Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 16:04

Мамбет атаны Караколдо атышкан


Мамбет Күрөңкөй уулу 1938-жылы кармалып, беш-алты айдан кийин Караколдо атылган.

Сегиз жылдан кийин аялы өлүп, согушка кеткен эки уулу майдандан кайтпай, артында калган үч кызы басым-кысым алдында чоңоюп, билим алышкан. Алардын арманы - атасынын сөөгү кайсы жерде жашырылганын билбегени.

Элин баккан азамат

Мамбет атанын эмгек жолу социализм заманына чейин ийгиликтүү башталган. Элге белгилүү соодагер болуп, бардар жашоого жетишет. Караколдо кабат үй салып, мейманкана ачып, эгин эктирип, Кытайга соода иштери менен каттап турган. Ошондон улам ал 1916-жылкы Үркүндө үй-бүлө, тууган-уругун аман алып калууга жетишкен. Эртелеп камданып, алыс жолго азык-түлүгүн кенен алып, чет жерден тааныштарынын жардамы менен кыйналып-кысталбай жашоо кечирип, кийин кыргыз жерине чыгымы жок кайткан. Илгери үмүт менен туулган жерине келгенден кийин асманында кара булут айланып, куугунтукка алынары анда кайдан оюна келсин.

Тааныш-тамыры күчтүү Мамбет ата “эл душманы”, “социал-туранчы” болорун билип, акыл-кеңешчилеринин кебин угуп журт которуп, кайра эле Кытайга ооп кетсе болмок. Жаңы бийликке жакпаган бир топ кадыр-барктуу, оокаттуу кишилер ошентип туугандарын алып көчүп деле кетишкен. Мамбет Күрөңкөй уулу ансыз да оор турмушта жашап аткан жакындарын кыйнап чет жерге көчүп кетүүнү эп көрбөй, азуусун жанып келаткан ажалга тике караган. Ошондогу качан камагы башталарын күтүп, опуртал кезде из жазгырбай, тууган жерин кыя албаган адамдын ичинде кандай санаалар ойноду экен?!

Анын болгон байлык-мүлкүн тартып алган бийлик турмуш-тиричиликке тың ишкерди камакка алып, көп узатпай ошол эле Караколдун өзүндө аттырып салган. Ошол 1938-жылы аба кан жыттанып сталиндик репрессиянын арааны ачылып, жүздөгөн өмүрлөр “жалт” кыйылып, заман аңтар-теңтер болуп турган.

Мамбет ата болжол менен 1870 же 1871-жылы төрөлгөн болушу керек. Анын бир тууган иниси Үмөр балдарына агасы 67 жашында атылганын айтчу экен. Анын ата-энеси башынан оокат-аштуу, бай кишилерден болушкан окшойт. Мамбет ата Караколдо касапкана ачып, ага улай шаарда мейманканаларды салып, элге таанылган таасирдүү кишилерден болгону аны ырастап турат. Бир өкүнүчү байбичесинин согончогу канабай, андан бала көрбөптүр. Ошондон дагы аял алып, анысынан эки уул, үч кыз көрүп, кыйын заманда кыйналбай жашайт. Дагы бир өкүнүчү - жашы өйдөлөп калганда жаңы тирдик, жаш балдары ордун таба электе коммунисттик замандын катаал жазасына туш келгени. Совет бийлиги канатын кенен жайып, бекем орун-очок алып калган кезинде “тап душмандарын” кодулоо башталбадыбы. Мал-мүлкүн большевиктер тартып алып, мурдагыдай ашып-ташкан дүйнөсү жок жөн жай турмуш кечирип атканда камакка алышкан.

Жаңы бийликке каш кайтарып, апачык каршы чыкпаса, эмнеликтен аны “эл душманы”, “социал-туранчы” деп суроо-сопкутун көп создуктурбай атып салышканы эмдигиче табышмак. Эркин Мамбетова акыйкатка жетем деп канча жерлерге арыз жазды, “эл душманынын” кызы катары кодуланды, бирок намыскөй кыз баарына чыдап, баарын көтөрдү. Кийин Кыргызстан эгемендикке жеткен чакта репрессия курмандыктарын эскерүү, эстелигин тургузуу аракети менен жүрдү.

Тапканын үй-бүлөсү, туугандары менен бөлүшүп, кыйын кездери ага калканч болгон агасынан Каракол абагында жалгыз гана тебетейи калып калганын капысынан көрүп калган бир тууган иниси Үмөрдүн күйүтү, басым-кысымга аргасыз чыдап жашап келаткан аялынын согуштан эки уулу кайтпай калгандан кийин бу жарыкчылыкты эртелеп таштап кете бергени, үч кызынын бирөө жайрап, атасы тууралуу акыйткатты калыбына келтирүүгө өмүрүн арнаган Эркин эженин көргөн-бакканын айтып отурса узун сөз.

Жалган жооптор, мамлекеттин калпы

Өткөн жылы Эркин эже бу жарыкчылыкты таштап кетти. Аны менен арылгыс арманы - атасынын кайсы жерде көмүлгөнүн билбегени болуп калды окшойт. Мамбет атанын кыздары “анда он жылга чейин кат жазуу укугунан ажыратылган”, абакта каза болду деген сыяктуу жалган жоопторду көп алышты, бирок атасынын кайсы жерде атылып, сөөгү кайда жашырылганы айтылбады. Жумакан Мамбетова ошол оор кездерди мындайча эскерет.

"Атам Пржевальскиде турчу, улуу байбичеси бар эле, ал киши такыр төрөгөн жок. Чоң апабыз 1958-жылы кайтыш болду. Менин энем 1945-жылы кайтыш болуп калды. Биз тайларыбыз менен жакын болуп калдык. Эки байкем аскерге кеткен, ошо бойдон кайтышкан жок. Биздин турмуш аябай эле оор болду, кайгы менен чоңойдук. Атамды 1938-жылы февралда кармашып, ошол жылдын октябрында атып салышыптыр. Караколдо эле атышкан экен, өз жеринде, аны иликтеген деле киши болбоду.

Куугунтуктун азабын кичине болуп мен тартпай калдым, байкуш эжем тартты. Мен окууда жүрдүм, туугандарыбыздын баары өлдү. 1957-жылы акталган. Эжем иши менен таанышкан. Чакыртып тияктан иши келип, эжем таанышкан, мен таанышкан эмесмин. Ошол кезде автокырсыктан уулум өлүп, кайгыга батып отургам, бизди КГБ чакырган экен. “Иш келди” деп чалышканда эжем барган, мен бара алган эмесмин. Кысымга туш келбей калганым – кичинекей болчумун. Ага эжем туш келди. Жездем согуштан келип шаардык комсомол катчысы болуп турганда аны чакырышып: “Сиздин аялыңыз ушундай турбайбы”, тиги-бу деген сөз болгон экен. Эжем ошондо күйөөсүн таштап, Ленинградга кеткен.

1957-жылы бизге көз салып жүргөн Калыйнур Үсөнбеков деген согуштун баатыры ошол кан майдандан келгенден кийин бизге бир аз жардам берип жүрдү. Ал киши анда республиканын башкы прокурорунун орун басары болчу. 1945-жыл, менде ата да жок, эне да жок. Башка бирөөнүн атасы жок, энеси жок. Окуйбуз деп педагогикалык окуу жайга келдик. Мен ошол педагогикалык окуу жайын бүткөндө Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институту болуп ачылды. Ошонун биринчи бүтүрүүчүлөрү болуп калдык. Мен жакшы окудум, окууну бүткөндө мени институтта иштегенге калтырышты.

Иштеп жүргөндө Үсөнбековдун аялы бизге директор болуп калды. Анда ректор деген жок. 1957-жылы акталды. 1953-жылы Сталин өлдү. Ал өлгөндөн кийин атылды дегендер Хрущев аркылуу актала баштады. Бул ишке эжем киришип, атам акталды. Мен ага катышпадым. Ошол 1957-жылы Үсөнбеков “арыз жазып кел” деди. Мен арыз жаздым. Документи кайда, бир жерде жүрсө керек, атам акталды. Анан ушу Караколдон атамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк беришти. Алсам, “1942-жылы өпкө оорусунун өтүшүп кеткенинен улам каза болгон” деп калп маалымат жазып коюшуптур. Анан 1995-жылы качан өлгөнүн айтышты. Апам байкуш 10 жылга кесилген дегенге ишенип жүргөн. Апам кайтыш болуп кетти.

Толук маалыматты ошо 1995-жылы алдым. Республиканын прокуратурасынан расмий кагаз келди. Аны да эжем жазса керек. Ошондон кийин акталган деп калдык. Кийин ошол акталгандар тууралуу токтом чыкты, үй-бүлөсүнө, аялы тирүү болсо, балдарына акталды деген кагаздар берилди. Мен учурунда Роза Айтматованы окуткам. Атасынын сөөгү табылып, белгилүү болуп калды. Биздики табылган жок, эч нерсе болгон жок. Азыр ошол 1937-1938-жылы атылгандардан балдарынан калса 20-30дай киши калдыбы же калган жокпу – билбейм. Баарынын балдары деле калган жок. Бизге 1,5 миң сомдон берет.

Өткөн жылы январда Эмгек жана социалдык коргоо министрине бардым. Барып “эжем 91де, мен 86га карап калгам. Экөөбүз ээрчишип бир эс алып келели, курортко путевка бергиле” дедим. Анан ага жооп деле келген жок, мен кайрылып барганым жок.

“Атабыз атылып канча кордук көрүп чоңойдук, эми ушу жашка келгенде бир жарым миң сомдон акча бересиңер. Ошону бербей эле койгула деп өтүнүч кылып келдим”, - дедим. “Эмне үчүн ушундай маселелерди силер өкмөттүн алдында койбойсуңар? Өлөрүбүзгө аз калды, ошол жөлөк пулду кичине көбөйтүп койбойсуңар. Ошол бир жарым миң сом куран окутканыбызга да жетпейт”, - дедим.

8-ноябрды репрессиялангандар күнү деп токтом кабыл алышкан. Мен ооруканада элем, бара алганым жок. Алар “Ата-Бейитти” эле карайт. Башка жакта атылгандар боюнча, мисалы, Украинага айдалып кетип, ошол жактан да атылбадыбы. Менин жакын күйөө балам бар. Ошол канча чуркап жүрүп Украинада мына киши атылган деп кагаз келип атса булар аны таанышпайт. Документтерди жакшылап карагысы келбейт. Кантип эле ошол жакка айдалган кишилердин тизмеси жок болсун? Ошолордун балдарынын тизмеси жок болсун?!"

Мамбет атанын иниси Үмөрдүн уулу Байгазы Оморов чоң атасынын жолун жолдоп дыйканчылык кылат. Ишкердик менен алектенет. Кичинекей кезинен чоң атасы тууралуу жакшы кептерди угуп, анын ишин улантып келатат.

"Чоң атам Караколдо турган. Азыркы сөз менен айтканда, ишкер болгон го, касапканасы, Текесте тери иштетчү жери бар экен. 1937-жылкы репрессияга кабылып, "Туран" партиясы деп атылып кеткен. Эки баласы согушта каза болду. Үч кызы бар эле, андан азыр Жумакан эжем эле калды. Бу кишилер айыл элин баккан кишилер болгон. Атам айтып калчу Мамбет атам Кытайдан товар алдыртып келип элге товар тарттырып берчү, “Мамбет келет” деп айылда күтүп отурушчу деп. Караколго баргандар Мамбеттин конок үйүндө жатышып, соодасын кылып кетишчү.

Күрөңкөйдөн Мамбет, Үмөр деген эки бала болгон. Мамбеттен ошол эжемдер, Үмөрдөн бизбиз. Чоң атам ошондо он жетиде экен. Менин атамды Мамбет чоң атам илгери эле багып алган экен. Атам согушка катышып, андан аман келген. Ошондо айтып калчу. Кийин эле түрмөнү тазалатканда тебетейин көрүп калдым деп калчу. Ушу шаардын тегерегинде эле атып салган окшойт. Сөөктөрү шаардын ушу Жолколот жагында эле болуш керек. Булар ошо кезде деле жер иштетишчү экен. Заимкага буудай айдачубуз дейт. Касапкана иштетип, мал союп элге сатып, кызмат кылышчу экен. 1938-жылы атылганда 67 жашта экен. Сүрөтү бар, сакалчан балжайган абышка экен".

Мамбет Күрөңкөй уулу Түптүн түндүк-чыгыш тарабындагы Кайнар деген айылда төрөлүп өскөн. Кыргыз жерине баштапкы капитализм аз-аздан жайыла баштаган чакта ишкерликке киришип, бул жаатта бир топ ийгиликтерге жетишкен. Анын касапканасы, салдырган имараттары, баштаган иштери ушу кезге чейин эл арасында айтылып, аты унутулбай келатат. Репрессия курмандыктарынын Караколдогу эстелигинде аты жазылган.

Көл кылаасынан 2 миңден ашуун адам ошол канабайрамда атылып кеткен. Мамбет ата кара башын калкалап четке качып кетсе деле аман калар беле. Бирок ал жакын адамдарынын тагдырын ойлоп, эл көргөндү көрөрбүз деп жылып келаткан ажалга тике караган экен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG