Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 20:28

Тергөөчүлөрдүн колуна кеткен ырлар


Аалы Токомбаевдин Бишкектеги эстелиги.

1937-жылы Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев камакка алынып, эки жылга чукул түрмө азабын башынан кечирген.

Ал жерден көргөндөрүн кийин акын «Момия» деген китебинде чагылдырган. Коммунисттик идеологиянын жалындуу жактоочусунун түрмөгө түшүп калышынын себеп-жөнү тууралуу пикирлер ушу кезге чейин талаш-тартыш чакырып келатат.

Бир китептин талашы

«Момия» ыр китеби, айрым изилдөөчүлөрдүн сөзү боюнча, алдын-ала чыга турган китептердин тематикалык планына киргизилген эмес. Анын ордуна улуу акындын чоң томдуктары чыкмак. Бирок да автор көлөмдүү китептеринин ордуна кыйын кезеңде жазган чыгармаларын жарыялоону туура көргөн. Белгилүү жазуучу Самсак Станалиев китептин кантип чыгып калышына кызыгып, ал кездеги республикадагы эки ири басма - «Мектеп» менен «Кыргызстандын» ошол кездеги тематикалык пландарын карап чыккан.

«Бул «Момия» китеби эки жолу басууга сунуш кылынган, - дейт ал. - Качкынбай Артыкбаев агай уруксат берген. Бир рецензенти ошол киши. Экинчи рецензенти - Асыгалиев агай. Баялы Исакеевге, кыргыздын эң мыкты кишилерине арналган арноо ырлар бар. Ошолорго таянып Качкынбай Артыкбаев агай: «Ал автордун жамандык күндөрдө көргөн трагедиясы» деп жазган. Бул жыйнак планга кирген эмес. «Китеп» басмасы, «Кыргызстан» басмасы, «Мектеп» басмасы деген брошюралар чыкчу эмес беле. Мен бирөөдөн угуп карап да көргөм, планда жок. Планда Токомбаевдин чыгармаларынын жыйнагы турган. Ошонун ордуна кирген дагы, калган басма табагын жаштардын чыгармаларына котортуп берип койгон. Анан «Момияны» чыгарып жиберишкен. «Момиянын» редактору Турар Кожомбердиев БКга кат жаза берип (анын каты да бар), ошондо катуу кейиген экен, «мен билбесем эмне кылайын» деп. Редакциянын башчысы - Сулайман Маймулов, ошол кыстап отуруп чыгарткан».

А бирок акындын кайгы-муңун баян кылган китептин чыгып кетиши коммунисттик бийликтин идеологиялык «чарбасын» тейлеген төбөлдөргө жакпай, китеп сатыктан, китепканалардан жыйналып алынган. 1962-жылы эле китепке кирчү айрым ырлардын чоо-жайына токтолуп автор минтип жазган:

Провокаторлор, ушакчылар миң-миңдеген жазыксыз адамдарды каралап, зордуктап азапташкан.

«Бул жыйнактагы ырлар 1937-жыл менен 1939-жылдарда, советтик законду бурмалаган культтун кутуруп турган оор учурунда, карьерист-чоңколордун, провокатор-ушакчылардын элибиз менен партияга кылган зор кылмыштары менен кыянаттарынын чачырандылары көрсөтүлгөн. Адамга табынган кулчулуктун зардабынан жүздөгөн-миңдеген ак ниет коммунист большевиктер, Лениндин тарбиялаган шакирттери, совет өкмөтү менен партиябызга берилген залкар мамлекеттик ишкерлери аяк астында тепселип, жазыксыз курман болуп кетишкен. Провокаторлор, ушакчылар миң-миңдеген жазыксыз адамдарды каралап, зордуктап азапташкан. Алардын бала-чакалары ботодой боздоп, жетим, жесир калып, ХХ съездге чейин шектүү эсептелип, куугунтукта кансыктап келишкен.

Бул жыйнактын милдетин айтпасак да өзүнөн-өзү белгилүү. Культ мезгилиндеги оор көрүнүштөр элесин берет. Ежов менен Бериянын кандуу колдору алкымдап турган оор күндөрдө да коммунисттердин көпчүлүгү Коммунисттик партия менен Кеңеш өкмөтүнө берилген бойдон кетишти. Ал түгүл Сталинге муң-зарын айтышып, ага жалбарган бойдон өтүштү. Бирок анын өзү айыптуу экенин билишкен эмес. Айлалары кеткенче бекер өлгүсү келген жок. «Бекер өлбөйлүк, эл үчүн илимге опыт кылып пайдалансаңар экен» деп суранган арыздары болду. Ошонун бардыгы элге, өкмөткө, партияга берилендиктин күбөсү болчу. Бул ыр жыйнагы ошол оор учурдун жандуу документи. Ушу кезге чейин чала түшүнгөндөргө түшүнүк берет. Танган жандимилерге, ушакчы провокаторго айгак болот».

«Ата-Бейит» мемориалы.
«Ата-Бейит» мемориалы.

Сталин заманында камакка алынып, эки жылга жакын абак азабын тартканы менен Аалы Токомбаев совет мамлекетинин сүйгүнчүк акыны болчу. 1934-жылы чыгармачылыгынын он жылдыгы мамлекеттик сый-урмат менен белгиленип, 30 жаштагы акынга мактоолор жааган. Ал кездеги республика жетекчилеринин бири Баялы Исакеевдин эң жакын адамы деп эсептелип, жаңы кыргыз адабиятынын башчысы болуп алган. Катарындагы Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Молдогазы Токобаев, Мукай Элебаевдерден бийик турган, улуттук көркөм сөз жаратуучуларга баш-көз болчу ишенимдүү кадр, кедей-дыйкандар заманынын жарчысы катары сыпатталган.

Идеологиянын акыны

Жаңы кыргыз адабиятынын жаралышы саясий талаш-тартыштардын, идеялык кагылыштардын, анан да чыгармачыл чөйрөгө өзгөчө мүнөздүү ич ара тиреш-күрөштүн шартында өткөн. Карама-каршылыктуу ошол процесстин чоо-жайын Самсак Станалиев мындай чечмелейт:

«1937-жылы 1-сентябрда камакка алынган. Өкүм чыккан. Токомбаев өзү эмне үчүн отуруп калган? «Токомбаев - Исакеевдин эн жакын адамы, Исакеевдин оң колу, Исакеевдин тапшырмаларын аткарган адам» дегендей күнөө жабылган».

Аалы Токомбаев түрмөдө жазган ырларынын айрымдары, мисалы «Үч чындык», «Эгер болсом», «Терегим», «Үч суроо», «Портрет», «Сүрөтүн тарт», «Ушакчылар жөнүндө» жана башка ырларынын артында катылган акындык ойду туюнган кылмыштуулар авторго кине коюп, «бул кандайдыр түрмөдө жазылган сыяктуу пессимисттик тондо жазылган, мындай жазууга эч кимдин акысы жок» дешип, маанай чөгөрчү ырлардын жарыяланышына тоскоолдук кылып келишкенин белгилеген.

Идеологиялык майдандын тайманбас жоокери деп эсептелген Аалы Токомбаевдин өз башынан кечирген оор апаатты кемелине келтире баяндап берген чынчыл чыгармалары ошентип бир топ жыл жарык көрбөй келген. Айтса, акындын кан-жанын берип, өзгөчө бир ынтаа менен жараткан айтылуу «Кандуу жылдар» дастаны да ушундай тикендүү сынга туш келген. Идеологиялык тазалыкты талап кылгандар ал чыгармадан деле бир топ саясий каталарды таап чыгышкан. Бул эми Аалы Токомбаевдин өзү өмүр бою ишенип, турмушунда колдонуп келген айныксыз жүйөлөрдү кайра өзүнө каршы колдонуу болчу. Улуу акын «көркөмдүк, асылдык сындуу адабияттын негизги эреже-талабынан мурда чыгармада так идеялык багыт болушу керек» деген жобону карманчу:

«Мен культтун убактысында камакта болдум. Бирок өкмөт менен партияга, анын жетекчисине гана айып коё албаймын. Саясий разведкаларда калпыстык болгонбу, ички, тышкы душмандар пайдаланып кеткенби деп ойлоймун.

Качан гана болбосун советтик эл, ар бир советтик адам кыраакы жана сак болууга милдеттүү.

Идеология маселеси 1-орунда турушу керек. Эски идеологиянын калдыгы (саркындысы), эски таптын (пережитки) саркынды калдыктары таптакыр жок деп айтыш - өзүн алдоо. Рас, бизде андай жок, таптын пережиткасы жок деш чоң ката деп ойлоймун», - деп ал өзүнүн чыгармачылык кредосун аныктаган.

Коммунисттик партиянын идеологиясына айныксыз ишенип, ага аянбай кызмат кылууга өмүрүн арнаган таланттуу инсандын саясий позициясын кээде сүрөткерлик дымагы басып кеткен. Мындайда окуган адамды ойлонткон, нукура көркөм чыгарма жаралган.

Совет нанын жеген ушакчы

1930-жылдары күчөп кеткен тап күрөшүнүн тушунда Аалы Токомбаев менен Касым Тыныстановдун тиреши чыккан. Анын жыйынтыгы биринин атылып, экинчисинин эки жыл бою НКВДнын түрмөсүндө отурушуна алып келген. Аалы Токомбаев абакта көргөн азап-тозокторунун артында Сталин түзүп койгон система эмес, ушакчы-шыкакчы турат деп эсептеген. Ошондон улам ал ушакчыны бүтүндөй бир системаны канга чылаган кылмышынын шыкакчысы деп эсептеген.

Мен эмес, элдин көбүн душман дейсиң,

Уялбай Совет нанын кантип жейсиң!

Бакыртып балаңды да…

Ким сага үйрөттү экен ушак-жалаа.

Далайдын жүрөгүнө салдың жара.

Советтик жерде туруп өмүр сүрүп

Кылганың душмандыкка жүзү кара!

Акын адам чыдагыс азапка, аёо билбес абакка дал ушул ушакчылардын айынан гана түшүп калганын баса белгилеп, «алар болбосо эркин жашоосун уланта бермекмин» деген ойду айтуудан тажабайт.

Ишенем, чындык сынбайт, майышса да,

Өлбөсөм күлүп чыгам кайта туулуп,

Ошондо арың болсо чыдай албай,

Өлөөрсүң ычкырыңа өзүң муунуп.

Жок өлбө, шүмшүктөрдүн үлгүсүсүң,

Түбөлүк шерменде бол элден куулуп…

Сталиндин көзү өткөндөн кийин совет коомунда бир топ өзгөрүүлөр болгон. Эң башкысы - «коммунисттик кызыл кыргын» айыпталып, азыноолок акыйкат айтыла баштаган. Ошондой орошон чакта Аалы Токомбаев «ушакчы» деп аткан каршылаштарынын бир-экөөнүн атын атады. Ортодогу келишпестиктердин чоо-жайын Самсак Станалиев айтканы бар:

Самсак Станалиев.
Самсак Станалиев.

«Темиркул Үмөталиевдин НКВДга, БКга жазган каттарында эки каты бар, Токомбаевдин иштебегенин, бай-манаптын баласы экенин айгинелеп, Жазуучулар союзун жетектебей койгонун жазып берген. Ошондо Темиркул Үмөталиевдин катынын негизинде Токомбаевдин үй-бүлөсү жазуучулар үйүнөн чыгарылып, азыркы (Бишкектеги – ред.) арак заводунун күн батыш тарабындагы майда үйлөрдүн бирөөндө жашаган. Ал жерге Тыныстановдун үй-бүлөсү да барып жашаган. Тигилерди эч жерге ишке албай, кызматка албай коюшканда өмүрү Кыргызстанга келбеген Токомбаевдин кайненеси ошол арак заводунда бөтөлкө жууп, анан мынабу Көк-Жардан жер алып, ошентип Токомбаевдин үй-бүлөсүн баккан. Токомбаев кандай түрмөгө отурду, кантип отурду, эмне иш кылды - аны эч ким айта албайт. Ошо, эки жылдай отуруп, акырында акталып чыккан».

Дагы бир белгилей кетчү жагдай: Аалы Токомбаев коомдук турмушта кадыресе өзгөрүүлөр боло баштаган мезгилде, тактап айтканда, 1962-жылы китебин басмага даярдоого киришкен. Андагы чыгармалар жаңы совет тарыхынын бүтүндөй бир доорун, болгондо да кан менен терге чыланган карама-каршылыктуу учурун көрсөткөн. Хрущевдун тушунда чындап эле саясий реформаларга жол ачылып, толук жаңылануу башталса Аалы Токомбаевдин ырлары эч тоскоолдуксуз чыгышы керек эле. Бирок андай болгон эмес. Китеп чыкканга чейин, чыккандан кийин талаш-тартышка түшүп, колдонуудан алынып салынган.

Репрессияны айыптаган ырлар

Китепке кирчү чыгармалар тууралуу автордун өзү түшүндүрмө берип, кыскача баш сөз жазган:

«Бул ырлардын тарыхы жөнүндө бир-эки сөз айтууга туура келет. Бул ырлардын жазылганына мына 25 жыл болуп баратат. Бирок маанисин жоё элек. Жүзү караларды жектөөгө азыр керек. Бул ырлар ар дайым тергөөчүлөрдүн колуна кетчү. Бирок кимден табылса алар кошумча кордук тартышчу.

Бошонор алдында 1939-жылы менин талабым боюнча комиссиянын кароосунан кийин өзүмө кайтарылган, бул ырлар өзүм менен кошо чыккан. Бирок эчен жүздөгөн баракчалар жоголуп кеткен, колума тийгени бир нече жүз гана баракчалар, сайма сайылган чүпүрөктөр, нандан жасалган Маркстын бюсту болгон (Так ошондой эле Ленин менен Пушкиндин бюсттары».

Эки жылдык түрмөдө отуруп акындын оголе көп чыгармаларды жаратышы, сайма сайып, нандан бюсттарды жасашы каардуу замандагы катаал чындыкка анча коошпой да кетет. Муну Самсак Станалиев да белгилейт:

«Жок, мен андай фактыларга анча ишенбейм. НКВДнын түрмөлөрүндө андай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал тургай кашык да берген эмес».

Сталинден кийинки «хрущевдук ала баардын» желаргысы согуп, мурда бекем жаап-жашырылган кылмыштардын кыйласы бир четтен чубалып чыга баштаган. Ошол кездеги азыноолак кайып-каскагынан келип калган эркиндикти пайдаланып, улуу акын дагы бир ичтеги аздек сырын алдыга жайган:

«Кийин Сталинди душман катарында мээримсиз катары баалашып баратканы мага түшүнүксүз. Бул маселе жалаң эле өзүбүздүн ички саясат эмес ко? Кандайдыр башка өлкөлөрдүн да тиешеси болсо керек. Бул жөнүндө чечкиндүү эчтеме айта албаймын».

Буга улай Аалы Токомбаев минтип жазган: «Бизде либералдык болууга тийиш эмес. Либерализм коммунисттин тескерисинде турат. Либералдар терс идеологияга мүмкүндүк берет. Андайларды жетекчиликке коюш эң эле кооптуу».

Ал эми «Момия» деген ыр китебине жазган баш сөздүн биринчи вариантында акын дагы бир сырдын четин чыгарган:

«Бул ырларда түркүн ойлор, жоруулар, үмүттөр бар. Ишеним менен элге кайрылуулар, партия менен өкмөткө берилгендик, ошондой эле белгилүү түрдө муңдун тактары да сезилет. Адамдын сапаттары көрсөтүлгөн. Айрыкча кылмыштуу суракчылардын аракеттери, ушакчылар менен провокаторлор өтө көрө албастык менен белгилеген, ал гана эмес, күлкү, мыскылдар да учурайт. Каргашалар кайталанбас үчүн алардын пардасын ачууда, элге чындыкты билдирүүдө бул чыгарма өзүнүн милдетин аткарат го деп ойлоймун».

Аалы Токомбаев - кыргыз совет адабиятынын айныксыз классиктеринин бири, чебер лирик, ыр менен жазылган романдын автору, мыкты кара сөзчү, драматург, адабиятчы, сынчы, публицист, кыскасы, көркөм кызыкчылыктары кеңири жайылган улуу талант. Анын артында калтырган адабий мурасы көлөмүнүн көптүгү, тыным билбес мээнетинин аркасында жаралган чыгармаларынын бир тобу ушу азыр да кызыгуу менен окулат. Көркөм сөз алпынын зирек акылы менен оргуган көркөм фантазиясынан жаралган ал чыгармалардын «экинчи өмүрү» узак болушу ыктымал.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG