Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Карантиндеги азилдер


Аралыксыз карантин - каран түн! (Украин азил сүрөтү).
Аралыксыз карантин - каран түн! (Украин азил сүрөтү).

“Таажы вирусунун” айынан жарыяланган карантин учурунда калайык ар кыл азилдерди чыгара баштады.  “Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили.

Тээ илгери, өткөн кылымда, айтылуу Чарли Чаплин өзүн өзү сактоо инстинктин күчөтүүнүн жана рухий саламаттыкты сактоонун маанилүү дарысы –– юмор деп таамай айткан тура. Таажы вирусуна байланыштуу карантин маалында да юмор адамзатка жардамга келди.

* * * * *

–– Карантин маалында эмнеге жетиштиңер?

–– Көп эле нерсеге. Мисалы, аялым упа, бет май, атырга кетчү акчаларды кыйла эле үнөмдөп калды.

–– Өзүңчү?

–– Өзүм чачтарачтыкты өздөштүрө баштаган жубайыма кардар болуп берүүгө үйрөндүм.

* * * * *

–– Видеодо өтө капалуу көрүнөсүң го, курбум?”

–– Мен батиримди ушунчалык мизилдетип тазаладым эле, саат басып, ушундай күндөрү эч конок келбей атпайбы!

* * * * *

–– Опе-ей, чык татырбас Чынарбайыбыз кыйын чыкты го!

–– Эмне болуптур?

–– Ал карантин күчөгөн маалда “үйүмө конокко келбесеңер таарынам” деп СМС жибериптир!

* * * * *

–– Апе-ей, балакетиңди алайын!.. Тиги күйөөң эмне кылып отурат? –– деп видеодо сүйлөшүп жаткан Шоңурдун кайненеси сурап калды.

–– Ал жөн отурбайын деп ширеңкенин ар бир талын антивирус зат менен кайра-кайра аарчып жатат, –– деди Шоңурдун аялы.

* * * * *

–– Өкмөт катуу эскертти: карантин маалында үйлөнүү тоюна таптакыр тыюу салынат!

–– А берки... ажырашуу жөнүндө өкмөт эчтеке айтпаптырбы? Дагы жакшы, үйлөнө электерге ойлонуу үчүн кошумча шанс жаралган турбайбы!

* * * * *

–– Жаным, таажы вирусунун карантининен силер –– аялдар эле утуптурсуңар.

–– Эмнеге?

–– Эркектер бүт укуктарынан айрылыптыр: бар, ресторандарга же футболго бара албай камалып калдык. Аялдар болсо мурдагыдай эле сыналгыда сериал көрүшөт, ара-чолодо ыракаттанып тамак жасашат, кааласа үй тазалайт, жок дегенде улам-улам беткап үтүктөйт...

* * * * *

–– Жаным, 4 күндөн бери үйдө камалып отурасың. Сыртка чыгып келчи!

–– Опе-ей, полиция кармап алып, карантинди буздуң деп акчалай жазага кириптер кылсачы?..

–– Ошол жазаны мен эле төлөп берейин, деги! Жадатып ийдиң, сериалды жөн көрсөтпөй...

* * * * *

Телефонум жөткүрүп калыптыр. Таажы вирусу жөнүндө видео маалыматтардын көптүгүнөн го деп корком...

* * * * *

“Шоңур, кара жерге кир! Эмнеге пол жуубай отурасың?!.” деген ачуу айкырыкты угаар замат, Шоңур тактай жуугуч чүпүрөктү чака сууга малып ала чуркады.

–– Жаным, тим эле отурчу, артисттенбей! Коңшулардын баласынын аты да Шоңур тура! –– деп аялы жоошутканда гана тигил эргул нымдуу чүпүрөктү жерге таштады.

* * * * *

Мен деле Италиядагылардан кем эмесмин го деп кечээ кечинде балконго чыктым эле, ария аткарам деп, анан анча-мынча дүйнөлүү болдум!

Эми кечинде кайра чыксам, жуп тапичкенин экинчи сыңарын да мага ыргытышаар, коңшуларым!..

* * * * *

Урматтууларым! Умрага эми уруксат жок, ордуна үй ичинде туристтик саякат сунуштайбыз! Таңкы саат 8:30да бети-колду жууган бөлмөгө саякат. Андан соң сапарыбыз татынакай жайга –– ашканага багытталат. Нанүштөдөн соң экскурсиянын катышуучуларына ар бир бөлмөгө кывзыктуу саякат уюштурулат. Ар бир саякатчы өз бөлмөсүн экологиялык шартка ылайыктап кооздошу күтүлөт. Аларга чаң соргуч, пол жуугуч, терезе тазалагыч сыяктуу жабдуулар бекер берилээрин кубанычтуулук менен маалымдай кетелик. Бул чеберчилик сабагында үй тапшырмасын мыкты аткаргандарга атайын упай берилет. Ал эми саат 13:00тө болсо экскурсия катышуучуларын аябай сонун түшкү тамак күтөт. Андан кийин айтылуу курорттогу кырдаал сунушталат: сиздер диванга ыңгайлашып жайгашып, сиеста маалынын ыракатына чөмүлөсүздөр. Албетте, кечкурун сиздер үчүн сейилдөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде кечээ бөлмөлөрдү оң жактан сол тарапка кыдырсаңыздар, бүгүн анын тескери багытында сейилдешке мүмкүнчүлүк аласыздар. Эгерде бөлмө аздык кылса, анда бурчтарды да туристтик мерчем катары белгилей аласыздар. Сейил маалында сүрөткө селфи кылып (өзүңүздү өзүңүз) тартышыңыз үчүн жарыкты жандырып алыңыздар.

Кана, эмесе, ажайып саякатка карай алга!..

* * * * *

Бахтияр Шаршеев кыргызчалаган чакан тасма.

* * * * *

Чехтер дарыкананын алдында бири-биринен алыс аралыкта кезекте турушат. Прага. 24.3.2020.
Чехтер дарыкананын алдында бири-биринен алыс аралыкта кезекте турушат. Прага. 24.3.2020.

(TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG