Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

«Манасты» тааныткан өзбек ишкер


Ташкенттеги «Манас» рестораны.
Ташкенттеги «Манас» рестораны.

Өзбекстандык ишкер Санжар Максудов Ташкентте кыргыз ашканасын иштетет. «Манас» деп аталган ресторанда беш бармак баш болгон кыргыз даамдарынан сырткары театрлаштырылган спектаклдерди да көрүүгө болот. Өзбек ишкери кыргыз ашканасын кантип чет өлкөдө популярдуу кылса болоорун айтып берди.

- Мен 19 жылдан бери ресторан бизнеси менен алектенем. Акыркы 8 жылдан бери ресторандардагы тейлөөнү автоматташтыруунун үстүндө да иштеп келем.

19 жыл аралыгында 20дан ашык ресторан ачып, 17син ар кандай себептер менен жапкам. Кээ бир ресторандарды өнөктөштөрүм менен келише албай жабууга туура келсе, кээ бир ресторанымды бузуп салышкан, күйүп кеткен учурлар да болгон. Бирок биз кол жайып отуруп калбай, кайра жаңыларын ачтык. Бугүнкү күндө биздин төрт рестораныбыз, эки кофеканабыз жана жарым фабрикаттарды даярдаган өндүрүшүбүз бар.

Ишкер Санжар Максудов
Ишкер Санжар Максудов

- Билишимче сиздин эң чоң ресторандарыңыздын бири – «Манас». Эмне үчүн «Манас» деп атагансыз?

- Ооба, бул менин алгачкы рестораным. 19 жыл мурун Кыргызстанда болгонбуз. Ошондо кыргыз досторубуз бизди ушунчалык мыкты коноктогон, биз ал жактан кыргыз меймандостугуна абдан ыраазы болуп, суктанып кайткан элек.

Ар элдин маданияты ар башка да, бирок кыргыздардын конокко жасаган мамилесинен, меймандостугунан көп нерсени үйрөнсөк болот. Ошентип бир жылдан кийин алгачкы рестораным ачылды.

Эмне үчүн «Манас» деп атадык? Анткени биз Кыргызстанда жүргөндө бул сөздү аябай көп кездештирдик: «Манас» аэропорту, башкы жол «Манас», «Манастын» эстелиги. Анан мага «Манастын» ким экени кызык болду. Досторум ал баатыр болгонун, «Манас» эпосу бар экенин айтып беришти. Мен ал эпосту окуп, абдан кызыгып калдым. Анан бул тарыхтын уландысы болсун деп «Манас» ресторанын ачтым.

Ташкенттеги «Манас» рестораны.
Ташкенттеги «Манас» рестораны.

- Сиз кыргыздардын меймандостугу абдан жакканын айттыңыз. Кыргызстанга келгенге чейин эле ресторан ачуу планыңызда бар беле же жогорудагы факт таасир эттиби?

- Бизге сиздердин беш бармак ушунчалык жакты, күндө жеп жаттык. Күн сайын бизди ар башка жерлерге алып барып, боз үй тигип, кой союп, ошол эле жерден беш бармак даярдап берип сыйлап жатышты. Ал эми Ташкентте мындай даамдуу тамак жок болчу. Биз ошондон таасирленип, беш бармаккана ачуу идеясы менен ооруп кайттык. Жыйынтыгында «Манас» ачылды.

- Демек, «Манас» - кыргыз ашканасы турбайбы. Кандай тамактын түрлөрү бар?

«Манастын» беш бармагы.
«Манастын» беш бармагы.

- Албетте, биринчи кезекте беш бармак, куурдак бар, сезону менен кымыз болот.

Биз негизи бир аз нукура кыргыз ашканасынан алыстап кеткенбиз десем да болот. Анткени бизде шишкебек, чебурек, самсы да бар. Мындайча айтканда Борбор Азиянын ашканасына жакын.

- Кыргыз ашпозчуларыңыз барбы? Же ашпозчулар кыргыз даамдарын жасаганды кайдан үйрөнүшөт?

- Кыргыз ашпозчуларыбыз жок. Бир казак айым бар. Биз башында кыргыз элчилигинен сураганбыз, бирок сүйлөшө албадык. Ашпоздорубуз мыкты, арыз жок.

- Ресторандын кире беришинде «Манас хандыгы» деп жазылып турат. Демек ресторан эле эмес да?

- 8-9жыл мурун биз «Манасты» театрлаштыра баштадык. Биз мындан ары ресторан эмес, ордобуз. Мында официант, ашпоздор жок. Мындагылар - жашоочулар. Бул жакта иштегендердин баары ушул жакта жашайт.

Ар бир кызматкер өзүнө жакын образды тандап алган. Алты ай бою актёрдук чеберчилик боюнча сабак алышып, жаңы форматта ачылганбыз. Башында көптөрү тушүнүшчү эмес. «Эмне жорукту баштагансыңар?» деп таң калышчу. Элестетип көрсөңүз, бир официант ат минип келип эле, көрүнбөгөн жипти сизге карматып: «Менин атымды кармай турчу, карачы, кандай кандай келишимдүү, туяктарына көз чаптыр, мыкты тулпар» деп, ал аттын таржымалын айтып баштайт. Албетте, бул бардык кардарларга эле түшүнүктүү боло бербейт. Бирок акырындан эл көнө баштады. Кызматкерлер өздөрүнүн образдарына ылайык каалагандай кыймыл-аракеттерди жасай алат.

Санжар «Манастын» кызматкерлери менен.
Санжар «Манастын» кызматкерлери менен.

Бизде дээрлик ар бир кызматкер музыкалык аспапта ойноп, бийлеп, ырдаганды билет. Конокторго бул абдан жагат.

Азыр биз «Манаста» инерциялык театр да уюштуралы деп жатабыз. Мындайча айтканда сиздин айланаңызда эле спектакль боло берет, сиз да анын катышуучусу болосуз. Анда меню болбойт, официант болгон тамакты алып келет. Бул «Манас» хандын ордосуна түшүп калгандай сезим калтырат.

- Абдан кызык экен! Түшүнүшүм боюнча сиз кыргыз ашканасын эле эмес, кыргыз маданиятын да жайылтып жаткан турбайсызбы? Мунун баарын кайдан билесиз же кимдир-бирөө кеңеш берип турабы?

- Маданият боюнча биз бул жактагы кыргыз маданий борбору менен кеңешкенбиз. «Манас» эпосун окуп чыкканбыз. Азыр болсо «Манас» спектаклин коюп жатабыз.

- Мен Москва, Анкара шаарларынан кыргыз ресторандарын көргөм. Байкашымча ал жайлардын негизги кардарлары кыргыздар болчу. Ал эми «Манастын» кардарлары кимдер?

- Мында кыргыздар абдан аз. Андыктан биздин башкы кардарлар - өзбектер жана чет өлкөлүктөр. Театрлаштырылган ресторан болгондуктан бул чет өлкөлүктөргө абдан жагат.

- Жеке пикиримде өзбек ашканасы - Орто Азиядагы эң бай ашкана. Өзбек эли кыргыз ашканасын кандай кабыл алды? Эң көп кайсы даамын жактырышат?

- Ташкентте эң жакшы беш бармакты кабыл алышты. Биздин беш бармаккана Ташкентте номер бир болуп саналат. Кимдир-бирөө беш бармак жегиси келсе, дароо бизге келет.

- Сиздин «​Инстаграмдагы» баракчаңыздан «Манас» бир жолу толугу менен күйүп кеткенин окудум. Бул окуя кантип болду, сиз, кардараларыңыз муну кандай кабыл алдыңар? Кантип «Манасты» кайра түзөдүңүз?

- Биз келсек, «Манас» күйүп жатыптыр. Кыздар, балдар баары тең алоолонгон өрттү көрүп, ыйлап жатыптыр. Мен аларга: «Эч нерсе эмес, ансыз деле оңдоп-түзөп, жаңылап алсакпы деп жүрдүм эле», - деп соороттум.

Анан: «Келгиле, мунун баарын видеого тартабыз, «Дом-2» шоусунан эмнебиз кем?»- деп өрттү күлкүгө айландырдык. Айтор, каткырып, тамашалаша баштадык. Айланадагылар бизди: «Рестораны күлгө айланып жатса, күлүп жатканы эмнеси?» - деп таң калуу менен карап жатышты.

«Манас» ресторанындагы боз үй.
«Манас» ресторанындагы боз үй.

Анан экинчи эле күнү муну видеого тартып, хайп жарата баштадык. Ал видеону жүз миңдеген киши көргөн. Ал тургай өрттөн калган кыштарды сата баштадык. Бирок эки жылдай ресторанды калыбына келтирүү менен убара болдук. Бул аралыкта кызматкерлеримдин баары жанымда болду. Айрымдары өздөрү ресторан ачты, кээ бирлери башка ресторандарда башкаруучу кызматтарды ээлешти. Бирок ресторандын ачылышына бири калбай келди.

Эски курам ресторанды ачып, бир күн иштеп берди. Анан жаңы кызматкерлерди алдык. Алар дагы 6 айлык актёрдук чеберчилик курсунан өтүштү. Ошентип азыркы күнгө чейин «Манастын» эски салтын улантып келебиз.

- Ошол эле «Инстаграмдагы» комментарийлерден адамдар «Манас» тууралуу абдан жакшы пикирде экенин байкадым. «Манас» кардарларды эмнеси менен багындырат, сырыңар эмнеде?

«Манас» ресторанындагы боз үй.
«Манас» ресторанындагы боз үй.

- Мунун сыры биздин башкаруу системабызда. Биз ар бир кызматкерди кызматташка айландырганбыз. Жалпы кирешени чогуу бөлүшөбүз. Башкача айтканда ресторан өзүн өзү башкаруу системасы менен иштейт. Мындай учурда, албетте, алар бүт жан дүйнөсү менен иштешет. Ошондой эле «Манас» - абдан көңүлгө жакын жай. Адамдар дачасына келгендей, өзүн үйүндөгүдөй сезишет. Бул жакта аларды дайым күтөрүбүздү билишет. Ошондуктан баары «Манасты» жакшы көрөт.

- «Манас» азыр иштеп жатабы? Же карантинге байланыштуу жабылдыбы? Акыркы кырдаалга байланыштуу бийлик колдоп, кандайдыр-бир жардам берип жатабы?

- «Манас» азыр жеткирүү кызматы системасында иштеп жатат. Биз колдоо максатында болушунча көп кызматкерди иштетип жатабыз. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле биздин бийликтен да эч кандай жардам жок. Көпчүлүк адамдарыбызды арга жок акысыз өргүүгө чыгардык. Карантиндин бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

- Менимче биз, кыргыздар, өзүбүздүн ашкананы кедей деп анча баалабайбыз. Ушундай пикирдеги кыргыздарга эмне деп айтасыз?

- Бул нормалдуу көрүнүш. Биз дайым өзүбүздү же өзүбүздүкүн баалабайбыз. Бизге дайым башкалардыкы даамдуу сезилет. Негизи мыкты даярдасаң, ар качан өзүңдүн кардарыңды тапсаң болот. Эмнеге эгер жалпы улут беш бармакты тамшанып жесе, келген туристтер да жактырса, сиздер аны башка жакта жактырбайт деп ойлойсуздар? Мыкты даярдап, бир аз алардын татымына ылайыктап жасасаңыздар, албетте, алар дагы каалашат.

- Чет жакта кыргыз ашканасын ачкысы келген ишкерлерге кандай кеңеш бересиз?

- Мен постсоветтик өлкөлөрдү карап көрмөкмүн. Анткени ошол аймактарга кыргыз ашканасы бир аз түшүнүктүү болот. Европа өлкөсү бул даамды кабыл алышы кыйыныраак. Же камырдан жасалган оор тамактарды жактырган өлкөдө ачмакмын. Биздин ишкерлердин катасы - алар ашкананы өзүнүн жарандарына гана ылайыкташат. Мисалы, өзбек ашканасын Америкада да өзбек кардарлар үчүн ачышат. Бул туура эмес. Америкада өзбек ашканасын өзбектер үчүн эмес, америкалыктар үчүн ачыш керек. Ошондуктан мен нукура ашканадан качкыла деп кеңеш берем. Ошол эле кытай ашканаларын карап көрүңүз, Америкадагы кытай ашканасы такыр Кытайдагы ашканаларга окшош эмес. Жапон ашканасы ошондой. Алардын баары жергиликтүүлөргө ылайыкташат.

- Маектин башында сиз «кыргыз меймандостугунан көп нерсе үйрөнсө болот» дедиңиз эле. Ал эми сиз эмнени үйрөнө алдыңыз?

- Мен кыргыз меймандостугунан абдан жөнөкөйлүктү, конокко карата жогорку сыйды байкадым. Биз жөн гана Ысык-Көлгө эс алганы барганбыз. Ал эми Бишкектеги досторубуз: «Оо, биздин өзбек досторубуз келди!» - деп абдан сыйлашты.

Кудайдын куттуу күнү жаңы жерге алып барышат. Өзү келип алып кете албаса, инисин жиберет, анысы келе албаса, таекесин жиберет. Жада калса бир күнү «баламдын достору келиптир» деп атасы келди. Ал таасирдүү аткаминер экен. Өзбектерде мындайды элестетүү кыйын. Балким мурун ушундай меймандос болушкан, бирок азыр суугураактай сезилет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG