Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Шерзод: Кыргызстанда өзгөчө ресторан ачсам дейм


Шерзод Гайбуллаев
Шерзод Гайбуллаев

Кыргызстандык 27 жаштагы Шерзод Гайбуллаев Санкт-Петербургдагы белгилүү ресторандын жетекчиси болуп иштеп жатат.

Бала кезинде чоң шаарда жашап, иштөөнү кыялданган Шерзод Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагында төрөлгөн. Азыр Санкт-Петербургдагы “Дедушка Хо” аттуу вьетнам ресторандар тармагынын биринде директор. Аны жумуш учурунда азын-оолак кепке тарттык:

“Орусияга келгениме сегиз жылдан ашты. Башында көп кыйынчылыктарга кабылдым. Арзан тамак-аштарды жеп, оор шартта жашап, көчөдө калган күндөр болду. Бирок анын баарын жеңип өттүм. Андай учурда адамга күчтүү эрк, кайрат жана эмгек жардам берет экен. Документ иштеринде канчалаган түйшүктөрдү баштан кечирдим. Машакаттарды акырындап жеңип, шаарга көндүм. Баса, мен адегенде Москвага келгем...

Орусияга келип жатканда окуумду ушул жактан улантам деп ойлогом. Бирок окуу менен катар иштөө да оор болду. Ата-энемден акча сураганга туура келип калат экен. Аларды кыйнагым келбеди. Иштеп, тажрыйба топтоону туура көрдүм”.

Мигранттын жашоосу жеңил эмесин белгилеген Шерзод Гайбуллаев Орусияда иштөөнүн күңгөй-тескейин сүйлөп отурду. Ал жакка иштегени барган кишилерге карата жергиликтүү элдин мамилеси жөнүндөгү сурообузга мындайча жооп берди:

“Чындыгында Орусияда адамдар боорукер. Балким алар мигрант өзүн кандай алып жүргөнүнө карап, мамиле кылышса керек. Мен басмырлоого туш болгон деле жокмун. Кишилер дайыма жардамын аябайт. Борбор Азиядан келгеним, мигрант экеним маселе жарата элек. Албетте, беш кол тең эмес. Кээде Орусияны аралап саякат жасайм, майда шаар-кыштактарга барганымда анча-мынча ошондой мамиле жасагандар болот. Москва менен Санкт-Петербургда эч ким капа кыла элек”.

Мектепти бүтүп, Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетинин Техникалык факультетине тапшырган Шерзод тажик, кыргыз, орус, өзбек жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Жашоо-шартка байланыштуу мекенден алыс кетүүгө мажбур болгон. Бул тандоосуна азыр өкүнбөйт:

Шерзод ашпозчу болуп жүргөн кез.
Шерзод ашпозчу болуп жүргөн кез.

“Менде ресторан бизнеси жаатында эч кандай тажрыйба жок эле. Бул жакка келген жылдарымда коомдук тамактануучу жайлардан иш табуу оңой болчу. Жумушка орношуу да жеңил. Орус тилин билгендерге эки эсе жеңил. Москванын четиндеги түнкү клубда официант болуп иштей баштагам. Өтө жакшы жер деп айта албайм, бирок ал жакка жумушка кирүү оңой болчу. Жаңы барганымда кыйналдым, жарым жыл иштеп, анан бошоп кеткем. Кийин ашпозчу болуп иштедим, бармен болдум. Бир канча ресторандарда эмгектенип, тажрыйба топтодум. Мунун баары мага ресторан бизнесине чыйыр жол салып берди. Азыр ресторанда директор болуп эмгектенип жатам. Өзүм иштеген ресторандын брендин өнүктүрүүнүн жолундабыз. Санкт-Петербургга Москвада жүргөн кезимде эле чакырышкан...

Бала кезде эмнегедир дарыгер болууну кыялдангам. Туугандарымдын көбү медицина тармагында иштегени үчүнбү, айтор мен деле дарыгер болом деп ойлогом. Хирург болууну чечкем. Мага медицина тармагы ийгиликтүү сезилчү...

Эгер Кыргызстанга кайтсам, ресторан ачам. Азырынча мекенге качан барарым белгисиз. Кыргызстанда ресторан бизнеси, коомдук тамактануу багытындагы ишкерлик мурда эле түптөлгөнү менен, өнүгүү жолуна эми гана түшүп келатат... Мен өзгөчө, кызыктуу коомдук тамактануучу жай ачсам дейм“.

Шерзод Гайбуллаев мекенден алыс болгонуна карабай, Кыргызстандагы жаңылыктарга, көрүнүштөргө такай көз салып турат. Башкалар сыяктуу анын деле жүрөгүн өйүгөн маселе – жемкорлук экен:

“Жаштардын өнүгүшүн кааласак, менимче коррупцияны жоюу шарт. Көз караштар эркин болуп, улан-кыздарда күчтүү эрк калыпташыны зарыл. Ар кимдин тандоосу урматталышы кажет. Диний жактан болобу, менталитеттеги өзгөчөлүктөр болобу, айтор, чектөөлөрдү алып салганыбыз дурус. Менимче, ар ким кыялданган нерсесин жасап, өзү каалагандай жашаганы жакшы. Эң башкысы, элге зыяны тийбесе болду. Жаштарга багыт берилип, колдоо көрсөтүлсө, жакшы болмок. Менин байкашымча, азыр коррупцияга каршы күрөшүүгө аракеттер болуп жатат, бирок жемкорлук тыйыла элек. Айрыкча, аймактарда ишкерлик кылуу үчүн жогору жакта колдоочуң болушу керек, антпесең тоскоолдуктарга кабыла бересин. “Күч органдарында таанышың болгону дурус” деген түшүнүк калыптанып калган”.

Бош убакыт тапса эле театрларга, музейлерге барууну жактырган Шерзод теңтуштарына да маданий эс алуучу жайларга тез-тез барып турууну кеңеш берет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG