Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:10

Агартуучунун азаптуу тагдыры


«Ата-Бейит» мемориалы.

Мааданбек Барашов эртелеп кат таанып, совет бийлигинин убагында Ташкендеги мугалимдердин алты айлык курсун бүтүп, бир топ жыл айылында мугалимдик кылып, кийин саясий иштерге аралашкан.

«Бай-манаптар менен байланышта болгон» деген жалаа менен партиянын катарынан чыгарылып, 1937-жылы «эл душманы» катары камакка алынып атылып кеткен.

Тоо түбүндөгү айыл

Мааданбек Барашов Ак-Талаа өрөөнүнүн Кош-Кашат деген жеринде 1887-жылы төрөлгөн. Ал кезде азыркыдай көчө-көчөгө бөлүнгөн айыл жок, ар ким өз кыштоосунда кыштап, жайлоосунда жайлап, дыйканы аштыгын эгип, малчысы жайкысын жайлоого чыгып, күндөлүк тиричилик ыргагы бир калыптагы нугунда уланып келген. Мааданбек эр жетип калган кезинде атасы өлүп, үй-бүлө түйшүгү апасынын мойнуна түшкөн. Апасы Айша өрөөнгө белгилүү колу чебер уз экен, ошол ишинин аркасы менен кийим тигип, Касымбек болуштун боз үйүн кооздоп, үйдөгү балдарын кор кылбай багыптыр. Чебер уздун уулу Мааданбек алты жашынан айылдагы молдодон окуп кат таанып, жаш кезинде «бала молдо» катары элдин баарын намазга жыкканын айтып жүрүшөт.

Кийин совет бийлиги келгенде толтурган өмүр баянында Мааданбек Барашов: «Ата-энем колунда жок кедей жашаган. Атамдын бардык өмүрү мурапчылык менен өтүп, 1905-жылы көзү өткөн соң беш жумушка жараксыз үй-бүлөнү багыш үчүн ар кандай жумушка жалданып иштөөгө аргасыз болгом» деп белгилеген. Ал кезде толтурулчу өмүр баяндардын баары коёндой окшош, баарысы кедей-дыйкандын балдары болчу. Мааданбектин атасы мурап, энеси өрөөнгө белгилүү чебер болгондон улам алардын жашоо-турмушу анчалык деле оор болгон эмес окшойт.

Мааданбектин атасы 1905-жылы көз жумган. Апасы Айшанын чебердиги, тыным билбес мээнеткечтиги менен атасынан ажырап калган үй-бүлө эл катары оокат-тиричилигин өткөргөн. Итке минген кедей болсо Айша уздун уулу Мааданбектин эртелеп билим алып, Ташкенден окуп, айылында Касымбек болуштан калган тамда мектеп ачып, балдарды окутмак эмес. Өрөөндөгү таасирдүү адамдардын бирине айланышы да кыйын болмок. Ал кишинин аракети, демилгеси менен Ак-Талаада биринчилерден болуп жаңы кыштак түптөлүп, Дөрбөлжүн айылы пайда болгон. Мугалим болуп иштеп, кыштакка келиштире үй салып, анысы Мааданбектин «ак тамы» деп башкалардан өзгөчөлөнүп турчу экен. Алыстан акиташ алдыртып, үй сыртын актоону ушул киши баштаган окшобойбу.

Иши кылып, Мааданбек Барашовдун агартуучулук эмгеги ушу кезге чейин айылдаштарынын арасында айтылып келет. Мындай агартуучулар ал кездеги тоолуу кыргыз айылдарында беш манжа менен саналчу. Ким билет, 1917-жылы орус колониалдык бийлиги алмашып, башкаруу тизгини большевиктерге тийбесе «бала молдо» Мааданбектин турмушунда деле олуттуу өзгөрүү болбос беле? Большевиктер бийлиги кыргыз жерине кенен жайыла электе саясатын жүргүзүп камчысын чапчу билимдүүлөр керек эле. Мааданбек Барашовдун жаңы заман курууга жан-дили менен аралашып кетишине мына ушул жагдай себепкер болгон.

Ириде ал билимин улантууга куштар болчу. Айылдан окуган арабча билими чектелүү экенин аңдап, окууга өзгөчө ынтызар инсанды жаңы бийликтин билимдүүлөргө ык тартканы чечекейин чеч кылган. Мааданбек Барашов айылындагы коомдук иштерге аралашып, жаңы бийлик башчыларынын баамына илинип, 1920-жылы Нарын райондук аткаруу комитети аны Ташкендеги мугалимдерди даярдоочу жарым жылдык курска жөнөткөн. Мугалимдик Мааданбектин көңүл көксөөсүндөгү кесиби эле. Карапайым калктын сабатын ачып, айыл элин жаңылыкка үндөөдөн артык дагы кандай маанилүү иш болсун!

Большевиктер партиясынын жамы журтка жаккан ураандарынан калк сабатсыздыгын жоюу, милдеттүү башталгыч билим берүү элди ыраазы кылган. Ташкендеги окуган жарым жыл ага оголе көп нерселерди берди. Ал кезде советтик Түркстан автоном республикасынын борбору Ташкенге Орто Азиянын булуң-бурчунан билим эңсеп келген жаштар көп эле. Большевиктер партиясы Жаңы экономикалык саясатын ишке ашыруунун аракетинде жүргөн, Орто Азия чөлкөмүндө улуттук өз алдынча бөлүнүү жараяны башталып калган. Жаңы турмуш ыраатын көрүп калган Мааданбек Барашовдун Ташкенден келгенден кийинки эмгек жолу советтик-партиялык нукка түшкөн. Окууга кетер жылы айылында партия мүчөлүгүнө өткөн эле. Курсту аяктап келгенден кийин Ак-Талаанын Чоро болуштугунда 1924-жылга чейин мугалимдик кылган. Анан 1924-жылдын жазынан кийинки жылдын мартына чейин Нарында кантондо агартуу союзунун жетекчиси болуп иштеген. 1925-жылы аймактагы советтик соода уюмунун башчысынын кызматын аткарган. 1926-жылдын мартында Нарын канткомунун профсоюздар бюросунун башчысы болуп шайланган. Бул кызматты жетектеген адам ВКП(б) Нарын канткомунун аткаруу комитетинин мүчөсү болуп эсептелчү. Ал эми Нарындагы соода уюмунун башчысы болуп турган кезинде республикалык советтик соода кызматчылар бөлүмүнүн мүчөсү болуп шайланган.

Айтса, Нарын кантонунун жооптуу кызматкери Мааданбек Барашов 1927-жылдын 7-12-мартында Пишпекте өткөн Кыргыз автоном республика кеңештеринин биринчи уюштуруу курултайында теңир-тоолуктардын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөгөн. Буга чейин деле ал жооптуу жыйындарга катышып келген. Көпчүлүк эл катышкан жыйындарда Нарын канткомунун атынан сүйлөгөн инсандын аты чыгып, ишенимге арзыган. Ошол эле учурда саясий талаш-тартыштарга жык толгон советтик-партиялык мекеме-уюмдарда көрүнөө-көмүскө жаатчылык, каршылашын кандай да болсо ээрден эңип түшүү аракетине баш-оту менен берилип алгандар деле арбын болчу. Мындай жагымсыз жагдайдан чыгыш үчүн борбордук бийлик тигил же бул кадрды кыска убакытка жооптуу кызматка дайындап, бир аймактан экинчисине ыкчам которуп турчу.

«Мааданбектин ак тамы»

Мааданбек Барашовдун тапшырылган ишти так аткарып, ишке баш-оту менен киришүүсү, анан да эл алдында чыкканда өз оюн так, даана, ынанымдуу туюндура алганы каршылыштарына жакпай калган. Алар Барашовдун ишинен кынтык таба албай, «бай-манаптык элементтер менен карым-катнашта болгон» деп кине коюп, 1928-жылы аны партиянын катарынан чыгарууга жетишкен. Ошону менен анын сегиз жылдык партиялык ишмердигине чекит коюлуп, ойдо жок жерден опсуз кинеге кабылган. Акыйкатка жете албаган Мааданбек Барашов Нарындан айылына келип, уюштуруу иштерине киришкен.

Жаңы ишти баштоого дилгир агартуучу Ак-Талаада чачкын жайгашкан уруулаштарын бир жерге чогултуп, отурукташууну баштайт. Айылына бир топ соода, маданият жайларын курдурууга жетишет, элет жери үчүн кадыресе жаңылык деп эсептелген бак-дарак отургузууга киришет.

Өткөн кылымдын 30-жылдарына чейин кокту-колотту ээлеп жаткан уруулаштарын бир айылга отурукташтыруу Мааданбек Барашов сындуу алысты көрө билген агартуучунун гана колунан келмек. Ак-Талаадагы Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылы - Барашовдун демилге-аракети менен түптөлгөн калктуу конуш. Ошол айылдагы №40 Мааданбек Барашов атындагы кесиптик окуу жайында жыл кур эмес тарыхый окуяларга арналган иш-чаралар өтүп турат. Дөрбөлжүндүктөр Ак-Талаадан чыккан тарыхый инсандардын өмүр жолун баяндаган чакан музей ачып, анда Мааданбек Барашов тууралуу да кыскача маалымат илип коюшкан. Анда мындай деп жазылган:

«Барашов Мааданбек 1887-жылы Дөрбөлжүн айылынын Кош-Кашат өрөөнүндө туулган. Атасы Бараш Мааданбек кичине кезинде каза болгон. Апасы Айшанын колунда чоңойгон. Айша колунан көөрү төгүлгөн уз болгон, Касымбек болуштун, үй-бүлөсүнүн кийим-кечектерин тигип берип, балдарын кор кылбай баккан. Мааданбек зээндүү болгондуктан 6 жашынан баштап молдодон окуп сабатсыздыгын жойгон. 12 жашында арабча окуганды үйрөнүп, мусулманча окууну бүтүргөн. Мааданбек 1905-жылы кыргыз-тузем мектебин бүтүрүп, 1918-жылы Ташкенттен Орто Азия университетин бүтүрүп келип, райондогу биринчи билимдүү адамдардан болгон. 1920-жылы райондо биринчи башталгыч мектепти Касым деген манаптын тамында ачып балдарды окуткан. 1921-1922-жылдары Дөрбөлжүн айылына 6 бөлмөлүү узун коридору бар мектеп салдырып, үстүн жаап астын тактайлап, парта жок болгондуктан жерге отургузуп окуткан. Ак-Талаа районуна биринчилерден болуп дүкөн ачкан. Биринчи курулуштарды баштап там салдырган. Өзү кирген тамды Анжияндан акиташ алып келип тышын аппак кылып актатып койгондуктан «Мааданбектин ак тамы» деп аталып калган. Ак-Талаанын элине керектүү товарларды алдырып келип камсыз кылып турган, элди таза суу менен камсыз кылуу максатында 2-3 жерден кудук каздырып суу чыгарткан, Баетов айылынын түптөлүшүнө биринчилерден болуп чоң салым кошкон адам болгон. Көчөлөргө бак тиктирген. Райондун өнүгүшүнө алгачкылардан болуп чоң салым кошкон. Партиянын катарына өткөн. Нарын кантонунда облустук аткаруу бюросунун башчысынын милдетин аткарган. Барашов Мааданбекти 1937-жылы «Эл душманы» деген жалган жалаа жабылып, камакка алган. 1938-жыл 51 жаш курагында «Ата-Бейитте» атылган. 1957-жылы акталган. Баетов айылындагы №40 кесиптик лицей ушул кишинин ысымында».

Репрессия курмандыктарын иликтеп келаткан белгилүү илимпоз Жумагул Байдилдеев ырастагандай, Мааданбек Барашов 1937-жылдын 31-октябрында камакка алынган. Ага «буржуазиячыл-улутчул» деген айып коюлуп, «контрреволюциялык үгүт иштерин жүргүзүп, ар кандай чагымчыл ушак сөздөрдү тараткандыгы үчүн» катаал жазага тартылган. Туура эки айдан кийин НКВД «үчилтигинин» өкүмү менен эң жогорку жазага тартылып, атууга кеткен. Өкүм кийинки жылдын 9-январында ишке ашырылган. Башка жүз миңдеген репрессия курмандыктары сындуу эле анын кайсы жерге сөөгү жашырылганы белгисиз бойдон калды.

1957-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту Мааданбек Барашовдун иш-аракетинде кылмыштын жоктугуна байланыштуу «үчилтиктин» өкүмүн жокко чыгарып актаган. Андан кийин партиянын Фрунзе шаардык комитети партиялыгын калыбына келтирди. Ошентип өмүрүн агартуучулук, коомдук-саясий иштерге арнаган улуу инсандын жалган жалаа курмандыгына айланганы ырасталды, элине жасаган ак кызматы эскерилди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG