Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Роза Айтматовага «Улут үлгүсү» сыйлыгы ыйгарылды


Роза Айтматова.
Роза Айтматова.

Окумуштуу, коомдук ишмер Роза Айтматовага Ишенбай Абдразаков атындагы «Улут үлгүсү» сыйлыгы ыйгарылды. Бул сыйлыкты коомду агартуу багытындагы «РухЭш» сайты уюштурган. Бул сыйлык коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйлөрүн тайманбай көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.

Айтматовага бул сыйлык жалпы коомчулуктун мүдөөсүнө шайкеш багыттагы туруктуу позицияны карманып келаткандыгы үчүн берилет.

Роза Айтматова - физика-математика илимдеринин кандидаты. Ал айымдардын укугун коргоо жаатындагы жарандык лидерлердин бири.

Айтматова атасы, 1937-жылы репрессияланган Төрөкул жана агасы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө эскерүүлөрдү жазып келет.

«РухЭш» сайты мындан сырткары «Полис Азия» талдоо борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаевага Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыгын ыйгарды. Ногойбаевага бул сыйлык «Эсимде» долбоорун ишке ашырып, Совет мезгилинде бийликтин куугунтугуна кабылгандар жөнүндө баяндарды коомчулукка жарыяганы үчүн берилди.

Бул наамдар эми мындан кийин жыл сайын улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп келаткан инсандарга берилет. (BkA)

XS
SM
MD
LG