Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 28-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:58

Ката үчүн катаал жазага кабылган


Иллюстрациялык сүрөт

Мусабай Токтосунов аздек өмүрүн билим берүү, журналистика, көркөм чыгармачылыкка арнаган белгилүү калемгер болгон.

Жаңыдан ишин баштап аткан кезинде репрессия капшабына илинип, андан аман калган.

Билим азгырыгы

Белалды - Кетмен-Төбө өрөөнүнүн түндүк-чыгыш тарабынан орун алган чакан кыштак. Ошол жерде Мусабай Токтосунов 1915-жылы жарыкка келген. Анын ата-энеси кандай кишилер болгону тууралуу маалымат аябай эле аз. Өз колу менен толтурган өмүр баянында ата-энеси жарды кишилер болгонун, атасы 30-жылдардын башында чарба башчы болгонун эскерген жайы бар.

Мусабай Токтосуновду кызыктырган кош канат өнөр - билим берүү менен журналистика өмүр бою коштоп жүрдү. Жок жерден айыптуу болуп куугунга кабылгандан кийин айылга келип мугалимдик кылып, а бирок ичте буккан чыгармачылык жөндөм-шыгы тынчтык бербей, кайра эле журналистикага ооп, чыгармаларын жазып, көңүлү сүйгөн иштин абыгерчилигинде жүргөн. Айтса, согуштан кийин ал жогорку билимге ээ болгон, Жалал-Абад пединститутун бүткөн.

Өткөн кылымдын 50 – 70-жылдары мезгилдүү басма сөздү окуп жүргөндөргө Мусабай Токтосунов деген ысым жакшы тааныш. Анын ырлары, макала, очерктери жергиликтүү, республикалык басылмаларга чыгып турчу. Ошол чыгармачылыгынын ышкысынан Фрунзеге келип республикалык гезиттин жооптуу кызматкери болуп иштеп-иштебей жалган жалаага кабылып, сталиндик репрессиянын укуругуна илинген.


Саясий документтер архивинин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышеванын айтуусунда, Мусабай Токтосуновдун ата-энеси кедей адамдар болушкан. Жаңы заман келип, совет бийлиги орун-очок калып калган чакта атасы кыйла жыл ошол Белалдынын “эл башы” айыл жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин эле 1929-жылы Мусабай Токтосунов Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайга кирип, мугалимдик кесипти тандап алган.

- 1929 – 1932-жылдары Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда окуп, бирок 2-курстан Фрунзедеги педтехникумга которулган. Анан ооруп калганына байланыштуу окууну бүтпөй калган. Өз колу менен толтурган өмүр баянында 1933 – 1934-жылдары Кетмен-Төбө райком комсомолдо техникалык катчы, Фрунзедеги “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер, анан ошол эле 1934-жылы Жалал-Абаддагы “Ленин туусу” гезитинде жооптуу катчы, анын июль айынан тарта кайра Кетмен-Төбө районундагы Акчы кыштагында райондук аткаруу комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеген. Ошол жылдын аягынан 1935-жылдын февралына чейин Кетмен-Төбө районунда кесипкөй ревизор болуп калат. Арада сактык акча кассасында иштептир. Анан 1935-жылдан 1936-жылга чейин Кетмен-Төбө райондук “Ленин осуяты” гезитинин редактору болгон. 1936-жылдын февралынан 1937-жылдын октябрына чейин Кетмен-Төбө аткаруу комитетинде жооптуу катчы, 1937-жылдын октябрынан 1938-жылдыноктябрыначейин кайра эле райондук гезиттин редактору болуп иштеген, - дейт Айнагүл Табышева.

Анын турмуш жолундагы бурулуш учуру Фрунзедеги “Кызыл Кыргызстан” гезитине иштөөдөн башталган. Сталиндик катаал жылдар адамдарды бири-биринен чочуркатып, ишендирбей, “эл душмандарын” аёосуз жазалап турган кезде борбор шаарда иштөөнүн өзү опурталдуу иш эле. Күнөөсү барбы-жокпу, бирок Москвадан келген көрсөтмөгө ылайык “эл душмандарын” кайдан да болсо издеп табуу, бул иштеги купуя атаандаштыкта алдыга чыгуу ал кездеги коопсуздук кызматкерлеринин көңүл чордонундагы маселе болчу.

“Эл душманы” жарлыгы ага республикалык гезиттин жооптуу катчысы болуп дайындалгандан кийин тагылган. Жооптуу катчы саясий гезиттин түгөнбөс түйшүгүнө кайыл, басмакана станогунун жанынан жылбай, кадалып катасын караган жооптуу кызмат эле. Ката ал кезде саясий өң-түс алып, байкоостуктан кеткен орфографиялык, пунктуациялык ката деле душмандык иш, “эл душманынын” кастыгы катары каралчу.

Бирок да коомдук иштерге аралашып, партиялык тапшырманы так аткарууга көнгөн жаш адистин жогортон чечилген маселеге каршы чыгар алы барбы? “Кызыл Кыргызстан” гезити ал кезде партиянын олуттуу идеологиялык куралы болчу. Республиканын жооптуу жетекчилеринин тагдыры Москвадан чыкчу борбордук басылмалардагы айыптоочу макалалар аркылуу чечилсе, жергиликтүү аткаминерлердин мойнуна илинчү кылычтын сабы “Кызыл Кыргызстан” гезитинде болчу.


Мурдагы “Эркин Тоо” басылмасындагы сөз, ой эркиндигинен эч нерсе калбай, басылма баш көтөргөн улут интеллигенция өкүлдөрүн баса калып, катаал жазаны алгач кагаз бетинде жарыя кылып турган. Аны окуган карапайым адамдар “эл душманын” эриккенче тепкилеп, аларды бир четтен жок кылып келаткан партия саясатын колдогон эмгек коллективдеринин жыйындары тез-тез өтүп турган.

Мусабай Токтосунов 1939-жылдын 1-сентябрында партиянын Борбордук комитет бюросунун чечими менен “Кызыл Кыргызстан” гезитине жооптуу катчылык кызматка дайындалат. Борбор калаада анын үйү да жок болчу, гезит күн сайын чыгат, кызматкерлер түн-күн дебей басылманын кызматында жүрүшөт.

- Фрунзеге келгенден кийин ал Главлитте, “Кызыл Кыргызстан” гезитинде иштеген. Орчун маселеси – бул жерде анын үйү болбой, турак жайдан аябай кыйналган. Жалдаган үйүм алыс, караңгыда кетиш кыйын болуп жатат деп үй сураган экен. Суранычы аткарылбаптыр. Анын ордуна гезит чыгарганда каталарды текшерген эмессиң, ката кетиргенсиң деп күнөөлөрдү коюп иши тергеле баштайт. 9-сентябрда ишке киришип, ноябрда жабык партиялык чогулушка түшүп, "милдетин аткара албай калды, каталарды текшерген жок, сводка берген жок" деп күнөөлөрдү коюп, тергөө органдарына өткөрүп таштаган экен, - дейт Айнагүл Табышева.

Эмне болгонун, жооптуу иште эки-үч ай иштей элегинде айыптуу болуп, соттолуп кетишинин чоо-жайын Мусабай Токтосунов өзү деле жакшы билбей калат. Иштеги кемчиликтери, гезитте кеткен каталар үчүн жооптуу болуп чыга келет. Республикалык басылмага чейин Мусабай Токтосунов аз убакыт Кетмен-Төбө райондук комсомол комитетинин катчысы, райондук гезиттин редактору болуп иштеп калган. Кетмен-Төбөдө комсомолдук же райондук гезитте иштей берсе мүмкүн ал репрессия капшабына кабылбай калышы ыктымал эле. Партия ишеним көрсөтүп, жооптуу кызматка дайындап жатса, өзу билимдүү, жаамы дүйнөгө коммунизмди курууга ынтылган партиянын мүчөсү болсо кантип каршы болсун!

Кайрадан айыл

Саясий куугунтуктан бошонуп чыккандан кийин айылына келип мугалимдигин уланткан, анан кайра эле партиялык ишке тартылып, Кетмен-Төбө районунда жүргөн кезинде согуш башталып, канмайданга аттанган. СССР Коргоо министрлигинин архивинде Мусабай Токтосуновдун согушка чакырылганы, кыйла убакыт дайынсыз жок болуп кеткени тууралуу маалымат бар. Кыязы, душман колуна түшүп кеткен окшойт. Ал эми согуштан келгенден кийин ал кайра эле айылында мугалим, анан борбор шаарга келип бир топ жыл басма сөз тармагында иштеген. 1985-жылы 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Репрессия капшабына туш келип, анын азабын тартып, андан соң канмайданга барып, азап-тозокту аябай көргөн Мусабай Токтосунов согуштан кийинки жылдары айылында мугалим болуп иштеген, райондук, облустук гезиттерге кабар жазып, чыгармачылык иштен алыстаган эмес. Жергиликтүү гезиттерде иштеп, кийинчерээк башкалаада басма сөз жаатында, кыргыз совет энциклопедия редакциясында эмгектенген. Иши кылып, анын өмүр жолу кыргыз журналистикасы, адабияты менен эриш-аркак жуурулушуп, өзү жашаган доордун жылнаамесин жаратып кетти.

Социализм заманында эмгек баатырларынын күжүрмөн ишин, өмүр жолун баяндаган очерктерди жарыялаган, Улуу Атамекендик согушка катышкан баатырлардын эрдигин, совет бийлигин кыргыз жеринде орнотууга салым кошкон ишмерлердин өмүр жолун баяндаган. Кыргыз окурмандарына анын СССРдин биринчи космонавты Юрий Гагариндин эрдигин даңктаган ыры, Араван районундагы Жданов атындагы колхоздун пахтакери Дилорам Рафикова тууралуу жазган көлөмдүү очерки, эл таалайы үчүн күрөшкөн пишпектик коммунист Р. Солтобаев тууралуу эскерүүсү белгилүү. Мусабай Токтосуновдун ырлары республикалык жергиликтүү басма сөздө жарыяланып турган.

Социализм заманында эмгек адамын даңктоого, анын эгин талаасындагы эрдигин даңазалоого өзгөчө көңүл бурулчу. Мусабай Токтосуновдун бир топ эмгек баатырларына арналган очерктери ошондой максат-мүдөөдөн жаралган. Коммунисттик идеология күчөп турган шартта расмий бийликке мактоо гана айтылчу, өз башынан өткөн азап-тозокторду айтууга тыюу салынган эле. Мусабай Токтосунов ошондон башынан кечирген азап-тозогун, канмайданда көргөн мүшкүлдөрүн жарыя айтпай, коммунисттик идеология уруксат кылган көнүмүш темаларды чагылдырууга болгон чыгармачылык өмүрүн арнап, бу жарыкчылыкты таштап кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG