Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Режиссер Камат Касенов 43 жашында каза болду


Камат Касеновдун социалдык тармактардагы сүрөтү.

Кыргыз театр жана кино искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө барандуу салымын кошкон, белгилүү режиссер Камат Касенов 43 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлап, режиссердун жакындарына көңүл айтты.

Маалыматта айтылгандай, режиссер 16-июнда каза болгон. Өлүмүнүн себептери айтылган эмес.

Министрлик тараткан маалыматта белгиленгендей, Касенов өзүнүн чыгармачылык жолунда Борбор Азия боюнча 40тан ашуун ар түркүн жанрдагы чыгармаларды сахналаштырып, коомго жана инсанга карата болгон орчундуу маселелер, курч көйгөйлөргө байланышкан ар-тараптуу окуяларды кылдат изилдеп, каармандардын түпкү тамырын ачуу үчүн изденип, чыгармалардын идеялык маңызын интерпретациялап, ача билген талант болгон.

Ал Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма”, “Деңиз бойлоп жүгүргөн ала дөбөт”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, М. Байжиевдин “Экөө”, “Ким күнөлүү”, С. Раевдин “Таажы”, “Барсбек”, “Адам” М. Тойбаевдин “Манап бий”, Ж. Кулмамбетовдун “Алай жолборсу” Жума Куддустун “Падышанын оюну”, У. Шекспирдин “Гамлет”, Э. Ольбинин “Үч узун аял” сыяктуу көптөгөн кыргыздын жана чет өлкөлүк драматургдардын заманбап жана классикалык чыгармаларын театрларда сахналаштырган. Бир нече сыйлыктардын ээси жана эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү. Ошондой эле ал бир нече көркөм фильмдерди тартуу менен да талантын сынап көрүп, ийгиликтерди жарата алган.

Камат Касенов 1977-жылы 19-мартта Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Тельман айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1997-жылы Кыргыз улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрына караштуу театралдык окуу жайга кирип, аны 2000-жылы бүтүрүп чыгат. 2000-2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунда “драманын режиссеру” адистигин бүтүргөн. 2005-2007-жылдары Ташкент шаарындагы ИЛХОМ аталган Борбордук Азиянын жаш режиссерлор лабораториясында Марк Вайлдын өнөрканасында билимин тереңдеткен.

2007-2013-жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында башкы режиссер жана Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. 2013-жылдан тартып, өмүрүнүн акырына чейин Казакстандын Жамбыл облусунун Тараз шаарындагы орус драма театрында көркөм жетекчи катары кызмат өтөп келди. Ошол эле жылдар арасында Тараз акимиатынын аппаратында чыгармачылык тармагын жетектеген.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу некрологуна министр Азамат Жаманкулов баштаган жазуучу, драматург, режиссер актер-актриса жана башка чыгармачыл адамдар кол коюшкан. (ErN)

"Азаттык" 2018-жылы режиссер Камат Касенов койгон "Биринчи мугалим" драмасын тарткан эле.

"Биринчи мугалим" - жаш муунга чакырык
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:55 0:00

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG