Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 16:05

Из жашырып аман калган бий


Жазгыч акын Молдо Кылычтын китеби.

Рыскул Султан уулу совет мезгилинде кулак катары сүргүнгө айдалмак.

Эл бийлөөчү таптын өкүлү большевиктер бийлигинин келишпес душманы болгон. Урпактары «эл душманынын балдары» аталып, саясий басым-кысым алдында жашаган.

«Шиберге барбайм»

«Замана» адабий агымынын көрүнүктүү өкүлү Молдо Кылыч Шамыркановдун «Көбөй, Султан» деген поэмасында орус колониялык бийлигинин азабына кабылган эки бийдин кайгылуу тагдыр жолу баяндалган. Күйөөсүнөн ажырап жесир калган келинге тиешелүү мүлкүн бөлүштүрүүдөн чыккан чатак эки бийдин камакка алынышы менен аяктайт. Эл бийлеген таасирдүү адамдардын камакка алынышы туугандарын нааразы кылат. Алыскы Шиберге сүргүнгө айдалгыча сууга чөгүп өлүүнү туура көргөн эки бий көпүрөдөн бууракандап агып жаткан чоң дарыяга бой ташташат. Колуна кишен салынып, туткунда өмүр кечирүүдөн көрө алар өлүмдү артык көрүшөт. Чыгарманын жыйынтыктоочу жеринде Молдо Кылыч:

Жашыбачы, Медеке,

Ыйлабачы, Рыскул,

Кайгырбачы, Кадыркул.

Бир туугандар, сиздерге,

Алданын салган иши ушул, - деп жазган.

Улуу акындын андан башка аргасы да жок болчу. Жакын адамдарынын ачыктан ачык зордук-зомбулукка туш келип, капыстан өлүмгө дуушар болушун Молдо Кылыч кайгыруу менен сүрөттөгөн.

Атасы камакка алынып, алыскы Шиберге айдалып жатканда Рыскул кичинекей бала болчу. Ата-бабасы эл бийлеген, кадимки Төрөгелди манаптын тукуму орус колониялык бийлигинин тушунда катуу кысымга алынган. Ошондой эле оор тагдыр кийин Рыскулдун башына түшүп, совет бийлиги бекем орун-очок алып калган кезде алыска сүргүнгө айдалчулардын тизмесине киргизилген. Рыскул бийдин небереси, санжырачы, тарыхчы Сабырбек Сардарбековдун айтуусунда, 1926-жылы кулакка тартуу иштери күчөгөн.

- Султандын баласы - Рыскул, Рыскулдун баласы - Сардарбек, - деди ал. - «Султан бийдин баласы» деп 1926-жылы кулакка тартуу башталып атпайбы. Ошондон куугунтук башталган. Чоң атамдын атасы Төрөгелдинин бир тууганы. Коондук деген эң кичүүсү болгон. Бул жерде Калыгул олуя тууралуу да окуя бар. Бир күнү Ормон, Төрөгелди, Калыгул чоң атабыз ал кезде Чүйдө турушчу экен. Коондук чоң атабыз Кегетиде каза болгон, ошол жерде сөөгү коюлган.Үчүкө, Түлкүнү өлтүрүшкөндөн кийин эл Анжиян, Наманганга чейин качып, кийин туулган жерине келишкен. Башында Чүйгө, андан Көлгө келишип, анан Кочкорго барышкан.

Ошо Чүйдө Ормон, Төрөгелди, Калыгул үчөө аттанып чыгып баратышканда биздин Коондук чоң атабыз 20лардан өтүп, Султан, Медет деген эки балалуу болуп калган экен. Чоң атабыз тигилерди атказып жатып, Калыгулду карап: «Ушу кишини да олуя дешет», - деп койгон экен. Жолдо кетип баратып Калыгул: «Төрөгелди баатыр, мынабу иниң соо болбой калды» десе, Төрөгелди: «О, жарыктык, эмне дейсиз?» дейт. Кийинки айылга барып, козуга бата кылып чайга отурушканда кабар келет. «Коондук кан кусуп өтүп кетти» деген. «Артынан айтылган күбүр сөздү көрбөй туруп билген Калыгул олуя адам экен» деп атам да айтып калчу. Коондук атабыз жаш эле каза болуп калган экен. Сөөгү Кегетиде.

Коондуктун Султан, Медет деген эки баласы кийин туугандары менен Чүйдөн Кочкорго келишкен. Капыстан өлүмгө туш келген инисинен калган эки баланы Төрөгелди асырап, Султан менен Медет турмуш-тиричиликтин кыйынчылыгын тартпай эр жетишет. Инисинен калган эки баланын келечегине кам көргөн Төрөгелди «көзүм өтүп кетсе балдарым силерге күн көрсөтпөйт» деп Кочкордун Орток тарабындагы жерди жайыты менен бөлүп бериптир. Султан ошондон кийин бий аталат.

Анын бийлиги деле узакка созулбайт. Орусиялык колониялык бийликтин казабына туш келип, Шиберге айдалып атпайбы. Бул болжол менен 1886 – 1888-жылдардагы окуя. Молдо Кылыч жана сөз башында эскерген «Көбөй, Султан» поэмасында эки бийдин камакка алынышын, жат жерде камакта жаткыча өз жеринде өлүп алууну артык көргөн намыскөй азаматтарды мактоого алган.

Талаштуу иш Алымбек деген кишинин жесир калган аялына тиешелүү мүлктү бөлүштүрүүдөн чыгат. Уруулар ортосундагы ыйкы-тыйкынын, бийлердин чечимине нааразы болгон жесир аялдын орус колониялык бийлигине жазган арызынын негизинде бир топ аткаминерлер камакка алынат. Бул кезде орус бийлиги Кыргызстанга кенен орношуп, көчмөн калкты падышалык эреже-тартиптер менен башкарууга өткөн болчу. Алымбектин байбичеси менен балдарынан жесирине мал-мүлк бөлүп берүү ошентип кайгылуу иш менен аяктайт.

Колу-буту кишенделип арабага салынып айдалып баратканда Султан бий Чүй дарыясына салынган көпүрөдөн боюн таштап, кыйла жерге агып барып жээкке чыгат. Бирок ошол жерде балык кармап отурган орус мужугу көрүп калып, ал артынан издеген солдаттарга айтып коёт. Солдаттар Султанды ошол жерден атып салышат. Көбөй болсо сууга чөгүп өлөт.

Тагдырдын тамашасы - Рыскул да кичинесинде атасынан ажырайт. Атасынан калган дүйнөгө ээ болуп калган тирикарак бала эр жетип, мал-мүлкүн көбөйтүп, аймактагы таасирдүү адамдардын бири болуп калган кезинде совет бийлиги анын өлүү дүйнөсүн түгөлү менен тартып алат.

- Кызык окуя, ошондо талап атышат дейт. Эмне кылышат, унчукпай карап турушат. Мураталы деген киши атына толтура көлдөлөңдөрдү жүктөп алып кетип баратат дейт. Буту үзөңгүгө жетпей кетип бараткан го. Алыстан бирөө: «Эй, Мураталы, салам алейкум» десе, алик албай: «Муну таштап коюп кайра келем» деп бастырып кеткенин атам айтып калар эле. Үйүндө эч нерсесин калтырбай, ошондо талап кетишиптир.

Биздин айылдан кийин Ак-Талаа, Мантыш деген айылдар бар. Рыскул чоң атамдын кийинки аялы кайын журтунун арасында көп жыл жашырынып жашаган. Ал жерде жашоо кыйын болуп кеткенде биринчи аялынын кайын журту Канттагы Боз-Бармак айылына көчүп кетиптир. Кантта жашырынып жашап жүрүшөт. Ал жерде деле үйгө жатпай, из жашырып камыш арасында жашайт. Ошол Кантта жашырынып жүргөндө атам Кеңеш мектебинде окуган. Азыркы Кочкорбаев атындагы. «Мектепте жакшы окутчу» деп атам айтып калчу. Атам 1937-1938-жылдары 17 жашта экен, - дейт Сабырбек Сардарбеков.

Манаптын жазуучу баласы

Рыскул Cултан уулу өмүрү өткөнчө жашырынып жашайт. Анын уулу Сардарбек жаш кезинен чыгармачылык ишке берилип, «Ленинчил жаш», «Советтик Кыргызстан» гезиттеринде иштейт. 1942-жылы аскерге алынып кан майданга аттанат. Бир жылдан кийин оорусуна байланыштуу согуштан бошотулуп туулган жерине келет. Ошондон кийин Сардарбек Рыскуловдун чарбадагы иши башталат. Кочкор совхозунда директордун орун басары, андан кийин райондук айыл чарба бөлүмүндө, дагы башка бир топ чарбалык иштерди аткарат. Ал эми атасы Рыскул алгач Кочкордун Ак-Талаа айылында токойдо жашап, андан кийин Канттагы Боз-Бармак айлында качып-конуп, кийин согуш чыккан соң баштагы куугунтук токтоп, жөн-жай турмушка көчөт.

1930-жылдары аябай күчөп кеткен куугунтук кийинчерээк бир аз басаңдайт. Бирок «качан келип кармап кетет» деп элеңдеп этият жашагандардын кыйласы тууган жерине кайтып, көпчүлүгү ишенбей из жашырып өмүр кечиришкен. Сабырбек Сардарбеков чоң атасы жалгыз өзү из жашырбай, Кадыркул деген агасы кошо качып, бир топ жыл Чүйдө туруп калышканын айтты:

- Анан билинбей калышкан да. Ал кишилер жок болуп калса айылдагылар каякка кеткенин айта алышпайт. Анан кайдан издемек эле? Ошентип жүрүп-жүрүп анан атам согуштан келгенден кийин 1943-жылы чоң атамы Канттан көчүрүп Кочкорго келишкен. Чоң атам 1946-жылы каза болгон. Кочкордон Кегетиге барып ооруп, ошол жерде каза болуп калган. Ал кишинин сөөгү да Кегетиде. Чоң атасы Коондуктун сөөгү да ошол жерде.

Антип бийлик азабынан из жашырып, аман калгандар аз эле. Кулакка тартылып, сүргүнгө айдалгандардын көбү туулган жерине кайтпай калышты. Рыскул из жашырып жер которуп кетпесе кулак катары камакка алынып, алыска сүргүнгө айдалышы мүмкүн болчу. Ал эми анын уулу Сардарбек Рыскуловдун тагдыр жолу кыйла шыдыр, жолдуу болгондой сезилери бышык. Бирок да ата-бабасынын эл бийлеген манап тукумунан экенин өмүр бою жашырып, жазган чыгармалары идеологиялык цензуранын элегине түшүп калбашы үчүн манапты жалчы, байды кедей, бийди жакыр деп жазууга мажбур болуп, тарыхый чындык алдында өзүн уяттуу сезип жүрүп өтүп кетти.

Сардарбек Рыскуловдун кыргыз жериндеги жан-жаныбарлар, алардын мүнөзү, жапайы куштарды колго үйрөтүүнүн, саяпкерчиликтин сырлары тууралу баяндары ушул азыр да кызыгуу менен окулат. Анын чоң атасы менен атасы туш келген азап-тозокторду Сардарбек Рыскулов ачык айта албай, уккан-билгенин уулу Сабырбектин кулагына куюп, көркөм чыгармачылык менен алпурушуусуна убакты-сааты болбой, экинчи жагынан коммунисттик идеологиянын кысымынан жүрөкзаада болуп калган сүрөткер чарбалык иштерге аралашып, эл арасында жашаган уңгулуу кептердин көбүн, көркөм чыгармага жарачу эчен мыкты сюжеттерди өзү менен кошо ала кетти.

- Сюжеттердин бардыгы айласыздан жанагындай болуп атпайбы. Кулактын баласы болуп, ата-тегин айта албай... Атам арманда болгону үчүн кийинки китептеринде «Атамдын «Кашка ат менен карагер жоргосу» деп жазгам. Атам айтып жүрчү: «Атаңгөрү, өз аттары менен берилбей калды» деп. Байтик мурда Байтик эмес болчу, Байсал деп койгон. Андан кийин оңдоп туруп «Байтиктин Керкашкасы» деп койдум. Байтиктин Керкашка аты болгон. Атам өз аты менен чыкса дегендин баарын атам өлгөндөн кийин - 1997-жылы атам каза болду - китебин 2006-жылы бастырганда каармандардын аттарын өзүм өзгөрттүм. Дүр, Мамбетаалы, Шабдандардын аттары аталган эмес. Кадыркулдун аты башкача болчу. Кыргыздын манаптары өз аттары менен берилген эмес. Куштар жөнүндөгү чыгармаларында манаптардын аттары берилген эмес. Атам арман кылып жүрчү, - дейт Сабырбек Сардарбеков.

Баарынан да Сардарбек Рыскуловго өзгөчө жакын Молдо Кылыч Шамыркановдун чыгармачылыгы бир топ жыл идеологиялык талаштын чордонунда калып, аны алгачкылардан болуп изилдеген айтылуу адабиятчы Тазабек Саманчиндин камалып кетиши, горбачевдук ачык-айкындык заманы келгенче чыгармаларынын жарыяланышына тыюу салынып, аты аталбай келиши катуу тийген болуу керек. Сардарбек жазуучу Молдо Кылыч, Арстанбек, Калыгул олуя, Алдаш Молдолорду реакциячыл «Замана» адабий агымына кошуп, алардын чыгармаларын окубай-билбей эле аёосуз соккуга алган заманда жашады. Ал иштердин башында турган партиялык төбөлдөрдүн бир кыйласын сүрөткер жакындан билчү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG