Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Репрессия жана Бөкөнбаевдин «Айчүрөгү»


"Айчүрөк" операсы. 2017-жыл.

Кыргыз элинин сүймөнчүк акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин асманында кара булут 1937-жылы айлана баштаган.

Жакын курбулары Курман Камбаров, Эркинбек Эсенаманов, Токчоро Жолдошевдер камакка алынып, оор жазага туш келишкен. Акындын чыгармаларынын тагдыры арасат калган.

«Бул - жалаа!»

Жоомарт Бөкөнбаевге табият акындык талантты берешендик менен берип койгон керемет адам болгон. Анын драмалык чыгармалары отузунчу жылдары сахнадан түшпөй, көркөм өнөрү баралына келип турган. Дал ошол кезде элдик сүйүүгө арзыган акындын асманында кара булут айланып, «эл душмандарынын» тизмесине кошулган.

Буга анын эл оозеки чыгармачылыгын, асыресе «Манас» эпосун даңазалоо, улуу акын Токтогулдун чыгармаларын жайылтуу аракети, анан да өзү билген чындыкты тартынбай ачык айтышы себеп болгон. Жооптуу кызматтарда иштеген бир топ адамдар менен жакшы мамиледе жүргөн, алардын көбү репрессияга туш келип атылып кетишти. Ошондой оор тагдырга туш келген Курман Камбаров ынак досторунун бири экен. Партия, коопсуздук кызматынын жетекчилери андан кечээки коюн-колтук алышкан досторунун бетин ачып, алардын өлкөгө каршы кылмыштуу иштерин айыпташын талап кылышкан. Жоомарт Бөкөнбаевдин жары Тенти Жунушбаева ошондой азапка кабылган ишмерлердин бири Курман Камбаров менен комсомолдук кызматта иштешип калган. Болочок жарынын жакын досунун кантип «эл душманына» айланып чыгышын «Кылы үзүлгөн комузум» эскерүү китебинде минтип белгилеген:

«1937-жылы менин баамымда, кандайдыр бир жүрөктү өйүгөн нерсе көкүрөгүмдө туруп алды.

Күз айлары, Борбордук комсомол комитетинин (союздук республика болуп калганбыз) пленуму өттү. Мен бюро мүчөсү болгондугумдан президиумда отурган элем. Курман Камбаров менин жанымда отурду. Ал анда Эл агартуу комиссариатынын наркому. Ушул пленумда Камбаров жөнүндө өтө көп сөз болду. Чыгып сүйлөгөндөрдүн бир тобу аны «сындоодо». Пленум бүтүп, чыгып бара жатканда мага кайрылып:

- Көрдүңүзбү, карындаш, бул эмне деген иш! – деп таноосу кыпчылып, ачуусу келгендей сүйлөдү. Мен эмне айтарды билбей:

- Агай, критика да, - деген болдум.

- Критика должна быть здоровой! Это нездоровая критика! Это клевета.

Эмнени айтам, унчукпадым. Шартылдай басып чыгып кетти. Мен ээрчий карап кала бердим. Ошол боюнча экинчи Курман Камбаровичти көргөнүм жок...».

Кайсы адамдын айланасында арбын сөз жүрө баштаса көп өтпөй ал камалчу, анан бир жылга жетпей атылчу. Чанда бири гана түндүккө же Ыраакы Чыгышка 10-15 жылга сүргүнгө айдалчу. Курбуларынын көбү камалып, алардын атын атоого тыюу салынып калган чакта Жоомарт Бөкөнбаевдин өзүнүн асманында кара булут айланып, уулуу жебенин учу алгач «Алтын кыз» музыкалуу драмасына келип тийген.

Айтылуу драманы Жоомарт Бөкөнбаев өзү жазганы, чыгарма театр сахнасына коюлмакчы болгону, композитор музыкасын жазып, сүрөтчүсү жасалгалоо иштерине киришкени «Кызыл Кыргызстан» гезити аркылуу жарыя кылынган. Анан эле чыгарманын аты «Партизан кызы» деп өзгөрүлүп, мурдагы жалгыз автордун катарына экөө кошулуп калат.

Музыкалуу драманын айланасындагы бүдөмүк оюндардын артында элге таанымал акынды совет өкмөтүнүн душманы, буржуазиячыл улутчул катары көрсөтүү аракети турган. Көпчүлүк элге таанымал инсанды камакка алыш үчүн ыңгайлуу себеп керек эле. Жоро-жолдоштугу үчүн алып барып отургузуш кыйын. Анын үстүнө ошол 1938-жылы Кыргызстандын Москвада кийинки жылы өтчү маданияты менен адабиятынын он күндүгүнө даярдык күчөп жаткан.

Чоң борбордо коюлчу үч оюндун экөөнүн автору Жоомарт Бөкөнбаев болчу. Анын «Алтын кыз» музыкалуу драмасы менен «Манас» эпосунун негизинде жазылган «Айчүрөк» операсынын либреттосу Москва декадасында көрсөтүлмөк. Москвага барчу үчүнчү чыгарма Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» музыкалуу драмасы эле.

Жоомарт Бөкөнбаевдин тагдыры чечилерге жакын идеологиялык жаатты тейлегендер «Алтын кыз» менен«Айчүрөк» операсынын либреттосуна дагы экиден автор кошуп, непадам чыныгы автору камалып кетсе, аны башка бирөөлөрдүн атында чыгарууну ойлонуп коюшкан экен. Жусуп Турусбеков менен Кубанычбек Маликовдун авторлош болуп калышынын жөн-жайы ушундай. Ошо кезде Жоомарт Бөкөнбаевге кысым күчөй баштаганын аялы Тенти Адышева кийин минтип эскерген:

«Бир күнү жогору жактан телефон аркылуу Жоомартты чакырып кетишти. Эки саатча убакыт өткөн соң кайтты. Өтө капалуу, тынчсызданып келди. Мен: «Эмне болду?» – деп сурадым. Бир аз оюн жыйнагандай токтолуп туруп: - Мен азыр Вагов менен урушуп келдим, эми мага орден жок – деди. Андан соң болгон ишти мага айтып берди. Көрсө Ваговдун (Кыргызстандын борбордук комитетинин ошол мезгилдеги биринчи катчысы) кабыл алуусунда болгон экен. Ал адегенде декадага көрүлүп жаткан камылга жөнүндө сурап отуруп, Жоомартты Ленин орденине көрсөтүү жөнүндө ойлору болуп жатканын айтып, ошого байланыштуу кай бир маселелер жөнүндө сүйлөшмөкчү экенин айтат да, анан Жоомарттын Эсенаманов, Жолдошев Т., Камбаров К. ж.б. менен (1937-жылы эл душманы болуп камалгандар) кандай байланышы болгонун сурап, эгерде болгон болсо Жоомарт чын жүрөгүнөн мойнуна алып, айтып беришин талап кылат. Эзгилей баштайт. Жоомарт ачуусу келет да: - Жетишет, мени канча жылдан бери ушул жөнүндө канымды бузуп жүрөсүңөр. Эгерде менде айып болсо камагыла, болбосо бул өңдөнгөн былжыроолорду токтоткула, - деп эшигин катуу жаап чыгып кетет.

Чынында эле 37-жылдан тартып, Жоомартка тынчтык болгон жок. Ушакчылар, көрө албагандар, душмандары ошол мезгилдин агымынан пайдаланып, Жоомарттын жанын коюшпай жазып каралай беришти. Анын натыйжасында партиядан да чыгарылып, театрда болуп жаткан «Алтын кыз» муздрамасын «Партизан кызы», авторун коллектив деп өзгөртүштү. Коюуга даярдалып жаткан «Айчүрөк» операсынын либреттосун Жусуп менен Кубанычбекке оңдоо киргизе коюп, автор болушу тапшырылган».

Арыстан жөнөтүлгөн арыз

Жоомарт Бөкөнбаев абалдын оорлошуп баратканын сезип, кандай да болсо Москвага тикелей Сталиндин өзүнө кайрылууну чечип, Фрунзеден жашыруун поездге отуруп Казакстандын Арыс станциясына барат да, ал жерден 400 рублдик телеграмманы жолбашчынын атына жөнөтүп иет. Калпы-чыны белгисиз, мына ушул Арыс станциясынан жөнөтүлгөн арызы Кремлдеги чоңдорго жетип, ал жактан «Акын Жоомарт Бөкөнбаевдин партиялыгы калыбына келтирилип, чыгармачылыгына шарт түзүлүп берилсин» деген жооп келет.

Репрессияга кабылган белгилүү партиялык, маданий, адабий ишмерлердин көбү калыстык издеп Сталиндин жеке өзүнө кат, арыз менен кайрылышчу. Бирок алардын бир да бирөөнө көңүл жылытарлык жооп келген эмес. Эмнеликтен жогорку бийликтин Жоомарт Бөкөнбаевге ырайымы түшүп, жумшара калышына бир топ жагдайлар себеп болгондур. Аны эми эч ким так айта албайт. Жоомарт Бөкөнбаевдин жакын арада камалары айкындалып калган учурда Ягода менен Ежовдун иши бүтүп, СССР НКВДсынын репрессия машинеси Лаврентий Бериянын колуна тийген кези эле. Бериянын тушунда өтө эле аша чаап кеткен кыргын-сүргүн бир аз «жумшара» түшкөн. Жоомарт Бөкөнбаевдин тагдыр жолундагы мына ушул маанилүү окуя ошентип оңуна чечилген.

Репрессия тууралуу кеп болгондо айрымдар ушунча жыл совет өлкөсүндө жүргөн кандыбулоондон «улуу Сталин кабарсыз калган, анын кол алдындагылар кылгылыкты кылып, жол башчыдан жашырып коюшкан» деген жоромолду алдыга жаюуну жакшы көрүшөт. Буйрукчул-өкүмзор башкаруу системасында жол башчыдан көз жаздым бир да иш жасалбасын алар негедир эске алышпайт. Ошо аныгы менен апыртмасы белгисиз Арыс станциясынан жөнөтүлгөн телеграмманын жардамы менен Жоомарт Бөкөнбаев ал ирет репрессиядан аман калган.

Тенти Адышева Москвадагы декадада көрсөтүлгөн Жоомарт Бөкөнбаевдин эки чыгармасы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, аны аткаргандар мамлекеттик сый-урматка жетишкенин, автору болсо куру кол кайтканын жазган. Ошол декададан кийин Жусуп Турусбеков орто жолдон кошулган автордугунан баш тарта туранын айтканын, кан майданда набыт болбосо ал бул ишти аягына чыгарышы деле мүмкүн экенин, ал эми Кубанычбек Маликовдон андай ишарат болбогонун атайын белгилеген. Кыйла убакты-саатын коротуп, ысык-суугуна кайыл болуп жараткан эки чыгармасына репрессия дагы эки авторду кошуп койгонуна Жоомарт Бөкөнбаев өзү кандай караган? Тенти Адышеванын эскерүүсүнөн:

«Ээ, Тенти, баласың. Менин үйүмдө айтып жаткан оюн, башка жерде кандай айтарын кайдан билем. «Айчүрөктөн» эчак эле кечкем, эми башымды оорутуп жүрбөйм. Жаным аман болсо неченди жазам», – дей турган».

Андан көп өтпөй эмгекчил автор «Токтогул» операсынын либреттосун, согуш кезинде «Ажал менен ар-намыс», дагы башка чыгармаларын жараткан, ыр менен «Курманжан Датка» романын жазууну кыялданган. Мезгил талабына ылайык чыгармаларды жараткан авторду репрессия машинеси тооруп калышынын чоо-жайы туурасында кыргыз адабий илиминин көрүнүктүү өкүлү Кеңешбек Асаналиев «Адабий айкаш» эскерүү китебинде советтик белгилүү окумуштуунун пикирине таянып, кызык божомолун ортого салган. Ал киши жаш кезинде СССР илимдер академиясынын Орус бөлүмүнүн Ленинград шаарындагы Пушкин үйүндө аспирантурада окуп жүргөн чагында белгилүү окумуштуу Петр Берковдон Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу мындай сөз угуптур:

«Бөтөнчө П.Н.Берковдун бир сөзү ушу күнгө чейин кулагыма угулуп турат. Курч балта менен чыбык кескендей чорт айтылышы менен. Эгер, деди ал киши, Жоомарт Бөкөнбаев аварияда кокус болбосо, 1948-жылы эң биринчилерден камалат болчу. Жүрөгүм шуу дей түштү. Өтө эле суук угулду. Бирок бул сөздү жөн эле эффект үчүн айтпаганы, ички терең ишенимден, көзү жеткен чындыктан улам чыгып жатканы туюлуп турду. Кыраакы, көп жагынан тажрыйбалуу, көптү көргөн бул киши Жоомарттын элдик мураска, айрыкча улуттук эпоско болгон максималисттик мамилесин таасын байкаган экен.

«Айчүрөк», «Семетей» либретто, сценарийлерине биринчи демилге баштап, ишке ашырганын айтпаганда деле, өз учурунда басырылып, унутула баштаган Токтогулдун мурасы Ж.Бөкөнбаевдин тайманбастыгы, максимализми болбосо, ким билет, ушундай даражада бизге жетет беле, жок беле. Мураска, өткөнгө болгон мындай максимализм 1948-жылы кандай бааланып, кандай кыйчалышка туш келгенин мен кийин, өтө кийин түшүндүм. Азыр болсо П.Н.Берковду угуп отурганда мунун баары мен үчүн эң алыс дүйнөдөй, материктей туңгуюк бирдеме эле».

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин жанданган репрессияга Ждановдун доклады тамызгы болуп берген. Мурдагы буржуазиялык улутчулдукка бул ирет космополитизм кошулуп, камоо башталган. Кыргызстандан 1949-жылы Т. Саманчин, Т. Байжиев, З. Бектенов «Манас» эпосу үчүн камакка алынган. Басууга даярдалган «Манас» эпосунун айланасында узун талаш ири окумуштуулардын катышуусундагы конференция менен жыйынтыкталган. Ошондо ооздон түшпөгөн Сагымбай Орозбаковдун вариантынын толук жарыкка чыгышы үчүн Кыргызстандын өз алдынчалыкка ээ болушу, социализмдин тарыхый тактыдан шыпырылып түшүшү талап кылынды.

Жоомарт Бөкөнбаевдин «Айчүрөк» операсынын либреттосу социализм «эл душмандарын» издеп табуу, репрессияны күчөтө баштаган кезде жазылган.

“Айчүрөк” — төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун “Манас” үчилтигинин “Семетей” бөлүмүндөгү “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” аттуу эпизоддун негизинде Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов, Жусуп Турусбеков жазганы айтылып келет. Фотобаян 2017-жылы тартылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG