Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 01:23

Компартиянын «өгөй» баласы


«Ата-Бейит».

Алымкул Жумагулов совет бийлиги келгенге чейин эле билим алып, эл башкаруу ишине катышып калган ишмер болчу.

Жаңы бийлик кезинде анын башы куугунтуктан чыкпады. 1937-жылы камакка алынып, 30-декабрда атууга өкүм чыгарылган. 1938-жылдын январында атылган.

Тилмеч, катчы

Алымкулдун атасы Жайлообай уулу Жумагул сабаттуу молдо киши болуптур. Жумагул бир топ санжыралар менен элдик оозеки чыгармалардын тексттерин жазып калтырган. Билим баркын билгенден улам ал уулун 11 жашында Жайылдын Кум-Арык айылындагы Алымбек датканын медресесине, кийин Олуя-Атадагы орус-тузем мектебине берген.

Алымкул Жумагулов 1893-жылы Кум-Арык айылында төрөлгөн. Анын билим жолу Олуя-Атадагы башталгыч мектептен башталып, аны аяктагандан кийин ошол эле шаардагы жогорку башталгыч окуу жайынан окуусун уланткан. Окуу жайында мугалимдерди даярдашчу. Ал кезде мугалимдик эл арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ, билим алууга кызыккан жаштардын жандай сүйгөн кесиби эле.

А бирок Алымкул мугалимдикке тартылбай, башкаруу кызматына чегерилген. Орус колониалдык бийлигинин тушунда жергиликтүү элден чыккан билимдүүлөр кеңсе жумуштарына жарачу. Алымкул Жумагулов да аракетчилдиги, ишке бүйрө мамилеси менен үйөз жетекчилеринин баамына илинип, 1915-1917-жылдары Олуя-Ата үйөз башчысынын тилмечи, катчысы болуп иштеген. Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, үйөз башчынын тилмечи, катчысы ошол кездеги Орусиядан келген дыйкандар менен жергиликтүү калктын ортосундагы жер талаштарын чечүүгө катышчу. 1893-жылга чейин дыйканчылыкка жарамдуу жердин 42,3% жергиликтүү элге, калган 57,6% жер келгиндерге тийген. Ал кезде кыргыздар калктын 94% түзгөн.

Жер маселеси жыл санап күчөп, жергиликтүү элдин нааразылыгы соңунда 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келген. Алымкулдун орус колониялык бийлигинин тушундагы кызмат тепкичи үч жылга жетпей аягына чыгып, 1917-жылы заман өзгөрүлгөн. Убактылуу Өкмөт бекем орун-очок ала элек кезинде ар кыл саясий кыймылдардын күнү тууп, Алымкул Жумагулов солчул эсерлер партиясына мүчө болуп кирген. Бирок ал жерде аны катарлаштары «большевиктер партиясына жан тартат, келечектүү кыймылдын ишине жигердүү катышпайт» деп кодулай баштаганда солчулдардан чыгып, большевиктердик катарына кошулган. Бул эми 1918-жылдагы окуя. Башкаруу тизгинине илешип, саясий аба ырайынын түрүн көргөн аткаминер ал жылдары жамыраган саясий кыймылдар арасынан большевиктерге ык тартып, өзүнүн да, элинин да тагдырын ошого байланыштырышы жөн жерден болбосо керек.

Анын үстүнө ал кезде совет бийлигинин Түркстан аймагында жүргүзчү саясаты жакшы аныктала элек, орус падышасынын өкүмзор башкаруусу кулагандан кийин калк камын ойлогон билимдүүлөр арасында улуттук өз алдынча болуу аракети, ошол эле учурда мусулмандар кыймылы күчөп турган. Алымкул Жумагулов Т. Рыскулов, Б Кашкынбаев жана башка ошо кездеги таанымал ишмерлер менен бирге 1919-жылкы Советтердин жалпы орусиялык 8-курултайына катышкан.

Жер реформасы

Жаңы бийликтин советтик Түркстандагы өзгөчө маанилүү маселеси деле жер болчу. Бул ишке Алымкул Жумагулов алты жыл убактысын короткон. Олуя-Ата менен Пишпек үйөздөрүнүн жер реформасы боюнча «өзгөчө үчилтигинин» башчысы болгон. «Үчилтик» совет бийлиги менен Орто Азия чөлкөмүнө ошо жылдары эле келип калган. 1921-жылдан тартып башталган жаңы экономикалык саясат боюнча мурда бир ууч төбөлдөрдүн колундагы опсуз көп жерди карапайым калкка бөлүп берүү, большевиктердин «Жер – дыйканга!» ураанын ишке ашыруу толгон-токой тоскоолдуктар менен жүргөн. Алымкул Жумагулов мына ушул маанилүү иштин өтөлүн алганы менен өзүнө толгон-токой душмандарды тапты.

Анын өмүр баянына баам таштаган адам А. Жумагулов ашып барса бир же эки жыл, болбосо жарым жылга жетип-жетпеген убакыт ичинде кызматтан кызматка которулушун байкай алат. Жергиликтүү кадрлардын минтип ат тезегин кургатпай кызмат алмашуусу жаңы бийликтин уруучулдукка, тууганчылыкка каршы күрөшүнөн чыккан аргасы болчу.

Тарыхтан белгилүү, 1918-жылы РСФСР курамында Түркстан Автоном советтик социалисттик республикасы түзүлгөн. Жаңы түзүм 1-майдан тартып ишке киришкен. Бул кезде Алымкул Жумагулов Олуя-Атадагы жумушчу менен солдат депутаттар кеңешинде иштеп жаткан.

Анын турмуш жолундагы мына ушул урунт учурду белгилүү журналист Самат Тоялиев минтип белгилейт:

«Алымкулдун андан аркы тагдыры курч окуялуу көркөм тасмадай ары кызыктуу да, суктанарлыктай өрүштүү да, өзөгүңдү өрттөгүдөй кейиштүү да болгондугун чаң баскан, саргайган архивдик документтер кашкайта далилдеп берет. Орус империясынын оторчулук саясатынын запкысын тартып, «ак падышадан» ырайым күтпөй калган Түркстандагы калктардын үмүтүн жалгаган Февраль революциясынан кийин, 1917-жылдын апрель айынын башында өткөн Олуя-Атадагы жумушчулар менен солдаттардын I съездинде Алымкул Олуя-Ата шаардык депутаттар советинин мүчөлүгүнө шайланат. Революциячыл окуяларды жан-дили менен кубаттап, Олуя-Атадагы кыргыз, казак жаштарынын революциячыл уюмуна Т. Рыскулов, К. Сарымолдоев, К. Кошмамбетов, М. Жылыспаев ж. б. менен бирге мүчө болуп кирип, ошол эле учурда уезддеги татар революционерлери менен да байланышын үзбөй шымаланып иштеп жатканда, 1917-жылы 25-октябрда, Петроградда Керенскийдин Убактылуу Өкмөтүнүн пайдубалы урап түшөт. Олуя-Атадагы үзөңгүлөш жолдошторунун таасири менен Алымкул шаарда жаңыдан түзүлө баштаган солчул эсерлер партиясына өтүп, жыйындарда шайлоо жолу аркылуу ар кандай кызматтарды ээлейт…

1919-жыл­дын ба­ш ченинде боль­ше­вик­тер­дин ка­та­ры­на эми эле кошулган Алым­кул Дмит­риев­ка кыш­та­гын­да­гы жа­на Олуя-Ата шаарын­да­гы эсер­лер уюш­тур­ган коз­го­лоң­дор­ду ба­суу­га жи­ге­рин жумшап, уезд­де ал­гач­кы революциялык комитеттин жер­па­йын түптөө­гө жи­гер­дүү ка­ты­шып, Түрк­стан БАКнын Турар Рыскулов жетек­теген ко­мис­сия­сы та­ра­бы­нан Олуя-А­та уезд­дик революциялык ко­митетинин мү­чө­сү бо­луп бекитилет. Ушул эле жы­лы Алым­кул Олуя-А­та шаар­дык ком­му­нист­тик жа­маат­тар ме­нен ке­сип­чи­лик борборлордун 1919-жыл­дын 14-ма­йын­да­гы кош­мо жыйынында Советтер­дин VIII өл­кө­лүк съездине ба­руу­чу ман­дат­тык ко­мис­сия­нын мү­чө­лү­гү­нө шай­ла­нат».

Орусиянын борбору Петербургда жыл ичинде жогорку бийлик эки ирет алмашып, «чоң үйдөгүлөр күлсө кичи үйдөгү ырсаят» болуп империянын чет-бучкагындагы аймактарда саясий кыймылдардын жанданышы табигый көрүнүш болчу. Жаңы бийликтин жер саясатын элге түшүндүрүү, аны ишке ашыруу совет өкмөтүнүн тагдыр чечер маселеси эле. Алымкул Жумагулов мына ушул ишке баш-оту менен кирип, Кыргызстандын кыйла жерин түрө кыдырып, иш боюнча күн-түн дебей чапкылап жүрдү. Оболу Казакстандын Олуя-Ата, кийин Пишпек үйөзүндө жер-суу реформасын жүзөгө ашыруу аракетинде жүргөн кезинде душмандары аны партия катарынан чыгарууга жетишет.

Чарбалык-уюштуруу иштеринен да мына ушул көшөгө артындагы кутумчулук, иши менен көрүнгөн азаматты орто жолдон чаап түшүү, анын кызмат тепкичинен жогорулашына тоскоолдук кылуу ал кезде улуттук, анан калса уруучулук өң-түс алып кетчү. Буга кошумча, кээде жергиликтүү калк арасынан чыккан билимдүү кадр ичкериден келген парттөбөлгө жакпай калчу. Ишин мыкты билгендин сары изине чөп салып, аны кандай да болсо жок кылуунун аргасын издегендер жергиликтүү кадрлар арасында деле аз эмес эле. Алымкул Жумагуловдун үч ирет партия катарынан чыгарылып, кыйла убакты-саатынын өзүнүн актыгын далилдөөгө кетиши ошол кездеги жагдайдын кандай болгонун кашкайтып көрсөтүп турат.

Партиядан чыгаруу

1921-жылы август айында ден соолугунун айынан айылда дарыланып жүрсө, анын жоктугунан пайдаланган каршылаштары «басмачылар менен байланышкан», «жумушун таштап кетип калган» деп жалаа жаап, партия катарынан чыгарууга жетишкен. Ишинен бошогон ал кайрадан Олуя-Атага келип үйөздүк инспекция башчысы болуп иштеп калат. Бир жылга жетпей ал жерде үйөздүк аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп, аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө шайланат. Түркстан компартиясынын Борбордук комитети аны Өзбекстанга кызматка жиберет. Кокондо, Ферганада иштеп, соңунда Ташкендеги кооперациялык банкка инструктор болуп дайындалат.

1924-жылы Кыргыз автономиялуу облусунун пайдубалы түптөлүп, Алымкул Жумагуловдун өз жеринде иштөө мүмкүнчүлүгү ачылат. Облуста кооперация түзүү иштерине киришет. Автоном облусту уюштуруу бюросу аны Кара-кыргыз автономиялуу облусунун Дыйканчылык башкармалыгынын башчысы кылып бекитет. 1925-жылдын март айында өткөн автоном облусту уюштуруучу 1-курултай Жумагуловду кайра шайлаган. Бирок арадан үч ай убакыт өтпөй Кыробкомдун аткаруу бюросу Алымкул Жумагуловду «туура эмес дайындалган» деген шылтоо менен кызматтан алып, ордуна Дүйшөналы Бабахановду дайындаган.

Ошол кезде Алымкул Жумагулов айтылуу «отузчулардын катына» кол коюп, партиянын башкы саясатына каршы чыккандардын катарында аёосуз жазалоого туш келип, сөгүш алган. 1925-жылы ал экинчи ирет партия катарынан чыгарылган.

1927-жылы март айында Кыргыз Автоном советтик социалисттик республикасы түзүлүп, Дыйканчылык боюнча эл комиссарлыгы аны Жалал-Абад кантондук жер бөлүмүнүн башчысы кылып жөнөткөн. Кыргызстандын түштүгүндө жер реформасы башталып, кысталыш чакта Алымкул Жумагулов эки жылдан ашуун Жалал-Абадда Төрөкул Айтматов менен чогуу иштешип калган. Айрым замандаштары ырастагандай, Төрөкул Айтматовдун тун уулу, доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовго ысымды Алымкул Жумагулов койгон экен.

Жалал-Абаддан кийин Алымкул Жумагулов Ош кантонунда иштеп, Фрунзеге ишке которулгандан кийин 1930-жы­лдын 27-сен­тябрын­да Ош ок­руг­дук контролдоо ко­мис­сия­сы «1929-жыл­да­гы дан даяр­доо­до партиянын сая­са­тын бур­ма­ла­ган­ды­гы жа­на кыз­мат­ка өзү­нүн жа­кын­да­рын ал­ган­ды­гы үчүн» деген шылтоо менен үчүнчү ирет партиядан чыгарган. Бул ирет да партиялыгы калыбына келтирилген, себеп дегенде Алымкул Кыргызпахтасоюздун төрагасынын орун басары болуп калган. Кийинки жылы аны Кызыл-Кыядагы райондук пахта кооперативинин башчысы кылып жөнөтүшкөн.

Сталиндик репрессиянын капканына Алымкул Жумагулов 1933-жылы илинген. Бул кезде ал Талас райондук жер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп аткан. Партиялык тазалоонун кезектеги өнөктүгү күч алып, билимдүү азаматтарды бир четтен камакка алуу күчөгөн кез. Аны 1934-жылы Таластын «Кең-Арал» колхозуна башкарма кылып дайындашкан. Ал жерден «жазгы айдап-себүүнү үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн» деп партиядан чыгарып, кызматтан алышкан. Бул ирет да парттөбөлдөрдүн аракети текке кетип, Талас райондук соту Алымкул Жумагуловду актаган чечимин чыгарган.

Сот чечимине ичи чыкпаган каршылаштары кассациялык арыз жөнөтүп, аны колхоз башкармалыгынан ферма башчылыгына чейин төмөндөтүшкөн. Каршылаштарынын улам жазган тоголок арыздарынан тажаган Алымкул Жумагулов республикалык партколлегиясына арыз менен кайрылган. Үч ирет партиядан чыгарылып, акыйкатка жетерине үмүтү үзүлгөн Алымкул Жумагулов республикалык партколлегиянын партиядан чыгаруу жөнүндөгү чечимин угуп, коңшу Казакстандын Мирзоян районунун аткаруу комитетинин иш башкаруучусу кызматына которулган. Кандуу жазалоого ал ушул жерден кабылган.

1937-жы­лы 3-сен­тябр­да Алымкул Жумагулов «Социал-Туран партиясынын мүчөсү, улутчул» деген шек менен камакка алынып, Фрунзедеги абакка отургузулган. Кыргызстан НКВДсын бул кезде Лоцманов башкарып, «эл душмандарын» камоо конвейерге салынып калган.

1937-жылдын 30-декабрында НКВД «үчилтигинин» өкүмү менен Алымкул Жумагуловго эң оор жаза – атууга өкүм чыккан. Ал 1938-жылдын 12-январында ишке ашырылган.

Күйөөсү камакка алынгандан кийин куугунтуктан из жашырып аялы Пашахан чиедей балдарын алып республиканын түштүгүнө кетүүгө аргасыз болсо, бир тууган иниси Ысак менен карындашы да жер которуп кетишкен. Жакын тууганы Көбөнов Кадыркул түрмөгө камалган. Алымкул Жумагулов 1957-жылы акталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG