Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Пандемия кыргыз театрларын кыстады


Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести боюнча коюлган спектаклдердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести боюнча коюлган спектаклдердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда театрлар карантинге жабылганына жарым жылдан ашты. Мамлекеттик театрлар социалдык тармактарда өз репертуарындагы спектаклдерин жайылтышууда.

Театрлар карантиндик чектөөлөрдүн алынышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Алар сахналаштырган эмгектерин жандуу көрөрмандарына тартуулоону пландап коюшкан.

Пандемия башталган март айынан бери Кыргызстандагы бардык театрлар онлайн режимге көчтү. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Талант Апыев Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры жаңы сезонун ачууга даяр экендигин, карантиндик чектөөлөр алынса көрөрмандарга жаңы спектаклдерин тартуулашарын билдирди:

«Министрлик тарабынан апрель окуясына карата атайын конкурс жарыяланып, ошол конкурстан уткан төрт пьесаны театрларга бөлүп беришкен. Бизге «Бакыт учурган үш» деген пьеса бөлүнгөн. Учурда көрөрмандарын күтүүдө. Мындан сырткары Пушкиндин «Сараң рыцарын», акын, жазуучу Меңди Мамазаированын «Кечиктиң» деген чыгармаларын сахналаштырып бүттүк. Пандемияга байланыштуу үчтөн адам гана театрга келип иштеп жатабыз. Исхак Разаковдун 110 жылдык юбилейине арнап акын Сооронбай Жусуевдин «Исхак» поэмасын сахналаштырдык. Ушул спектакль менен театрдын ачылышын онлайн жасап коюуну пландап жатабыз».

Театр ишмерлери бир ооздон эртерээк карантин шарттары алынса, сахналаштырган эмгектерди көрөрмандарына тартуулай турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдиришти.

Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы кесиптештери театрдын эшиги ачылчү күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышканына басым жасады:

«Театрдын жамааты орус классикасынан Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» чыгармасын онлайн түрдө көрүүчүлөргө тартууладык. Кыргыз тилине Жыпариса Көчөрбаева которду. Режиссёру Шамил Дыйканбаев болду. Жакында эле Исхак Разакковдун 110 жылдыгына арналган Султан Раевдин «Исхак» аттуу чыгармасын КТРКнын сахнасында жабык көрсөтүү уюштурдук. Бул тарыхый эмгекти Улан Карыпбаев сахналаштырды. Буюрса капиталдык ремонт иштери бүткөн соң жаркыраган имаратыбызда көрүүчүлөрүбүздү чыдамсыздык менен күтөбүз».

Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Ырысгүл Изатова жамаат карантиндик чектөөлөргө карабай жигердүү эмгектенгенин белгиледи:

«Пандемия убагында онлайн телефестивалда «Үмүт» спектаклин коюп, баш байгени утуп алдык. «Жат эмесмин» спектакли даяр болуп калды. Карантин бүткөн соң элге тартуулайбыз деп турабыз. Мамлекет тарабынан театрларды колдоо үчүн атайын конкурстар уюштурулуп турса театр актёрлоруна дем болмок».

Ал эми Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын адабий бөлүмүн жетекчиси Гүлнур Акунова онлайн режиминде Мар Байжиевдин «Төрт адам» спектакли менен 83-сезонун ачуу алдында турганын кабарлады:

«Учурда Кожогелди Култегиндин «Шыпыргы өмүр» аттуу чыгармасын сахналаштырып жатабыз. Бизде азыр театрда жаштар гана иштеп жатышат. Атайын спектаклдерди кандай даярдоо керектиги тууралуу сабактар өтүлүүдө».

Талас облустук музыкалык драма театрынын режиссёру Эрик кызы Чолпон эмгек жамааты пандемия маалында минстрликтен келген буйруктарды аткаруу менен, даталуу күндөрдө атайын видео кайрылууларды, көркөм окууларды уюштурганын билдирди:

«К. Токтоналиевдин «Дүрбөлөң» жана Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» спектаклин иштеп жатабыз. Буюрса, жакынкы күндөрү көрөрмандарыбызга тартуулоо ниетинде турабыз».

КР эмгек сиңирген артисти, Касымаалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын жетекчиси Курсант Абдрахманов соцтармактагы баракчаларыбызга балдарды коргоо күнүнө карата, ковидтен аман-эсен кутулуу туралуу көркөм окууларды, театрдын репертуарындагы эмгектерин жарыялап жаткандарын айтты.

«21-октярда Маданият министрлигине караштуу көркөм эксперттик комиссияга Гүласал Алыеванын «Кечки жети» атуу эмгегин жабык көрсөтөбүз. Сындан өткөн соң Ысык-Көл медиа борбору менен бирге онлайн форматта көрөрмандарга тартуулаганга аракет кылабыз».

Баткен облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков театрга аты берилген Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараны коронавирус коркунучунан улам өткөрө албай калышканын, ушундан улам онлайн жумалык жарыялай турганын кабарлады:

«Баткен театрында мен келгенге чейин эч кандай Интернет баракчалары жок экен, ошол баракчаларды ачып, замандын талабына ылайык иштөө үчүн бардык артисттердин кесипкөй фотосессиясын уюштурдум. Коомдогу болуп жаткан окуяларга, мамлекеттик майрамдарга өз акцентибизди берип, поэзия окуп өз баракчабызга бөлүшүп жаттык. Музыкалаштырылган театрыбызды сахналаштырып жергиликтүү каналдарга берип элге тартууладык. Онлайн фестивалда Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган фестивалга жигердүү катыштык. Ноябрда Бексултан Жакиевдин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» чыгармасын, Балдарды коргоо жылына карата «Сыйкырдуу так» аттуу чыгарманы сахналаштырдык. Элдин баары телефон менен жашап жаткан маалда «Кагылайын телефон» деген телеспектакль даярдап жатабыз. Буюрса, карантиндик чектөөлөр алынса жаңы сезонубузду ачабыз».

Кыргызстандагы театрлар ноябрь айында жаңы сезонун онлайн форматта ачышат.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. 14-сентябрдан баштап китепканалар жана музейлер, театрлар иштей баштады, бирок аларга адамдарды кабыл алууга уруксат бериле элек. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG