Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

«Курама темирдин курчтугун» далилдеген гений


Төрөкул Айтматов уулу менен.
Төрөкул Айтматов уулу менен.

Чыңгыз Айтматовдун теги тууралуу учкай кеп.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн, өзгөчө талантуу, кыргыз жана орус тилдеринде эркин жазган советтик жана постсоветтик залкар жазуучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССРин­ин Эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматов, анын өзү, чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар абдан көп жарыяланып, ар тараптан изилденди. Бул талашсыз.

Бизди ушундай даңазалуу жазуучу кимдин урпагы, анын тегин кимдер түзөт, кимдерден ушундай мыкты, таланттуу уул чыккан, анын ата жагында, эне жагында бычакка сап боло турган, өз заманынын мыкты адамдары болгонбу, болсо алар кимдер, алардын болочок жазуучунун тагдырына тек жагынан да, руханий жагынан да таасири тийгенби деген маселелер кызыктырды.

Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Дагы бир көпчүлүктү кызыктырган маселе - эгерде Таластан чыккан анын атасы, кыргыз уулу Төрөкулга Орусиянын Татарстан чөлкөмүнөн Кыргызстанга келген татар соодагеринин кызы, тагдыр буюрган Нагима баш кошпой калса кандай болмок? Төрөкул татар кызы эмес, ошол таластыкпы же башка жактыкпы, кыргыз кызына үйлөнсө Чыңгыз­дай даңазалуу, залкар жазуучу төрөлүп, калыптанып чыгат беле деген да күдүк ойлор пайда болот.

Мүмкүн Ч. Айтматовдун туулуп-өсүп, жазуучу катары калыптанышына кан­дай­дыр бир түрдө аралаш нике, интернационалдык үй-бүлөнүн түзүлүшү, алардын үй-бүлөсү орус, кыргыз, татар тилинде бирдей эркин сүйлөшү, үйдөгү бир нече маданияттын үлгүсү да зор таасир эткендир деген ой келет. Кандай болсо да аралаш үй-бүлө болочок залкар жазуучунун калыптанышына өз таасирин тийгизген жок деп айта албайбыз. Демек, ушул таризден карап биз залкар жазуучубуздун ата-тегин иликтөөгө аракет кылдык. Аракеттерибиз төмөнкүдөй натыйжа берди:

Төрөкул Айтматовдун ата-теги Таластагы кыргыздардын сол канатына кирген кытай уруусунун ичиндеги Шекер уругунан тараган экен. Анын чоң аталары өз мээнети менен турмуш кечирип, өтө кедей да эмес, өтө бай да эмес, жашоо-турмушуна тың, эл арасында кадыры бийик адамдардан болушкан экен.

1) Чыңгыз. 2) Төрөкул. 3) Айтмат. 4) Кимбилди. 5) Кончужок. 6) Табылды. 7) Асан. 8) Кудайназар. 9) Тонготор. 10) Шекер.

Чоң атасы Айтмат – колунда бар, бай, ишкер адам Кимбилдинин уулу, бирок анын колунда бар байлыгын сактай алган эмес. Ошент­се да бирөөгө көз каранды болуп жалданып иштеген эмес, бардар эле жашаган. Керек болсо уруулаштары үчүн суу тегирмен куруп бергендигин Ч. Айтматов өзү да эскерет. Ушундай кызматы үчүн аны «тегирменчи Айтмат» дешкен экен. Колу эптүү болуп, шаардан биринчи болуп айылга тигүүчү машина алып келип, тикмечилик кылганы үчүн «машинечи же тикмечи Айтмат» дешчү экен.

Кыйынчылыктын айынан Айтмат 12 жаштагы Төрөкулду ээрчитип Маймак темир жол станциясына жакын жерде курулуп жаткан темир жол туннелинин курулушуна кирет.

Мындан «темир жолчу Айтмат» деп аталат. Дал ошол жерде Айтмат баласы Төрөкулду Олуя-Атадагы (азыркы Жам­был шаары) орус-тузем мектебине орноштуруп, билим алдырат. Деги эле Чыңгыз Айтматовдун эскерүүсүндө Айтмат жогорудагы кесиптерден башка устачылык кылып, ээр чапкан, комуз черткен өнөрү болуп, араб графикасында окуп, жаза алган сабаттуу адам болгон дейт.

Айтмат 1919-жылы дүйнөдөн өткөн. Демек залкар жазуучунун чоң атасы өз мээнети менен оокат өткөргөн, өз элине колунан келишинче жаңылык менен кызмат кылган, сабаттуу инсан, устачылык өнөр ээси болгон.

Таятасы Хамза Абдулвалиев - Орусиянын азыркы Татарстан Республикасынын Кукмар районунун Мачкара кыштагынан Кыргызстанга, Ысык-Көлдүн Каракол шаарына келип калган татар соодагери.

Хамза Абдувалиев өз убагында Ысык-Көлдөгү эң абройлуу инсандардын бири болгон. Мындай абалга анын өз убагында медреседе окуп сабатсыздыгын жойгону, орус мектебинде билим алганы, ишкердүүлүккө мыкты жөндөмү таасир эткен десек да болот. Ал киши арабча, орусча, татарча окуп, жазганды билген, ар тараптуу билимдүү, көп нерсени билүүгө ынтызар, дүйнө таанымы кенен, сооданы мыкты өздөштүргөн абройлуу инсан болгон.

Революциянын алдыңкы жылдары Хамза Абдулвалиев Ысык-Көлдөгү эң алгачкы жүк ташуучу баржаны сатып келип, анын алгылыктуу ишин уюштурган. Көл кылаасында Петербургдун "гостиный двор" үлгүсүндөгү соода борборун уюштурган.

Көлдө алгачкылардан болуп «Абдулвалиевдин багын» өстүрүп, өзүнчө эс алуу жайына айландырган. Ысык-Көлдүн жагымдуу шарттарын байкагандан кийин ал башка туугандарын да Караколго көчүп барууга үндөп, алардын келишине көмөктөшкөн.

Тез арада эле ал бир туугандары менен бирге Караколдо беш дүкөн ачкан. Каракол шаарында алгачкы тери заводун уюштуруп, 1905-жылы дүкөнү бар чоң үй курат. 1909-жылы баасы 3800 рубль болгон эки кабаттуу жыгач үй сатып алып, болочок жазуучунун апасы Нагима дал ошол жерде чоңоёт. Демек революциянын алдында Хамза Абдулвалиев Ысык-Көлдүн эң бай, таасирдүү адамдардын бири болгон. Революциядан кийинки таптык күрөш мезгилинде Хамза Абдулвалиев үй-бүлөсү менен Ташкент шаарына көчүп кетип, көп өтпөй ошол жакта каза болгон.

Демек, ошондой билимдүү, абройлуу, ишкер адамдын үйүндө болочок даңазалуу жазуучунун апасы Нагима Хамзаевна тарбияланган. Ал адам балдарына да, кыздарына да жакшы тарбия, билим бергенге умтулган. Алардын баары алгач мусулман, татар медресесинде, андан кийин орус мектептеринде билим алышкан. Нагиманын улуу агасы Сабир Европадан билим алып, адабият, театр менен алек болгон. Нагима жаштайынан анын театрында аялдардын башкы ролун аткарчу экен. Мүмкүн ошол адабий, театралдык алектенүү Нагимага кенен таасир этип, келечекте анын балдары да маданиятка, билим, илимге жакын болгону да ошондондур.

Төрөкул Айтматов.
Төрөкул Айтматов.

Атасы Төрөкул Айтматов (1903-5-ноябрь 1938-ж.) – Олуя-Ата уездинин Күркүрөө болуштугунун №5 Шекер айылында туулган. Ал өз заманынын саналуу алдыңкы, билимдүү адамдарынын бири болгон. 1913-16-жж. айылдык мусулман мектебинде, 1916-18-жж. Олуя-Атадагы орус-тузем мектебинде, 1918-19-жж. «Бирдиктүү эмгек мектебинде», 1919-ж. Олуя-Атадагы реалдык училищеде окуп билим алган. 1921-ж. Ташкенттен үч айлык партиялык мектепти бүтүрсө, 1921-25-жылдары И.В. Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин ийгиликтүү бүтүрүп келген.

Эмгек жолунда биз аны төмөнкү партиялык, мамлекеттик кызматтардын көрөбүз:

  • 1920-ж. Грозный айылдык кеңешинин катчысы;
  • 1920-21-жж. Күркүрөө болуштук аткаруу комитетинин катчысы;
  • 1921-25-жж. Ташкенттеги ЧЭКУ комсомолдук уюмунун бюро мүчөсү;
  • 1923-ж. май-июнь айларында (каникулда) Түркстан фронтунун Анжияндагы саясий катчылыгынын саясий кызматкери, июль-августь айларында Фергана областынын калкы менен иштөөчү саясий кызматкер - ыкчам кызматкер;
  • 1924-25-жж. БРКП Кыргыз обкомунун уюштуруу бюросунун агитация-пропаганда бөлүмүнүн инструктору, бөлүм башчынын орун басары;
  • 1925-ж. 5-мартынан 1926-ж. 8-майына чейин БРКП Кыргыз обкомунун агитация-пропаганда бөлүмүнүн башчысы;
  • 1926-ж. 8-майынан 1927-ж. 13-мартына чейин - Каракол округдук комитетинин жооптуу катчысы;
  • 1927-ж. 13-мартынан 1929-ж. ноябрына чейин БРКП Кыргыз обкомунун Жалал-Абад кантондук комитетинин катчысы;
  • 1929-ж. ноябрынан 1931-ж. апрелине чейин Кыргыз АССРинин өнөр жайы жана соода боюнча эл комиссары (Нарком – министр), 1930-ж. 12-февралында Кыргыз АССРинин III съездинде ал Кыргызстандагы ЭЧБК - ЦСНХ (Цен­трального совета народного хозяйства) төрагасы болуп шайланган;
  • 1931-жылдын апрелинен 1933-ж. чейин БРКП Кыргыз обкомунун Араван-Буура райондук комитетинин 1-катчысы;
  • 1933-35-жж. Кыргызстан КП БКнын 2-катчысы.
  • 1935-37-жж. Москва шаарындагы Кызыл профессура институтунда окуган. 1937-ж. 15-сентябрында Кыргызстан КП БКнын атайын токтомуна ылайык «БСКП БК Кызыл профессура институтунда окуп жаткан улутчул Т.Айтматовду Кыргызстан КП БКнын карамагына жиберүү жана анын партиялуулук маселесин чечүү» - тууралуу өтүнүч катын жиберген. Анын натыйжасында Т.Айтматов 1937-жылдын 1-декабрында СССР НКВДсынын Башкы башкармалыгынын №198 ордеринин негизинде камакка алынып, көп өтпөй иштесе ишке тойбой турган жаш кезинде, эл душманы катары атылып кеткен.

Төрөкул Айтматовдун Кыргызстан Компартиясынын, республика жетекчилеринин арасындагы аброю жогору болгону да талашсыз. Бир эле тарыхый окуяны мисал келтирели. 1937-ж. март айында ВКП (б)нын Кыргыз обкомуна (республикалык партиялык уюмга айлана элек – авт.) биринчи катчы болуп М.К. Аммосов шайланат. Анын негизги милдеттеринин бири Кыргызстандын облустук партиялык уюмун республикалык партиялык уюм катары кайра түзүү болгон. Дал ошол М.К. Аммосов республикалык партиялык уюмдун катчысы болуп шайланаар алдында, 1937-жылдын 5-6-июнунда өткөн коммунистердин 1-сьездинде үчүнчү катчылыкка Москвада Кызыл профессура институтунда окуп жаткан Т. Айтматовду шайлап берүүнү суранган. Бул сунушка эң катуу каршы болгон ошол убактагы Кыргыз ССРинин НКВДсынын башчысы В.Н.Четвертаков болгон.

Биринчи катчы М.Аммосовдун сунушун угуп ага каршылыгын айтуу менен катар эле дароо Москвага СССР НКВДсынын башчысы Ежовго тымызын билдирүү (донос) жазат. Анда минтип жазылган (билдирүү оригиналдагы орус тилинде берилди – авт.): «В первый же день приезда тов. Аммосова в Киргизию я имел с ним беседу. На его вопрос, наши ли люди Исакеев - пред. СНК, А.Орозбеков - пред. ЦИК Кирг. ССР, Есенаманов, О.Алиев - нарком просвещения, Джиенбаев - 2-й секретарь ОК, и др., я ему ответил, что «насколько мне известно по их прошлой всякого рода группировочной деятельности, эти люди - не наши». Тов. Аммосов мне возразил, что «это – неправильная установка и неправильная линия отношения к националам, в этом, мол, корень ошибок Белоцкого, и это нужно немедленно исправить и оказывать им полное доверие». Бирок НКВДнын каршылыгына карабастан, көп өтпөй Аммосовдун кийлигишүүсү менен пленум Орозбеков менен Эсенамановду партиялык жактан калыбына келтирген. Андан кийинки Ежовго тымызын билдирүүсүндө минтип жазган: «Подбирая кандидатуру на пост III секретаря ЦК, тов. Аммосов спросил моего совета, что на этот пост намерен выдвинуть бывшего секретаря ОК, ныне находящегося на учебе в Москве Айтматова. Я ему ответил, что буду категорически возражать, т.к. знаю, что Айтматов - националист, и тут же привел факт – переписку Айтматова с Абдрахмановым националистического содержания. Однако это не остановило тов. Аммосова выдвинуть кандидатуру Айтматова в члены ЦК КП(б) Киргизии, и несмотря на отводы и протесты в отношении Айтматова, тов. Аммосов дважды выступил на съезде с его защитой, стараясь протащить его в состав ЦК, и только после того, как на съезде была нами опубликована переписка Айтматова с Абдрахмановым, кандидатура Айтматова была провалена, причем Аммосов мне сделал выговор о недопустимом поведении, что без его ведома выступают и опубликовывают материалы, и потребовал от меня дать ему копию письма Айтматова, что я и сделал» (М.К. Аммосов. Кыргызский период деятельности. –Б., 2015. –С. 56)

Тилекке каршы якут элинин чыгаан уулу, Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы М.К.Аммосов көп аракет кылса да Т. Айтматовду НКВДнын темирдей бекем кучагынан чыгара алган эмес. Ошол окуяга улай эле 1937-ж. 13-сентябрында «Правда» газетасына В. Ходаковдун «Гнилая политика ЦК КП Киргизии» деген макала жарык көрүп, анда ачык эле минтип жазылган: «Все, что сделано до сих пор в Киргизии по разоблачению врагов, сделано в большинстве случаев не ЦК КП (б), а через его голову, без его помощи….». (Правда, 1937, 13-сентябрь). Албетте, бул биринчи катчы М.К. Аммосовго айтылган комплимент эмес, бул аны ачык күнөөлөө болчу (ЦГА ПД КР. –Ф. 56. –оп. 4. –д.36. –л. 56). Дал ошол макалада “М. Аммосов сьездде ачык эле эл душманы, улутчул Т. Айтматовду коргоп чыкты” деп жазылган. Булардын баары тегин жерден болгон эмес, Аммосов Айтматовдун улуттук кадр катары абдан керек экенин мыкты түшүнгөнү менен НКВД аны түшүнгүсү келген эмес. Ошол кездеги «Советская Киргизия» газетасындагы макалада: «Нетерпимо гнилую политику в деле борьбы с буржуазными националистами ведет секретарь ЦК КП(б) Киргизии тов. Аммосов. Он брал под защиту разоблаченного националиста Айтматова, пытался протащить его в состав ЦК. Замазывал факты обвинения, предъявленные врагу народа Б. Исакееву, и также защищал его…». Ушундай борбордук газетадагы ачык макаладан кийин бир катар республика жетекчилери, алардын арасында Т. Айтматов да камакка алынган. Буга кошумча «эл душмандарын» каралаган Г. Кургановдун «Худайкуловщина», «Абдрахмановщина» («Советская Киргизия», 1937, 22, 23, 29 июня), Е. Султанбековдун «Контрреволюционный национализм в литературе Киргизии» (30 июля), К. Камбаровдун «Выкорчевать до конца националистическую нечисть» (16 августа), А.Булланын «Разгром контрреволюционной абдрахмановщины» (20 августа), М. Соколовдун «Националистический двурушник» (2 сентября), «Беспощадно выкорчевывать буржуазный национализм» (3 сентября) ж.б. жогорудагыдай ачыктан ачык эле жалаалар ошол кездеги республика жетекчилери А. Орозбековго, Б. Исакеевге, ага чейинки өкмөт башчысы Ж. Абдрахмановго, А. Сыдыковго, К.Тыныстановго, Т.Айтматовго, Х.Жээнбаевге, Э.Эсенамановго, А.Аилчиновго ж.б. карата таңууланган жана алар сыяктуу кыргыз элинин, мамлекетинин далай мыкты уулдарынын түбүнө жеткен.

Төрөкул жана Нагима.
Төрөкул жана Нагима.

Мындай кандуу иштин натыйжасы катары 1937-ж. 5-сентябрындагы Кыргызстан КП БК Бюросунун жыйынында ошол кездеги партиялык жетекчи М.К. Аммосов «эл душмандарынын» маселесин коюп, кескин тыянак чыгарууга жана чара колдонууга мажбур болгон. Ал жыйын төмөнкүдөй чечим чыгарган: «…1. Х.Жээнбаев Кыргызстан КП (б) БК курамынан, буржуазиялык эки жүздүү улутчул катары партиядан чыгарылсын. 2. А.Орозбеков Кыргызстан КП (б) БК курамынан, буржуазиялык эки жүздүү улутчул, улуттук топ «отузчулардын» жигердүү мүчөсү катары партиядан чыгарылсын… 7. ВКП (б) БК КПИ бул жакка Т. Айтматовдун жөнөтүлүшү өтүнүлсүн жана анын партиялык маселеси каралсын…» ж.б. 20 пункттан турган токтом биринчи катчы М.К. Аммосов тарабынан кол коюлуп, Москвага ВКП (б) БК катчысы Г.Маленковдун наамына жөнөтүлгөн. Ошол чечимден кийин Т. Айтматов башкалардай эле «эл душманы» катары камакка алынганы белгилүү. (ЦГА ПД КР. -Ф. 56. Оп.5 Д.1278. – л. -13; Плоских В.M. «Дело о Социал-туранской партии». Республика.16 января, 1993 г.).

Дагы бир жагымсыз жагдай - 1938-ж. 8-майында Кыргызстан КП БК Бюросу «эл душмандары», «буржуазиялык улутчулдар» деген күнөө менен дүкөндөрдөгү сатуудан жана китепканалардагы колдонуудан алынуучу адамдардын эмгектеринин, китептеринин, брошюраларынын жана портреттеринин тизмесин бекиткен. Ал тизмеге киргендер: Ж.Абдрахманов, А. Орозбеков, Б. Исакеев, О. Алиев, К. Тыныстанов, М. Белоцкий, М.Аммосов, Т.Айтматов, Т.Жолдошев, А.Токомбаев ж.б. болушканын да тарых тастыктайт. (ЦГА ПД КР. –Ф. 56. Оп. 4. Д.81. Л.104; Кыргызская государственность в ХХ веке. –Б., 2003. –С.379).

Ошол убактагы кырдаал, кызыл террордун күндөн-күнгө күч алып жаткан арышы, партиялык уюмдун мурдагы жетекчиси Белоцкийдин НКВДга тымызын билдирүүсүндө айтылгандай «Кыргызстан буржуазиялык улутчуларга, контреволюциялык-улутчул топторго, чет өлкөлөр менен байланышы бар кулактарга, басмачыларга жана шпиондорго толуп турган кез болгон». Бул деген Кыргызстан башка республикалардай, деги эле СССРдегидей эле оор күндөрдү баштан кечирип жаткан кез экендигинен кабар берет. Ал курмандыктардын катарында Т.Айтматов да бар эле.

Төрөкул Айтматовдун 35 жашында атылып кеткенин жакындары 20 жылдан кийин, сөөгү коюлган жайды 43 жылдан соң гана билишкен. Анын сөөгү бейкүнөө атылган 137 кишинин арасынан табылды. Ал жерге эгемендик доорунда “Ата-Бейит” эскерүү жайы тургузулду, кийинчерээк Ч.Айтматовдун өзү да ошол жерге коюлду.

Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик, партиялык ишмер катары олуттуу иштери:

  • аткаруу бийлигинин болуштук, кантондук, большевиктик партиянын райондук комитеттеринин катчылыгы, областтык комитеттин жооптуу кызматкери;
  • жер-суу реформасын ишке ашырууга жигердүү катышкан;
  • жаңыдан түзүлгөн министрликте соода, камсыздоо жана өнөр жай тармагын жетектеп, алардын ишмердүүлүгүн калыптоодогу натыйжалуу аракеттери;
  • Кыргызстандын эл чарбасынын эң оор, жаңыдан түзүлүп жаткан, көп тармактуу өнөр-жай тармагын мезгил талабына жараша өнүктүрүүгө (өлкөнү индустриалдаштыруу жараяны), аларды квалификациялуу адистер менен камсыздап, өнөр жай ишканаларынын пайда болуп, өнүгүшүнө абдан аракет кылган;
  • кыска мөөнөттө, 1930-ж. октябрь айына Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы жогорку жана орто билимдүү инженердик-техникалык адистердин жалпы санын эки эсе көбөйтүүгө жетишкен. Алар негизинен Москва, Ленинград ж.б. ири шаарлардан чакырылып келген адистер болгон;
  • жогорудагы аракеттер менен өзү жетектеген ЭЧБК - ЦСНХ (Центральный совет народного хозяйства) алдында экономика, камсыздоо, пландоо бөлүмдөрүн ачууга жетишкен;
  • Кыргызстандын өнөр жайынын тоо-кен, отун (Көк-Жангак, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Шураб ж.б. көмүр кендери) энергетика тармагын, коргошун, сурьма кендерин иштетүүгө, ири өнөр жай комбинаттар тармактарын өнүктүрүүгө жетекчи катары өз салымын кошкон;
  • эч кандай экономикалык жана техникалык билими жок эле эл чарбасын өнүктүрүүнүн биринчи беш жылдык планын терең иликтеп, анын өнөр жай тармагына мамлекеттик бюджетти көбөйтүү боюнча ага өз сунуштарын киргизип, алар 1929-ж. VI областык партконференцияда колдоого алынган. Булардын баары Кыргызстанда өнөр жай, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн;
  • Кыргызстанда электр тогун өндүрүү тармагын түптөөгө, биринчи беш жылдыкта бир катар ГЭСтерди курууга жана бул тармакты өнүктүрүүгө өз салымын кошкон;
  • республикадагы Майлуу-Суу, Чангыр-Таш, Теке-Бел ж.б. мунай чыккан жерлерди кеңири иликтөөнү сунуш кылган;
  • жаш автономиялуу республиканын аймактарындагы тоо кендерине, шахтыларга баруучу транспорт, жол маселерин кескин түрдө чечүүнү сунуш кылган;
  • жогорудагылар менен катар эле шаар куруу маселелерин да эстен чыгарган эмес;
  • ал министр болуп турган кезде Кыргыз АССРинин эң биринчи аэродромунун курулушу башталган.

Ошентип Т.Айтматов жаш республиканын өнөр жай тармагын, ГЭС, ТЭЦтерин, жаңы завод-фабрикаларын, калк үчүн жаңы үйлөрдү курууга өз салымын кошуп, эл-журтуна кызмат өтөгөн.

Жогорудагылардын баарын ал 30 жашка жете элек куракта чечүүгө аракет кылган.

Кадимки Токтогулдун тили менен айтканда «Кандай аял тууду экен Чыңгыздай уулду?». Эми кеп Чыңгыздын апасы Нагима тууралуу болсун.

Апасы - Нагима Хамзаевна Айтматова 1904-ж. 7-декабрында Каракол шаарында келгин татар соодагери Хамза Абдулвалиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Абдулвалиевдердин үй-бүлөсүндөгү башка балдар-кыздардай эле Нагима Хамзаевна билимдүү болгон, алгач татар медресесинен, кийин орус мектебинен билим алып, 1925-ж. мектеп-гимназияны бүтүрөт. Өзү врач болгусу келет, бирок анын байдын кызы экендигине байланыштуу институтка да, медучилищеге да кабыл албай коюшат. Бирок ошол кездеги жаш Совет өкмөтүнө Нагима сыяктуу билимдүү, араб тилинде да, орус тилинде да, латиницада да сабаты бар, кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн жаштар керек болгон. Нагима апанын бейнесине кээ бир сүртүмдөр:

  • алгач стенографисттер курсуна кирип, ошол эле 1925-ж. аны ийгиликтүү аяктайт;
  • комсомолго өтүп, 1925-26-жж. Кара-Кол комсомол комитетинде бөлүм башчы болуп иштейт;
  • билгичтигин, чечкиндүүлүгүн, аялдардын укуктарын коргоодогу тайманбастыгын, тартынбастыгын эске алып, республикалык партиялык уюм Нагиманы Пишпектеги комсомолдор курсунда окутат. Дал ошол жакта Төрөкул Айтматов менен таанышып, көп өтпөй 1926-жылдын 3-сентябрында баш кошушат;
  • 1927-ж. башында жолдошунун ишине байланыштуу Жалал-Абадга келип, шаардык комсомол комитетинин катчысы болуп эмгектенет;
  • 20-жылдардын акырында Нагима Хамзаевна мусулман аялдардын эркиндигин жактап, көп аял алууга жана кыздарды эрте турмушка берүүгө каршы күрөшкөн, кыздарды, балдарды сатууга, паранжасын чечкен аялдарды коргоого, аларды куугунтуктоодон сактоого жигердүү аракет кылган;
  • жолдошу менен бирге жер-суу реформасын турмушка ашыруу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн;
  • Нагима Хамзаевна жана Төрөкул Айтматовдор 5 балалуу болушкан: Чыңгыз, Илгиз, Рево (эгиздин пайы, уул), Люция (Рево+ Люция= Революция), Розетта – Роза. Алардын баарына үйдө, өзүнө окшотуп билим беришкен. Алардын бардык балдары, кыздары 6 жашта кадимкидей окуганды билишкен. Мындай тарбияда Нагиманын ролу зор экени талашсыз көрүнүш.

Нагима Айтматова коомдук-саясий турмуш менен үй-бүлөлүк турмушту айкалыштырып, артта калбай баарына үлгүргөн, сейрек кездешкен аялзаты болгону да талашсыз факт. Бирок алардын үй-бүлөсү, тегин эске алуу менен ошол 1937-38-жж. «кызыл террордун» тегирменинен аман кала алган эмес. 30-жылдардын ортосунда алардын үй-бүлөсүнө да каргашалуу окуя кирип келет. Акырындап алардын үй-бүлөсүнүн үстүнө кара булут айлана баштайт. 1937-ж. Москвада жашап жүрүп, Т. Айтматовду камакка алаардын алдында балдарды сактоо максатында Нагима 4 баласы менен Таласка келет. Күйөөсү репрессияланып, эл душманы катары, Төрөкул эле эмес, алардын уругундагы бардык эркектер атылып кеткенден кийин оор турмуш башталат.

34 жаштагы Нагима Айтматова турмуштун бардык оор сыноолорун баштан кечирип, өмүрү өткүчө жолдошу Төрөкулдан кабар күтүп, талыкпастан, балдарын эш тутуп жашап өткөн. Камалгандан 20 жылдан кийин 1957-жылдын август айында Н. Айтматовага НКВДдан «Айтматов Тѳрѳкулга карата 1938-жылдын 5-ноябрындагы СССРдин Жогорку Сотунун Коллегиясынын ѳкүмү жаңыдан ачылган жагдайларга ылайык алынып ташталсын жана кылмыш курамынын жок экендигине байланыштуу ал жѳнүндѳгү иш токтотулсун. Айтматов Т. ѳлгѳндѳн кийин реабилитация болду» - деген маалымат берилген. Ошентип 20 жылдан кийин Нагима Хамзаевна күйөөсүнүн акталганын угат, бирок кайсы жерде өкүм аткарылып, кайсы жерге коюлганы белгисиз бойдон калат. Жогорудан да оор кабары - анын өлгѳндүгү жѳнүндѳгү күбѳлүгүндѳ: «Ѳлгѳн жери – белгисиз. Ѳлгѳндүгүнүн себеби – белгисиз. Ѳлгѳн убактысы – белгисиз» - деген маалыматы болгону талашсыз. Нагима Айтматова 1971-ж. 10-августта, күйөөсүнүн кайда, качан, кантип кайтыш болгонун жана кайсы жерде көмүлгөнүн билбестен жарык дүйнө менен кош айтышты.

Төрөкул Айтматовдун качан, кайда, кантип өлтүрүлгөнүн жана кайсы жерге коюлганын, ошол 1938-жылы ал сыяктуу 137 адамдын көмүлгөн жерин, мурдагы кирпич чыгарган заводдун мешин көргөн адамдын кызы Бүбүйра Кыдыралиева атасынын керээзин 17 жылдан кийин, эгемендүүлүктүн алгачкы 1990-жылы элге жеткирген. 1991-жылдын 30-августунда алардын баары зор сый-урмат кайра коюлган. Төрөкул Айтматовдун сөөгү да дал ошол жерден табылган. Ал жер - азыркы «Ата Бейит» комплекси. Тагдырдын жазганы го, кийинчерээк Чыңгыз Айтматов дал ошол атасы коюлган «Ата Бейиттен» түбөлүккө орун алды.

Демек, биздин айталы деген оюбуз: элибизде «курама темир курч болот» дегендей, жогоруда көрсөтүлгөн дээринде бар ата-бабасынын зээндүлүгү, алардын руханий дөөлөттөрү, билимге умтулуусу, элге кызмат кылууга аракети болочок жазуучуга зор таасирин тийгизбей койгон жок. Дагы бир жагдай - эки элдин, эки башка маданияттын өкүлдөрүнүн урпагынан дүйнөнү дүңгүрөткөн, даңазалуу, залкар жазуучу, аалам алпы Чыңгыз Айтматов төрөлүп, калыптанып, бизге, ааламга зор адабий, философиялык мурас калтырды десек болот. Бул болсо акылман кыргыз элинин, байыртадан эле «курама темир курч болот» деп бекеринен айтпаганына далил болуп эсептелет.

Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, РТИА мүчө-корреспонденти

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG