Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Каримованын дагы бир мүлкү табылды


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Британиянын «The Times» гезити маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын мүлкүнүн тизмесин жарыялады. Тизмедеги мүлктүн жалпы баасы 52 млн. долларды чапчыйт.

Гезиттеги маалыматка караганда, Гүлнара Каримованын мүлкү тууралуу маалымат Британиянын Өзгөчө ири алдамчылыкка каршы күрөш бюросунан алынган. Гезит эми Каримованын мүлкү камакка алынышы мүмкүн экенин жазды:

«Сюррей аймагындагы чоң коргондуу үйдү Гүлнара Каримова 2010-жылы 23,5 млн. долларга сатып алган. Бүгүн ал объект 39 млн. доллар турат. 1912-жылы түптөлгөн коргондо кайык менен сейилдөөчү көлмөсү жана 7 гектар багы бар. Ага Брунейдин султаны кошуна болуп жайгашкан. Лондондун Мейфэр районунда жайгашкан бир батир азыр 10,4 млн. доллар турат. Ал эми ошол эле Лондондун Белгравия районунда жайгашкан батир азыр 2,6 млн. долларга бааланат».

8-январда Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы Гүлнара Каримованын иши боюнча сот жараяны башталганын, соттук кароо жабык өтүп жатканын ырастаган. Бул соттук жараян тууралуу Гүлнара Каримованын Швейцариядагы адвокаты менен анын кызы Иман Каримова өткөн жылдын 16-сентябрында эле социалдык тармактар аркылуу жарыялашкан.

Бул жолу Гүлнара Каримовага коюлган айыптар «Уюшкан кылмыштуу топ менен бирге бюджеттик каражаттарды уурдоо», «Карактоо», «Алдамчылык» деген беренелер менен толукталган.

Гүлнара Каримованы алгач АКШ жана Европа өлкөлөрү коррупцияга байланыштуу кылмыштар үчүн айыптап, бир нече иш козгошкон. Андан соң Гүлнарага Өзбекстанда да кылмыш иши ачылган.

2017-жылы Өзбекстандын соту Гүлнара Каримованы күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Анда «салыктарын жашырган, чет өлкөлөрдө ачылган офшордук фирмалардын документтерин жок кылган» деп айыпталган. ​

Тергөөнүн материалдарында мындай деп жазылган:

«Гүлнара Каримова Өзбекстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алууну каалаган МТС, «Вымпелком», ING сыяктуу телекоммуникациялык компаниялардан эле 1 млрд. долларга жакын пара алууга жетишкен. Ал акчаны Гүлнара өзү жана анын жакындары офшордук компаниялар аркылуу чет өлкөлөргө чыгарып кетип, дүйнөнүн ар тарабынан ондогон вилла жана башка кыймылсыз мүлктү сатып алууга жумшаган. Өзбекстандан чыгарылган акчанын бир бөлүгү болгон 555 млн. доллар акча Швейцария банктарынан, дагы 200 млн. долларга жакын акча башка өлкөлөрдөгү банктардан табылган. Учурда Өзбекстан ал акчаны өлкөгө кайтарууга аракет кылып жатат».

Баштапкы соттун чечими боюнча Гүлнара Каримова үй камагында жашаган. Бирок 2019-жылдын март айында үй камагынын шарттарын такай бузган деген жүйө менен аны Ташкент облусундагы аялдар колониясына которушкан. Каримова жана анын кызы үй камагынын шарттарын бузбаганын айтышкан. Бирок Каримовага улам жаңы айыптар тагылууда.

2017-жылдын декабрь айында АКШнын Финансы министрлиги «Кубаттуу уюшкан кылмыштуу синдикат түзгөн, мамлекеттин мүлкүнө кол салган» деген айып менен Гүлнара Каримовага санкция жарыялаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG