Мурдараак Өзбекстандын мамлекеттик музейиндеги түгөлдөөнүн жыйынтыгында андагы Виктор Уфимцевдин алты картинасы жасалма экени аныкталган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG