Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Ош: Айтматов барган бала бакча

Чыңгыз Айтматовдун балалык изи Ошто да калганын көпчүлүк биле бербесе керек.

Төрөкул Айтматов Сталиндик репрессияга кабылганга чейин Ош шаарында жашап, Араван Бура райкомунун биринчи катчысы болуп үч жыл иштеген экен. Ошол учурда 4-5 жашка чыккан Чыңгыз Оштогу №1 бала бакчада ондогон орус балдар менен бирге тарбияланган. Айтматовдор жашаган үй кийин кинофикация мекемеси болуп калган. Оштогу киночулар ал үйдүн бир бөлмөсүн Чыңгыз Айтматовдун үй музейи кылып коюшкан.

16x9 Image

Ыдырыс Исаков

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

XS
SM
MD
LG