Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

“Кызыл кыргыз тарыхынын” атылган автору


Белек Солтоноев.
Белек Солтоноев.

Белек Солтонкелди уулу Солтоноев 40 жылдан ашуун кыргыз тарыхын изилдеп, анын байыркы замандан ХХ кылымдын башына чейинки учурун камтыган ири эмгек жараткан.

“Кызыл кыргыз тарыхынын” айрым үзүндүлөрү 1987-жылы жарыяланган. Эмгектин толук тексти республика эгемендикке жеткенден кийин чыкты. Белек Солтоноевди 1937-жылы камакка алышкан, бирок кайсы жылы атылганы белгисиз.

Кедейден чыккан болуш

Белек Солтоноев 1878-жылы Чоң Кеминде төрөлгөн. Ал тууралуу маалыматтарда жарык дүйнөгө келген жери катары үч аталыш көрсөтүлгөн: Тегирменти, Үч-Булак, Экинчи Жантай. Ата-энеси кедей-кембагал адамдардан болушкан. Бирок да зээндүүлүгүнүн, аракетчилдигинин аркасында бала кезинде айылында араб арибин, эс тартып калган кезинде Чолпон-Ата, Караколдо орус арибин таанып, орус мектебинде окуган. Боз улан кезинде Пишпектеги багбандар мектебинде эки жыл билим алган. Кат тааныган “молдокени” 1916-жылы айылдаштары Атакеге болуш кылып шайлашкан. Жаңы ишке жакшылап кирише элегинде Үркүн алааматы башталып кетип, качкан эл менен Кытайга барып, андан 1917-жылы жерине кайтып келген.

Совет заманынын тушунда кызыл аскер болуп, Кытайда калган кыргыздарды жерине кайтаруу иштерине катышкан. Бир-эки жыл Кыргызстандын түндүгүндө элдин сабатсыздыгын жоюу жумуштарын аткарган. 1925-жылдан тартып илим изилдөөгө киришип, болгон убакты-саатын тарыхый эмгегин жазууга арнаган. 1934-жылдан тартып анын асманында да “кара булут” айланып, жалган жалаа менен ишинен бошотулган. Кысталыш учурда “тамамдалган” илимий эмгегин Кыргыз АССРинин Маданият курулуш институтуна тапшырып, тагдыры туш келген мүшкүлгө моюн тоскон. Белек Солтоноев качан, кайсы жерде атылганы белгисиз. Кийин 1950-жылдары акталган.

Улуу инсандын элине калтырган табериги, “Кызыл кыргыз тарыхы” - биринчи кыргыздын өз элинин өткөнүн тээ байыркысынан тартып санжаптап, орус жана башка тилдерде кыргыз тууралуу маалыматтарды топтоп, ыраатка салып жазып кеткен албан эмгеги. Жамы дүйнө жаңы өнөр таап, маданиятын арттырып, илим-техникасы өсүп баратканын көргөн кыргыз баласынын элине тартуу кылган эс китеби. Өткөнүн билбей калган улуттун азыркысын таанышы, келечекке багыт алышы кыйын. Европа менен Америка алдыга озуп, Күн Чыгыш элдери миңдеген жылдар караңгылыкта келатканына жаны күйгөн автор: “Кыргыздын кайдан таралып, кайсы заманда тарыхка илингендигин, кайсы жерде тургандыгын, саясы, үнөм-жөнү кандай болгондугун, анын расим, адет, пейли, кулкун оозеки сурап жана Жавропа, Кытай, Иран, Араб жана эски-жаңы түрк, татар тарыхын, маселен, дүнүйөгө маалым болгон тарыхчылар: Бичурин (Якинф), Бартольд, Радлов, Аристов, Миллер, Чжан-Шан, Чанчун, Клапрот, Катанов, Фишер, Григорьев, Исловдев, Махмуд Кашгары, Абулгазы, Туманский ж.б. тарыхтардан маалымат алып жаздым. Бул тарых кыргыз тарыхынын сапаты жагынан биринчи даражада болбосо да, келерде кыргыз тарыхына түбөлүктүү материал болор деген талап менен ортого салдым. Тарых мазмуну кыргыздын тарыхка илингенинен баштап, Өктөбүр өзгөрүшүнө; 1917-жылга чейинки тарыхы жазылды”, - деп белгилеген.

Жаңы заман келгенге чейинки тарыхты антип ыраатка салып жазып чыккан автор кыргыз кызылга оронгон чакта атылып, эчен жылдар көз майын коротуп жазган эмгеги темир сандыкта бекем катылып жарым кылымдан ашуун чыкпай жатты.

Энесейден башталган узак жол

“Кызыл кыргыз тарыхы” - элибиздин өткөнүн илимий таризге түшүрүп, кайсы бир идеологиялык калыпка салбай, изилдеп тапканын, уккан-көргөндөрүн баяндап берген баалуу эмгек. Өктөбүр революциясына чейинки кыргыз турмушун Белек Солтоноев мындайча сыпаттаган:

“Кыргыздын эң байыркы турган жери Энесей дайрасы, Алтай, Саян, Тянь-Шань, Памир, Котон тоолору, ушул айтылган тоолордун аралары жана өзөн-салаалары болгон. Жан сактоо кесиби: кой, төө, уй, эчки асырап багып, жайдын күнү — айран, сүт, кымыз, кыштын күнү — эт, азоолок дан аралаштырып, этке жетпеген кедейлери бай менен феодалдарда малайлыкта күндөрүн өткөрүшкөн. Көбүнчө көчмөн болуп эң эски заманда хандарында отурук жайлары болгон. Алтын, темир, күмүштү иштегенди билген. Дини шаман болуп, ар түрлүү жан-жаныбар өсүмдүккө табынып, жоокерчиликке өтө баатыр болгон.

Могол, калмак, өзбек замандарында там салбастан, көбүнчө түндүк кыргыздары жалпы көчмөн болгон, малдын жайыты такылып, жаки жоодон кысталса, кышында болсо 3-4 жаштагы балдарын айрымачка кол турмачтап алып же болбосо аркаларына таңып алып, күндүр-түндүр суук жаан-чачынга, бороон-шамалга, аязга, терең карга карабастан үйгө жагдайлуу жумуштарын катындардын милдетине коюп, көчүп жүрө берген. Там салышты «тирүүлөй көргө кирет» деп жактырбастан, калаа турмушун «учпас тоок, көчпөс там» деп сүйбөстөн ылайык көрбөгөн. Эгин айдоону көп билбестен (асыресе, түндүк кыргызы), айдаса көбүнчө таруу айдаган. Буудай, арпаны кемчил айдашып, буурчакты чанда айдаган”.

Ушул кезде "феодалдык-патриархалдык доор" дегенибиз “Кызыл кыргыз тарыхында” мына ушундай конкрет өң-түс алган. Көчмөн элдин түпкүлүктүү уңгусу, бүчүр алып көктөп чыккан жери кайда болгон, кандайча жана кантип жаралган? Буга Белек Солтоноев мындай жооп берген:

Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби.
Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби.

“Кыргыз — фин, могол, гунь элдеринен куралган эл. Көбүнчө биздин эрадан 500 жыл мурун түн жак Кытайдан келген «динлин» уругунан, бир кабарда «динлинди» эски заманда Орто Азиядан Алтай, Орол ортосуна барып бирлешкен «арийлердин», эски карыялардын: "Кыргыз Алтай-Каңгайдан келгенбиз" деген сөзү жалган эмес. Эски түрк кыргызды "тууганым" дебеген. Кыргыздын тили уйгурдукундай болгон. Биздин эрадан 206-жыл мурун болгон Кытайдын Улуу ханы деген падышасынын тарыхын жазган Баньгу деген кытай болгон. Баньгу биздин эранын 92-жылында өлгөн. Бул тарыхчы да "кыргыз Гянь-Гунь аталган" дейт. Бул Гянь-Гундар биздин эрадан 206-жыл мурун өзүнчө мамлекет болгон. (Ал 206-жыл мурун өзүнчө канчалык мамлекет курганы, кандай турмушта болгону тарыхта кабары жок). «Киггис» деген түрк уругунан болгон эл биздин эрадан 2000-жыл мурун Египетти (Мисир) караткан . Кытайлар кыргызды "кыйкыс" деп жазган. Ойго келет, балким «кикис» кыргыз болбосун деп. "Кытай тарыхынын атасы" аталган, биздин эрадан 99-жыл мурун жазылган "Шиңзи" деген тарыхта "түрктүн «Гунь» аталган уругу биздин эрадан 201-жыл мурун «Гэгунь» (Кин-Кин) деген элди караткан деп Сы Ма Цяня" айтат. Транскрип жазууга салып Кин-Кин деген сөздү текшергенде «кыргыз» болуп чыгат. Кин-Кин — Гян-Гунь аталып кеткен. «Гян-Ким» деген сөз болуп, эски түрктөр Энисей дарыясын «Кем» деген. «Гунь» — Орхон дарыясы болуп, аны кытайлар Гунь деген. Демек, Гян-Гунь, Кем — Орхон дарыялары — жердин аттары болуп чыкты. Кем, Орхон дарыяларын эң эски заманда фин-могол жана түрк уругунан гунь деген эл жердеп тургандыктан, кыргызды фин-могол гунь уруктарынан куралган эл деп айтууга мүмкүн. Кыргыздын турган жерлери: Энесей дарыясынын тегереги, Уранкай, Саян тоолору, аягы Алтай тоолору Тибет болуп, ортосу Энесей баштары болгон, Энесей дайрасынын башында: Кемчик, Ситкем, Бомкемчик, Кукем, Бейкем, Улукем, Кизикем деген туура суулар бар”.

Чыңгыз хан ээлиги

Изилдөөчү кыргыздын көөнө тарыхын, гундар, Кыргыздын зор мамлекети, арабдар, түрктөр, карлыктар, караханиддер, кара кытайлар менен мамиле-катнаш, уруштарын, XIII кылымда чыгыштан Чыңгыз кандын колу түрүлүп чыгып, кыргыздар ага айласыз баш ийгенин, анткен менен муну дымактуу эки элдин мунасага келиши деп баалоого болбостугун, ортодо уруш-талаш болуп турганын атайын белгилеген.

«Кыргыздар монголго согушсуз караса да, 1218-жылында (барс жылы) кыргыз менен Чын хандын ортосунда согуш болгон. Ошондо монгол каршы Байкал көлүндө туруучу Тумет жана Байлү эли көтөрүлүш кылган. Булар кыргызга көрөшүлөш тургандыктан көтөрүлүштү басуу үчүн кыргыздан аскер сураганда, алар аскер бермек түгүл өздөрү каршы чыкканда кыргызга каршы Чыңгыз хан өзүнүн улуу баласы Жочуну баштык кылып аскер жиберген. Булардын эрөөл (авангарды) аскеринин баштыгы деген киши кыргызды кайта кубалап жиберип, өзү сегизинчи сууну басып келген. Мунун соңунан өзү келип, муз баскан суу Кемкемжутту (Энисейди) басып келип, кыргызды каратып кайта кеткен…

Ушул 1218-жылында болсо керек, кыргыз үчкө бөлүнгөн. «Жеңилген Какас» мамлекети үчкө бөлүнүп биринчиси Саян тоосун аша түн жагына кеткен. Экинчиси кыргыз аталып, Абакан өзөнүнө түшкөн. Какастардын көбүрөөгү күн жүрүштүн күн батышы жагын ооп, күн батыш Тянь-Шандан азыркы түн жак кыргыздын өзөндөрүнөн жай алган. Жогоруда жазылган Абакан өзөнүнө түшкөн кыргыз болсо керек. Чыңгыз хан Бухараны алгандан соң 1220-жылында Кыргыз хандарынан Мамык хан уулу Тайбука, Эртиш, Тобол Эшим туура суулары боюндагы жерлерди сураганда кабыл алып, ал тегеректеги жерди Тайбукага багыштаган».

Чыңгыз хан доорунан кийинки Темир кандын жортуулдары, Мухамбеткайдар заманы, анан Адигине, Тагай, Оң-сол тарыхы кеңири баяндалган. Калмак жапырыгы, Кыргыз менен Катагандын согушу, Жаңыл мырза баяны, Энесай, кытай кыргыздары тууралуу баяндай келип автор "Кыргыз азыркы турган жерине качан келген?" деген суроону алдына койгон. Солтоноевдин ырасташынча, Орхон, Алтайдан Орто Азияга көчүү бир нече ирет, биздин эрадан 200 жыл илгери гундардан жеңилип, Ысык-Көл, Тянь-Шанга келген. Биздин эранын III кылымында Аксуу, Турпан чөлкөмүнө келип орношкон. Х–ХI кылымдарда көчүп келишкен. Орун которуу кийин Чыңгыз хан заманында да болгонун маалымдаган. Белек Солтоноев изилдөөсүндө уруулар ортосундагы жаңжалдарга, кыргыз-казак мамилесинин “бузулушуна”, орус падышалыгынынын кыргызды каратып алышына, 1916-жылкы көтөрүлүшкө, элдин Кытайга качып, кайтып келишине кенен токтолгон.

“Манасты” ташпиштөө

“Кызыл кыргыз тарыхында”“Манас ташпиштөө ирети” улуу дастан тууралуу маалыматтар да жайгаштырылган. Тарыхчы эпостун генезиси – чыгыш себеби боюнча мындай божомолду ортого таштайт:

“Манастын согушу көбүнчө кара кытай менен болуп, кара кытайдын Жолой (Елюй) баштыгы болгонуна караганда жана ырчылардын баарысынын айтуунда Манастын биринчи жоосу жана аны өлтүргөн душманы Жолой менен Коңурбай болгон үчүн Манасты көбүнчө кара кытайдын сапырыгында болгон деп айтууга мүмкүн. Күмбөзүнө жазылган сана арабага (мусулмандын эсеби) деген санаттагы кара Кытайдын дооруна тушма-туш келет. Не да болсо ырчылардын айтканына караганда Манастын бабалары Алтай, түрк бабаларына, караханилерге жана Жолойго караганда кара кытайга байланат. Чыңгыз хан Орто Азияга чабуул коердун алдында, Харезим (Хива) шаарын Мухаммет деген ханы 1210-жылында кара кытайды быт-чыт кылып бир жолуга жеңип, колунан өкмөтүн алган Күн чыгыш жагын (Иле, Чүй) эсепке албаганда, Орто Азияда кара кытайдын бийлиги ошондо бүткөн».

Белек Солтоноевдин тарыхый окуялар менен доорлор, замандар жөнүндөгү жатык тил изилдөөсүнүн кадыр-баркын андагы этнографиялык баалуу материалдар, жеке байкоолору өзгөчө кызыктуу кылат. Белгилүү тарыхчы илимпоз Мурат Кожобековдун баамында, мына ушул маалыматтар эмгектин илимий деңгээлин көтөрүп турат.

Мурат Кожобеков.
Мурат Кожобеков.

- Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы» Осмоналы Сыдыковдой эле салттуу нукта башталган, - дейт ал. - Анын китебинин аталышы да кызыктуу. Биринчиси «Кызыл кыргыз тарыхы», экинчиси «Кыргыз-казак тарыхы» деп аталат. Ал көп окуган. Белек Солтоноев тарыхый изилдөө усулун терең өздөштүрө албаса да, аны кыргыздардын санжырасына окшоштурууга, айкалыштырууга аракеттенген. Маселен, анын Мукамбет-кыргызды Тагай бийге салыштыруусу бүгүнкү кыргыз тарых таануусунда алынып кетти. Бул эмгектеги негизги бай материал - этнографиялык изилдөөлөрү. Эң мыкты жана көрүнүктүүсү - ушул этнографиялык материалдары.

Белек Солтоноевдин тарыхый изилдөөсү - убакыт өткөн сайын барк-баасы көтөрүлө берчү эмгек. Анткени ал биринчи ирет кыргыз тарыхын ыраатка салып, байыркы элдин узак мезгилдерди камтыган ары татаал, карама-каршылыктуу жолун ачып берген. Ошол баа жеткис эмгеги үчүн ал «эл душманы» атыгып, адам чыдагыс азап-шорго малынып атылып кеткен. Катаал учурда илимпоздун баалуу эмгегинин жок болбой сакталып калышы кыргыз тарых илими үчүн опсуз олжо болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG