Арстанбек Саргалдаев 1997-жылдан бери Америка Кошмо Штаттарында жашайт. Ал айрым мекендештер сыяктуу АКШга кокустан барып калган эмес. Бир катар китептерди окуп, кинодон көрүп, угуп, бул ири державага келүүнү, өзү үчүн Америка дүйнөсүн ачууну бала кезинен максат кылып, кыялданган.
- Колумб ачкан Американы көрсөм, ал жакка барсам деп кыялданып жүргөндө 11 жашта болчумун. Анда Союз убагы. Апам “андай сөздөрдү айтпа, бизди Сибирге айдап жибербесин” деп айтып калчу. 15 жылдан кийин Америкага жол ачылды. Алгач турист болуп эле бардым. Ошол кезде айрымдар Германиядан машина ташый баштаган. Ошол жактан алып келип атса, Америкада деле бардыр деген ойдо болдум. Ал жакка баргандан кийин баары өзгөрүп кетти. Бир жуманын ичинде бөлөк болуп калдым. Ушунчалык чоң өлкө, шарттары көп, базар экономикасы, коммерция, бизнес дегендин баарын көргөндөн кийин бир машина үчүн келсем же бул жактан башка чоң жумушка жараймбы деп калып калдым.
Ошентип балалык кыялдарын ишке ашыруу үчүн тоо койнунда чоңойгон кыргыз жигити АКШда калып калат. Студенттик виза алып, окууга тапшырат. Андан көп өтпөй АКШда туруктуу жашоого уруксат берген “жашыл карта” – грин-кардды алуу бешенесине буйруйт.
- Америкада жүргөнүмө 18 жыл болуп калды. Азыр өзүмдүн чакан бизнесим бар. Атайын келишимдер менен жүк ташыйбыз. Түрмөлөргө пол жуугуч, кир жуугуч каражаттарды жеткирип беребиз. Ресторан, госпиталдарга кызмат көрсөтөбүз.
"Азыр Кыргызстанда деле иш ачуу жеңил болуп калыптыр" деген Саргалдаев эки жылдан бери Бишкекте бир катар долбоорлорду ишке ашырып, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кээ бирлерине ыктыярчы катары жардам берип келатат.
- Эки жыл болуп калды, Кыргызстанда "Медиалаб продакшн" деген студия ачкам. Бул жакта ишкана ачкан оңой эле экен. Иш ачкан оңой болгон менен андан ары иштетип кетүү бул жакта кыйын. Анткени маркетингди, сенин ишиң башкаларга канчалык керек экенин изилдеп чыгыш керек. Азырынча мындан пайда таба элекпиз. Бирок бизде абдан таланттуу улан-кыздар бар. Аларга иштин багытын көрсөтүп, үйрөтүп атабыз. Биз социалдык роликтерди тартабыз. “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду уюштурган Билим фестивалында жакшы иштештик. Бизге иштеп, өз эмгегибизди көрсөтүүгө, салымыбызды кошууга аянтча түзүп берип жатканы үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Азыр жашоо-турмушту карап, анализдеп, кандай кемчиликтер бар, кайсы жакта көбүрөөк проблема бар ошого байланыштуу бир айда бир ролик чыгарабыз. Ал телеканалдарда көрсөтүлүп жатат. Биз Кыргызстандан кеткен убакта башкача болчу, азыр адамдардын бири-бирине жасаган мамилеси, адамгерчилик, улуттук баалуулук деген нерселер өзгөрүптүр. Ошону кайрып келүү, жаштарга үлгү болсун деген максатта роликтерди тартабыз.
Арстанбек Саргалдаев кыргызстандыктарга алгач “Салам Нью-Йорк” тасмасы аркылуу таанылган. Айылдагы таанышына жумуш таап берем деп чакырып, бирок качып кеткен, өзү да араң жүргөн Айдар байкенин ролу аркылуу белгилүү болгон эле. Бирок реалдуу жашоодо Америкадагы мекендештерге да, Кыргызстандагы дилгир жаштарга да жол көрсөтүп, менторлук ишти алып барат.
Жаштар демекчи, учурда Саргалдаевдин демилгеси жана колдоосу менен Кыргызстанда жаңы тасма тартылды. Анда жаш муун өз көйгөйлөрүн кантип чечип жатышат, алар кайда багыт алышкан деген маселелер көтөрүлгөн.
- Киного катышканым да жакшы тажрыйба болду. Анда жаман байкенин ролун ойногом. Кудай буюрса жакында кинонун бет ачарын кылабыз. Жаштар тууралуу көркөм фильм тартканбыз. Аларга көп көңүл бурулбай, ээн баштык да көбөйүп жатыптыр. Азыр жаштар менен сүйлөшсөң эле юрист, бажы кызматкери болом, прокуратурада иштейм, УКМКга барам дешет экен. Бул тармактарга ишке орношуу кыйын, коррупцияга аралашкан деп угуп жүрөбүз. Булардан тышкары деле өз жолун таап, жакшы иштегенге мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр ошолорду айтып менторлук кылып жүрөм. Баары эле кыргыздар качып кетти, келбейт дейт. Келип жаткандары бар. Балким саналуу, 15-20 болушу мүмкүн, бирок жок эмес. Келгенде өкмөткө же башка мамлекеттик кызматка кириш кыйын. Бирок ишкерчилик чөйрөдө биз атаандаш боло алабыз. Тигил жактан алган тажрыйба менен бөлүшүп жатабыз. Менин апам "баары кичинеден башталат, тамчы барып-барып дарыя болот" деп айтчу. Келип карап көрдүм, жумуш көп экен, Кыргызстанда акча жерде жатат. Ошону элге көрсөтүп, кантип акча кылууну үйрөтүү керек.
Булардан сырткары Арстанбек Саргалдаев студенттердин Еnactus командасы демилгелеген агробизнес багытындагы долбоорун колдоп келет. Анын максаты – дыйканчылыкка жол ачып, иштетем дегендерге ири каражат талап кылынбаган күнөскана ачып берүү.
Бул долбоор быйыл алгачкы жолу ишке киргизилүүдө, эгер натыйжасын берсе кийинки жылы дагы кеңейтүү пландалып жаткан экен.
Мындан сырткары Кыргыз-америка альянсы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Биздин Жеӊиш” кыймылынын демилгеси менен Ленинград блокадасынын катышуучуларына бекер угуучу аппараттарды белекке тапшырган.
Жеткинчектерди улуу муун менен байланыштыруу, өзгөчө аларды чыгармачылыкка, маданиятка ынак кылып өстүрүү багытында чакан долбоор баштады. Анын алкагында шаардагы бала бакчалардын биринде тарбияланган 5-7 жаштагы наристелер сүрөтчү Настар Мамайдын мастер классына катышып келишти. Кийинки мастер класс учурунда балдар чоподон буюм жасоону үйрөнүшөт.
Арстанбек мырза Америкада окуп, ошол жакка барууну каалаган жаштарга мындайча сунуш берди:
- Инвестиция салыш керек, бул эң оболу өзүңдөн башталышы зарыл. Биринчиден, билим алып, окуш керек. Ал жактан кандай бизнес ачуу керектигин үйрөнүп, колдон келсе иш баштоо керек. Америкада өкмөт жардам берет, жумуш берет деген жок. Жаз келди, май берилбей жатат деп митингге чыккан же күтүп отурган дыйкандар жок. Шарт түзүп берет, калганын өзүң жолго саласың. Азыр АКШга баргандардын баары эле студент. Нью-Йоркто жакшы коллеждер бар. Эшигинин алдына жарым саат турсаңыз он беш чакты улан-кыздарды көрөсүз. Күнү-түнү иштешет, окуусун да улантат. Официант болуп иштешет. Кыргызстанда официантка мамиле жакшы эмес экен, ал жакта бул жумушту муундан муунга өткөрөт. Суроо бериңиздер, кандай жолдору бар экенин айталы. Штат боюнча кыргызстандыктар байланышып турабыз. Мен алгач Америкага барган учурда 3-4 эле бала бар болчубуз. Азыр 30 миңге жетип калды.
Кыргызстан эгемендикти алган жылдардан бери миңдеген кыргызстандыктар дүйнөнүн чар тарабына тарады. Алгач өзүн, үй-бүлөсүн, анан туугандарын бутуна тургузууга көмөктөшкөн журтташтар азыр мынтип өз айылына, мекенине салым кошууда. Ал эми мамлекет алардын эмгегин, акылын, күчүн жана тажрыйбасын канчалык деңгээлде пайдаланып жатат?
- Мен башында айткандай, Кыргызстанда өкмөттүн структурасына өтүш өтө кыйын. Чет жактагы мекендештердин тажрыйбасын пайдаланган эч ким жок. Өзүнчө кеңеш түзүлгөн, бирок ал аягына чыккан жок. Бизге “Мекендештер” форуму гана жакшы аянтча болуп берди. Биз ошол жерден идеяларыбызды бөлүшүп, сүйлөшөбүз.
Материал "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун Мекендештер форуму долбоорунун алкагында даярдалды.