Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Кофекана бизнеси кулач жаюуда


Бишкектеги кофеканалардын бири
Бишкектеги кофеканалардын бири

Жыл өткөн сайын Кыргызстанда кофеканалар көбөйүүдө. Мурдараак кардарлары негизинен чет элдик жарандар болсо, бүгүнкү күнү жергиликтүү элдин арасынан да кофени жактыргандар катары арбууда.

Кофеканада иштөөгө да, эс алууга да болот

Бир нече жыл мурун Бишкекте жалгыз эле Coffee деп аталган кофе кайнатуучу жай бар болчу. Албетте баасы да бир топ кымбат эле. Чакан, азыраак кишиге ылайыкталган кофеканада кофе сүйүүчүлөр үчүн дайыма эле орун табыла берчү эмес. Кийинчерээк улам бирден пайда болуп бүгүнкү күнү борбор калаада ондон ашуун кофекана бар.

Сунуштаган кофелери негизинен бирдей болгону менен, ар бир кофекана кардарларды кандай да болсо өзүнө тартууга аракет кылып келет. Мисалы, башында жаңы ачылган Coffee кофеканасында кардарларга кофе же чайдын түрлөрү менен кошо таттуу токочтор сунуш кылынып келсе, бүгүнкү күнү ал жерде шашпай нанүштө кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Эртең мененки насиптен тышкары каалоочулар түштө же кечинде келип тамактанып, алкоголдук жана суусун кандыруучу суусундуктарды да иче алышат.

Бишкектеги эл аралык уюмдардын биринде иштеген Тынымгүл Эшиева жергиликтүү кофе сүйүүчүлөрдөн. Ал он жылдай убактан бери кофе кайнаткан жайлардан кофе ичип келет. Анын айтуусунда, Бишкекте кофеканалар көбөйгөн сайын, кардарлардын суроо-талаптары да өсүүдө:

- Кофени көп ичкенгеби барган сайын ага карата талаптарым өсө баштады. Баасына да карайм, кофенин күчтүүлүк деңгээлине, атүгүл кандай сүт кошот, ошого чейин маани бере баштадым. Мисалы, "Сиерра" кофеканасында жетинчи күрүшкө бекер деген акция бар, туруктуу кардары катары атайын арзандатуу алгам. Ал эми “Ванилла скай” жана “Бублик” кофеканаларында арзандатуулар болбосо да, жайгашкан орду ыңгайлуу болгондуктан, ал жакка да барып турам.

Украинадагы кофеканада отурган кыз
Украинадагы кофеканада отурган кыз

Биздин маектештин айтуусунда, азыр кофеканаларда чогулуп сүйлөшүүгө, бейрасмий жолугушууларды өткөрүүгө жана талкууларды уюштурууга толук мүмкүнчүлүк бар:

- Кофе аркылуу жакшы маанай тартылуучу жайлардын көп болсо деп кыялданчумун. Өзүм да качандыр бир ушундай бир жөн гана тамак жеп, кофе ичип кетпестен, түрдүү идеялар жаралган, талкуулар өтүп турган жай ачсам деп кыялданам. Учурда кофеканалар ошондой жерлерге, топтолуп сүйлөшүп, идеяларды талкуулаган аянтчага айлана баштады.

Бүгүнкү күнү биздин кардарларыбыз ар түрдүү: ишкерлер, саясатчылар, дизайнерлер, студенттер бар. Биздин кофеканада кишилер бири-бири менен таанышат, сүйлөшүп, чер жазып кетишет.
Атай Исабеков

Бүгүнкү күнү кофеканаларга барып, кофе же башка суусундук ичип, тамактануудан тышкары ошол эле жерде интернетке кирип, иштеп жаткан адамдарды да көрүүгө болот. Айрым кофе сүйүүчүлөр башка тамактануучу жайларга караганда кофеканалардын атмосферасы интернетти аңтарып, жайма-жай иштөөгө жакшыраак ылайыктуу деп эсептешет.

Starbucks сунуштаган "Бублик"

Бишкекте азыр деле беш манжа менен санала турган кофеканалар иштейт. Алардын ичинен эң жашы, ачылганына бир жылдай гана убакыт болгон “Бублик” кофеканасы бир тууган Атай жана Сардар Исабековдорго таандык. Бир туугандар чет мамлекетте окуп, иштеп жүрүп, Кыргызстанга келгенде ысык суусундук менен жеңил тамак сатылуучу жай ачууну максат кылышкан. Атай Исабековдун айтуусунда, аягында бир туугандар кофекана ачууга токтошкон:

- Ар кандай кызыктуу идеялар келди. Бирок биз кардарларыбыз тамактанып гана кетпестен, жолугуп сүйлөшүп, чер жазуучу жай ачсак дечүбүз. Натыйжада ошондой жай ачтык деп айта алам. Бүгүнкү күнү биздин кардарларыбыз ар түрдүү: ишкерлер, саясатчылар, дизайнерлер, студенттер бар. Мен байкайм, биздин кофеканада кишилер бири-бири менен таанышат, сүйлөшүп, чер жазып кетишет.

"Бублик" кофеканасынын кофеси
"Бублик" кофеканасынын кофеси

Атай Исабековдун айтуусунда, кофекананын ишинде да ар кандай эле бизнесте болуучу кыйынчылыктар болгон, башында бир туугандар күнү-түнү кетпей, кофеканада отуруп, кардарлар менен сүйлөшүп, алардын пикирлерин угуп, андан натыйжа чыгарууга аракет кылышчу. Бул нерсе бүгүнкү күнү деле басаңдаган жок дейт Атай Исабеков:

- Башында бир топ эле оор болду. Биз күнү-түнү ушул жерде жүрүп, иштин оң-терс жактарын байкоого аракет кылдык. Ар бир айтылган сын, сунуш-пикирлерди эске алып, кардарларыбыздын каалоолорун жүзөгө ашырууга аракет кылчубуз. Ошентип отуруп, буйруса, кофеканада тармагында өз ордубузду таптык деп айтсам да болот. Жаңы ачылганда иштеген кишилерибиз да аз болчу. Ашканада жана барда, официанттарды кошкондо 10 чакты эле киши иштечү. Азыркы убакта кызматкерлерибиздин саны отузга чамалап калды. Ошондой эле келечекте кеңейүү тууралуу максаттарыбыз бар.

“Бублик” кофеканасына Американын белгилүү Starbucks кофесин сүйүүчүлөр атайын ошол кофени ичүү үчүн келишет. Кофекана ээсинин айтуусунда, азырынча Кыргызстанда кофенин бул түрү “Бубликте” гана сатылат. Кофекана ээлери аны атайын буйрутма менен АКШдан алдырышат.

"Бублик" кафеси кофе, чай жана башка суусундуктарынын, тамак-аштарынын баасы орточолугу менен да айырмаланат. Учурда бул кофеканада бир күрүшкө кофе түрүнө жана жасалышына жараша 90-100 сомдон 200 сомго чейин сатылат.

Sierra түрдүү акцияларды өткөрөт

Сурамжылоолорго караганда, Бишкекте кофесинин баасы башка жайларга караганда арзан, сапаттуу деп саналган дагы бир кофеканалар тармагы – Sierra кофеканасы. Аталган кофекана акыркы убактарда борбор калаада бир нече жерде жаңы түйүндөрүн ачып, кардарларын көбөйтүүдө. Кофе сүйүүчүлөрдүн белгилөөсү боюнча, "Сиеррада" кофе, чай ичкенче же тамактанганча эле интернет кыдырып, иштөөгө да, ошондой эле балдар менен барып, үй-бүлө менен чогуу эс алууга да кеңири мүмкүнчүлүк бар. Уюштуруучулары чет элдик жарандар болгон бул кофеканада туруктуу кардарлар үчүн арзандатуулар жана башка акциялар болуп турат.

Булардан тышкары Бишкекте Adriano Coffee, Coffee, Coffee La Vita кофекана тармактары, "Арабика", "Эспрессо", "Релакс" жана башка кофеканалар бар. Бул жерлерден кофенин тандалган сортторун ичүүгө болот.

Бишкектеги кофеканаларда бир күрүшкө кофе түрүнө жана даярдалышына жараша 130 сомдон 250-300 сомго чейин.

Ошто кофе арзан

Азырынча Бишкектен башка аймактарда кофеканалар жакшы өнүгө элек. Чакан шаарларда кофеканалардын жоктугун байкоочулар кофенин баасына байланыштырышат. Биздин маектешибиз Тынымгүл Эшиева кофеге көнүп алгандыктан, аймактарга чыкканда кыйналарын айтат:

- Бишкектен сырт жакка чыкканда кофеге зар болом. Кээде айла жок эритилген кофеге да макул болууга туура келет. Өзгөчө алыскы аймактарда жөн гана кара кофе да жок. Ошондуктан акыркы убактарда сырт жакка чыкканда жаныма кофе ала жүрөм. Көп эле кафелерде менин кофем үчүн атайын суу кайнатып беришет.

Экинчи борбор аталган Ош шаарында атайын кофекана болбогону менен, айрым кафелерде атайын кофе даярдаган бөлүмдөрү бар. Мындай жерлердин кардарлары көбөйүүдө. “Ацтек” кафесинин кызматкери:

- Биздин баалар Бишкекке караганда арзан. Ошентсе да азырынча шаардын өзүнүн тургундары же студенттер көп ичпейт. Көбүнчө эл аралык уюмдардын кызматкерлери, туристтер ичет. Негизинен латте менен капучино ичилет.

Беш жыл Орусияда ресторан тармагында иштеп келген Сабыр Орозмамат уулу азыр “Ваниль” кафесинде иштейт. Ал кофе сүйүүчүлөрдү өзүнө тартуу үчүн кофени Москвадан алып келген рецепттери боюнча даярдайт:

- Биз кофе кайнатып, даярдоочу машинаны чет өлкөдөн алып келгенбиз. Болушунча аракет кылып жатабыз. Кофенин беш түрү: эспрессо, капучино, американо, латте, рестретто деп жасайбыз. Кофенин данын да Италиянын “Бристор” фирмасынан Москва аркылуу алдырабыз.

Оштогу кафелерде кайнатылган кофенинин 1 күрүшкөсү түрүнө жараша 90 сомдон 120 сомго чейин сатылат.

Кофе кайдан келди?

Кыргызстандагы кофеканаларга кофелер дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан алынып келинет. Мисалы, Түштүк Америка континентинен, Азия, Африка өлкөлөрүнөн алынып келинген кофелер сортуна жараша бааланат. Кофени Кыргызстанга бир нече компания ташыйт. Алардын бири “Кофе академиясы” ишканасы кофеканаларды кофе гана эмес, башка тиешелүү жабдуулар менен да камсыздап, ошондой эле кофе даярдоочу адистерди, тагыраак айтканда, баристаларды да даярдайт.

- Биз кофе кайнатып, даярдоочу машинаны чет өлкөдөн алып келгенбиз. Болушунча аракет кылып жатабыз. Кофенин беш түрү: эспрессо, капучино, американо, латте, рестретто деп жасайбыз.
Сабыр Орозмат уулу

Кофекана бизнеси көп деле каражатты талап кылбайт. Шаарда ыңгайлуу жерде кофекана үчүн жай, кофе талкалоочу жана кайнатуучу автоматтар, керектүү ашкана жабдыктары болсо, калганы фантазияга көз каранды. Азыркы убакта кофе кайнатуучу автоматты 5 миң доллардын айланасында сатып алууга болот. Эң башкысы, алдыга коюлган максат, аны ишке ашырууга үлкөн дымак болууга тийиш дешет адистер.

Интернеттеги маалыматтарга таянсак, кофенин алгачкы мекени Африка. Кийинчерээк улам таркап отуруп, Америкага жана Азияга жеткен. Ушул тапта америкалык, азиялык жана африкалык деп, кофенин жүздөн ашуун сорту бар. Кофенин сорттуулугу анын бекем даамына жана аңкыган жытына байланыштырылып аныкталган. 18-кылымга чейин кофе Европада аябай бааланган. Кийинчерээк кофе зыяндуу суусундук катары көп пайдалануудан калып, 20-кылымда гана кайрадан көбөйө баштаган.

Бүгүнкү күнү дүйнөлүк кофеканаларда шамдагай, иш билги делген баристалар кофенин кеминде кырк түрүн жасаганды билип, даамынан жана жытынан кофенин сорттуулугун аныктоого жана ошондой эле даярдалган кофенин көбүгүнө түрдүү сүрөт тарта билүүгө тийиш.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG