Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 21:55

Кандуу жылдар: көздөн учкан ууч талкан


Төрөкул Айтматов.

Сталиндик репрессияда эки бир туугандын төрт уулу жок кылынган.

Төрөкул Айтматовдун ишин улачу төрт баласы артында калса, бир тууган иниси Рыскулбек үйлөнө элек болчу. Айтматтын бир тууганы Биримкулдун эки уулу Алымкул, Өзбек Биримкуловдор сүргүндөн кайтпай калышкан.

Эстелик китепте экөө

Сталиндик репрессия курмандыктарынын “Эскерүү китебинде” Рыскулбек менен Төрөкул Айтматовдун ысымдары катар турат.

Айтматов Рыскулбек, 1912-жылы Кыргыз ССРинин Киров районунун Шекер айылында туулган.

Улуту – кыргыз.

Жашаган жери: Кыргыз ССРинин Фрунзе областындагы Киров району, колхоздун мүчөсү.

Камакка алынган убактысы: 1937-жылдын октябрь-ноябрь айы, антисоветтик ишмердиги үчүн.

Өкүм 1937-жылдын 1-декабрь айында 10 жылга эркинен ажыратылган.

Эскертүү: 1956-жылы 17-февралда акталган.”

“Айтматов Төрөкул, 1903-жылы Кыргыз ССРинин Киров районунда туулган. Улуту – кыргыз.

Жашаган жери: Москва шаары (окууда), ВКП(б)нын 2-катчысы.

Камакка алынган күнү 1937-жылдын 1-декабь айы, антисоветтик ишмердиги үчүн. Өкүм 1938-жылы 5-ноябрда эң жогорку жазага тартылган.

Эскертүү: 1957-жылы 15-июнда акталган.”

Айтматтын бир тууган агасы Биримкулдун кандуу кыргынга туш келген эки уулу Алымкул менен Өзүбек тууралуу “Эскерүү китебинде" эч кандай маалымат жок. Эки бир туугандын үч уулу Төрөкул Айтматовдун жакыны болгондугу үчүн гана камакка алынып, катаал жазага кириптер болушкан.

Айыл негиздөөчү

Алымкул - Биримкулдун тун уулу. Ал совет бийлиги үчүн аянбай кызмат кылган инсан болчу.

Жакын карындашы Роза Айтматованын эскерүүсүнө караганда, азыркы Шекер айылын түптөгөн алгачкы активдердин бири болгон. Жаңы бийлик келгенде кытай уруусунун курамындагы шекерлик туугандарын тоого ыктабай түз, кенен жерге отурукташууга үндөп, элди көчө-көчөгө бөлүп ырааттуу жайгашуу демилгесин Алымкул Биримкулов баштаган.

Төрөкул жана Нагима.
Төрөкул жана Нагима.

Жаңы бийликтин саясатын элге түшүндүрүп, жаңы чарбаны жолго салууга күч үрөгөндөрдүн бири болгон. Ошентип, жашоо-турмуш азыноолок оңолуп, эми тынчтык болсо экен деп турушканда дагы бир зомбулук – колхоздошуу чыккан.

Ага улай “эл душмандарын” табуу жараяны күч алып, улам өзгөрүлгөн саясаттан жүрөгү түшүп, элтейип отурганда Төрөкул Айтматовдун асманында кара булут айланып, чиедей балдарын жетелеп Москвадан Нагима эне Шекерге келет.

Москвадан күзгө жуук айылга жөнөп жатканда Нагима апа күйөөсүнө балдарды айылдагы туугандарга таштап эле кайрылып келерин, камалып калса артынан издеп барып жолугушарын айтып келген. Бирок бала жүрөгү сезгич, тогузга чыгып калган чоң уулу Чыңгыз атасы менен апасынын чытылган кабагынан, чолок кайрык сөздөрүнөн суук илепти сезип, вагонго кирип-кирбей күчүн ыйдан чыгара баштаган. Ошол кезди улуу жазуучу кийин чыгармаларында, эскерүүлөрүндө көп эскерген. Кайран ата, чөжүрөгөн балдарын узатып Москвада калып жатканына ичи күйүп, поюзду жандап кыйлага чуркаганы, узатып атканда үн чыгарса эле “ба” деп ыйлап жиберчүдөй эрдин бекем кымтыган элеси баласынын эсинде түбөлүк калды.

Нагима эне чиедей төрт баласын алып Москвадан Шекерге туугандарына келгенден бир ай убакыт өткөндөн кийин Алымкулду камакка алышат. НКВДнын райондук бөлүмүнөн келген кызыл шапкечендер элдин баары уктап аткан түндө келип кармашты. Мамлекеттик коркунучтуу кылмышкер катары эки колун артына байлап, атка мингизип Маймак станциясына алып кетишти. Ал жерден Москвадан келаткан поюздун камактагылар отурчу вагонуна салышып Фрунзеге алып кетишти.

НКВД кызматкерлеринин “боорукердигиби” же борбордо отургандардан буйрук түшкөн эмеспи, “эл душманы” делген Төрөкул Айтматовдун аялын камакка алып, балдарын Жетимдер үйүнө беришпеди. Туугандарынын нааразылыгы чыгып кетишинен чочуштубу же саясий айып менен кармалгандардын текши баарынын аялдарын камай бериштен тартыныштыбы, иши кылып, Төрөкул Айтматовдун аялы менен төрт баласы катаал жазадан ал ирет аман калышкан. Бирок “контурдун аялы”, “контурдун балдары” токонаалатынан алар кыйла жылдар кутулбай, ачык-тымызын кодулоонун алдында жашашкан.

Алымкулду Төрөкулдун үй-бүлөсүнө ачык каралашканына, көмөктөшкөнүнө байланыштуу камакка алынганын туугандары оор кабыл алышат. Бир тууган инисинин камалганын угуп эжеси Гүлайым эси ооп жыгылганын, ошондон бери капыс кабар укса эле ал киши калтырап-титиреп жыгылып калчу болгонун Роза Айтматова “Тарыхтын ак тактары” эскерүү китебинде жазган.

Алымкул Биримкулов шекерликтер үчүн айыл кеңештин башчысы эмес, ар биринин боорукер кеңешчиси болчу.

Баарысы иши чыкса биринчи Алымкулга барышчу, ошондон кеңеш сурашчу. НКВД кызматкерлери алып кетерге чукул ал иниси Керимбекке жолугуп, тоо кандай, жылкылар кантип атат деп сураган экен. Иниси бир тууган агасын ошондо эле тоого алып барып жашырып койбой, бул эми "менин иттигим" деп кайгырып кала берген.

Шекерден Манжурияга

НКВДнын кызматкерлери айылдык кеңеш төрагасынын үйүн улам-улам тинтип, андагы колго илинчү буюмдардын баарын алып кетишет. Алымкул камалгандан кийин Кимбилдинин неберелерин камоо кайра күчөйт. Төрөкулдун жалгыз иниси Рыскулбекти “эл душманынын иниси” деп Фрунзедеги окуусунан чыгарып, ал да айылына келип баш калкалап жүргөн.

Рыскулбекти да “инкүүнүн желдеттери” түндөсү келип камакка алышат. Ал эжеси Карагыздын үйүндө жашап жүргөн. Ал окуяны тестиер Чыңгыз Айтматов көрүп калган. Репрессия курмандыктарын “Эскерүү китебинин” бетачар аземинде Роза Айтматова ошол учурду минтип эскерди.

"Чыңгыз Төрөкуловичтин эскерүүсүндө жазганы бар, “түндөсү уктап атып ойгонуп кетсем үйдө формачан кишилер жүргөн экен. Рыскулбек акем кийимин кийип, анан “Чыңгыз, коркпо, мен кайра келем” деп, ошентип аны алып кетишти” дейт. 82 жыл илгери акебизди кайда алып кетишкенин, кайда калганын билбейбиз. Ошондой мага окшогон кишилер көп болуш керек деп ойлойм".

Рыскулбектин камалганына жакындары аябай күйөт. “Ээ, айланайын, ушу бирөөгө кылдай жамандыгы жок бала кантип душман болуп калсын?! Камалбаса бизге тоодой арка-бел болбойт беле!” деп Нагима апа арманын айтып, күн санап качан бизди алып кетер экен деген коркунуч менен жашайт.

Рыскулбек камактан агасынын бала-чакасын, анан бир тууганынан кат-кабар барбы деп, анын балдарынын ар биринин атын атап, абалын сурап турат.

“Апамын сандыгында ошол каттардын бири сакталып жүрдү, ушу акыркы каты болуш керек", - деп жазат Роза Айтматова.

– Кийин ал жоголуп кетти окшойт, бирок анда жазылгандарды мен жатка билчүмүн. Ал катты канча жолу кадалып кайра-кайра окудук. Окуган сайын буулугуп ыйлагым келет: ал катты жөн окуш мүмкүн эмес болчу. Башында ал баарыбызды сурачу, сак-саламат жүрүшөбү дечү, баарынан да агасы Төрөкулдан кабар барбы деп сурап, анан өзү жөнүндө жазчу. “Бизди Манжуриянын чегине алып келишти, жол курат экенбиз. Суугу тим эле сөөктөн өтөт. Эки бөйрөгүмө суук тийип, ошо кыйнап атат. Оор жүк көтөргөндө бөйрөгүм сыздап ооруп, азапты көрсөтүүдө. Бул жерде тамакты кимдин кандай иш аткарганына жараша беришет. Норма аткарбаган ачка эле калат. Бөйрөгүм ооругандан нормасын аткара албай калып жатам. Ач калып, аябай арыктадым. Силердин жагдайыңар деле жакшы эмес экенин билем, бирок шартыңар болсо мага бир баштык талкан салып ийгилечи. Тамак эле сурайт дебегиле. Бир баштык талкан мага беш-алты айга жетет. Калганын көрө жатарбыз, Кудай берсе жакшы болуп калар…”.

Рыскулбек айткан өтүнүч аткарылды. Бирок ошол көздөн учкан талкан тирүүсүндө ага жетти бекен? Артында туягы калбай армандуу тагдырга туш келген инисине Карагыз апа катуу күйүп, Төрөкулдун балдарына “Рыскулбек абаңарды эстей жүргүлө, арбагына арнап куран окуй жүргүлө” деп табыштачу экен.

Биримкулдун чоң уулу селсебет Алымкулдан акыркы кат согуш башталган жылы келип, ошону менен байланыш токтогон. Ал коргошун кенинде иштеп жатканын, бу балакеттүү жерден аман калгандар болбосун, абалы кыйын экендигин жашырбай жазган экен. Алымкул да Төрөкулдан кат барбы, кабар болсо эле мага билдиргиле дептир.

Атанын уулу

Биримкулдун кийинки уулу Өзүбек агасы менен иниси камалгандан кийин Шекерден из жашырып, шоруң каткыр ал да зыяндуу кенге ишке кирип, сөөгү чет жерде калыптыр.

Жакындарынын арыздарына жооп кылып 1956-жылы республиканын коопсуздук кызматы Алымкул абактан бошотулганда жолдо каракчылардын колунан набыт болгонун кабарлоо менен чектелген.

Ошондон эки жыл өткөндөн кийин Биримкулдун кичүү уулу Керимбектин үйүндө Алымкул, Төрөкул, Өзүбек менен Рыскулбектин кара ашын беришип, жакындары куран окутушат.

Рыскулбек менен Төрөкул Айтматовдор 1956 - 1957-жылы акталышкан.

Таң калыштуу дагы бир жагдай, сталиндик репрессиянын кандуу чалгысы Биримкулдун кичүү уулу Керимбекти кыйгап өткөн.

Чыңгыз Айтматовдун айтылуу “Гүлсарат” повестиндеги Танабай Бакасовдун прообразына айланган жылкычы Керимбектин көргөн азап-тозогу абактагыдан анча деле кем болгон эмес. Керимбек жайын-кышын тоодо, анча-мынча жалакай киши чыдагыс оор иште болгондуктан ага катышкан эмес окшойт.

Эркиндикте эле болгону дебесе, анын абалы репрессия азабына туш келгендерден анча деле айырмаланган эмес. Ушул жагдай аны катаал жазадан сактап калган шекилдүү.

Төрөкул Айтматов отуз төрт жашында мамлекеттин кандуу капканына кабылып, атылып кеткен. Анын ишин уланткан тун уулу Чыңгыз Айтматов 34 жашында СССРдин эң бийик Ленин сыйлыгына арзып, кыргыз адабиятын жаамы дүйнөгө таанытты.

“Эл душманынын” баласы “контурдун уулу” Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда оорукта оор жумуштарды аткарып, мектепти таштоого аргасыз болгон. Билимге ынтызар улан кийин Жамбулдагы Зооветеринардык техникумду, ага улай Кыргыз айыл чарба институтун эң мыкты бүтүрүп, илимий изилдөө ишинде калтырылган.

1953-жылы айылда калган апасы менен бир туугандарын Фрунзеге алып келип, хрущевдук “алабаарда” атасынын акталганын угуп, бирок сөөгү кайсы жерде көмүлгөнүн билбей, ал арманын “Саманчынын жолу” повестиндеги арноосунда ачыкка чыгарган. Атасынын сөөгү кайсы жерде коюлганын билбестиги арылгыс арманы экенин ачык билдирген. Ал кезде андан артык сөз айтыш кыйын эле.

1990-жылы Төрөкул Айтматовдун сөөгү, чөнтөгүндөгү өкүм кагазы табылып эчен жыл арманда жүргөн Айтматовдордун көксөөсу аз да болсо сууду. Бирок Төрөкулга улай репрессия азабына туш келген Алымкул, Өзүбек Биримкулов менен Рыскулбек Айтматовдун кайсы жерде качан каза болгону, сөөгү кайсыл жерге жашырылганы белгисиз калды.

“Согуш башталганда мен болгону он үч жаштагы тестиер болчумун, - деп жазган 1975-жылы Чыңгыз Айтматов айтылуу “Манас атанын ак кар көк музу” эскерүүсүндө.

– Биздин муундун чоң турмушка аралашуусу ошентип башталды. Он төрт жаштагы бала айылдык кеңештин катчысы болуп иштейт дегенге ушу азыр деле ишенбей кетем. Согуш учурунда бүтүндөй бир айылдын биртоп эле оор маселелерин чечүүгө катышып калдым. Ал кезде мындай иш адаттан тыш нерсе катары деле сезилчү эмес”.

Сталиндик репрессияны Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн” романында Абуталип менен Зарипанын татаал турмуш жолу аркылуу, “чекир көз Таңсыкбаевдердин” образы аркылуу кемелине келтире ачып берди. Андай бар тарабы шайкеш келген чынчыл чыгарманын жаралышы, тарыхка таасын баа бериш үчүн убакыт керек экен. Ошондой убакыт социализмдин куюшканы кыйшайган кезге туш келди окшойт. Жашырылган жабык сырдын ачылышы акыры социализмди уратып тынды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG