Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Букулуев: Жапониянын жаңы мыйзамы биз үчүн иштебейт


"Japan Style Traning Center" компаниясынын өкүлү Тимур Букулуев.

Жапонияда 1-апрелден тарта чет өлкөлүк жарандарды мыйзамдуу түрдө жумушка ала турган жаңы мыйзам күчүнө кирет. Бирок ал мыйзам кыргызстандыктарга бул мамлекетке барып иштөөгө жол ачпайт.

Азырынча жогорку квалификациясы жок кыргызстандыктар Жапонияга “үйрөнчүк” деген программанын алкагында гана барып иштей алат. Japan Style Traning Center компаниясынын өкүлү Тимур Букулуев ушул программанын күңгөй-тескейин айтып берди.

"Азаттык": Тимур, Жапонияда 1-апрелден тарта чет өлкөлүк жарандарды жаңы программанын алкагында жумушка алууга шарт түзгөн мыйзам күчүнө кирет экен. Бул программа тууралуу кеңири айтып бересизби, ал аркылуу кыргызстандыктар жумушка орношо алабы?

Тимур Букулуев: Бул мыйзам Жапонияда жумушчу күчү жетишпегени үчүн кабыл алынды окшойт. Ал “өзгөчө кесиптеги жумушчулар” деген программа менен чет өлкөлүк жарандарды ишке алууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин чет өлкөлүк жарандарга толук кандуу жумуш визасы берилчү. Өндүрүшкө кесибин жогорулатууга баргандар үчүн “Үйрөнчүк” деген атайын программа бар. Ал аркылуу баргандар да атайын виза алышчу. Эми буларга кошумча үчүнчү виза кирип жатат. “Өзгөчө кесиптеги жумушчулар” негизинен курулуш тармагына, карылар үйүнө, айыл чарба жаатына тартылары айтылып жатат.

Аларга Жапонияга барып беш жыл үй-бүлөсүз иштөөгө уруксат берилет. Менин угушума караганда жаңы программа менен жарандарын ишке кабыл алган тизмеге Кыргызстан, дегеле Борбор Азия мамлекеттери кирген эмес. Бул тизмеге негизинен Кытай, Монголия жана Түштүк - Чыгыш Азия өлкөлөрү кириптир.

Демек, бизге бул мыйзамдын ысык-суугу жок. Биздин жарандар мурдагыдай эле “Үйрөнчүк” деген программа менен барат. Анан албетте жогорку квалификациялуу жарандар өз кесиби менен толук кандуу ишке орношо алат.

"Азаттык": Сиз айтып жаткан “Үйрөнчүк” деген программа аркылуу барып кандай жумуштарда иштесе болот? Сөзсүз түрдө жапон тилин билүү шартпы?

Тимур Букулуев: Бул программанын эрежелери боюнча жапон тилин жогору деңгээлде билүү шарт эмес. Бирок жумушка алып жаткан компаниялардын көбү жапон тилин билүүнү талап кылат.

Биз Кыргызстанда миграция кызматы менен тыгыз байланышта иштешебиз, ал жактан тил боюнча алты айлык курсту окуп бүттү деген тастыктоо кагаздарын көргөзгөндөн кийин анан бизге миграция кызматынан уруксат берилет.

Ошол уруксат кагазын алмайынча, биз эч жакка чыгарбайбыз. Тил үйрөнгөндөн кийин, жумушчу талап кылган компанияларга документтерди жиберебиз. Алар үч жумушчу керек десе, биз 10-15 кишини даярдап турабыз. Компаниянын өкүлдөрү өздөрү маектешип, алардын арасынан ылайыктуусун тандап алат. Биз ал жагына киришпейбиз.

Ал эми Жапониянын ички мыйзамдарына ылайык, барган кыргызстандыктар ишине көнүп кеткиче алардын ар биринин жанында сөзсүз бирден жапон жараны болот, алар бардыгына жардам беришет.

“Үйрөнчүк” деген программанын алкагында алгач үч жылга иштөөгө уруксат берилет. Ал мөөнөттү аягына чыкса, кийин эки жылга анан беш жылга узартылат. Бул программа дагы үй-бүлөсүн чогуу алып барууга уруксат бербейт.

Тимур Букулев
Тимур Букулев

"Азаттык": Жапонияда жумуш оорбу, барган кыргызстандыктардын баары эле көнүп иштеп кетишеби же артка кайткандары да барбы?

Тимур Букулуев: Менин эсебимде биздин компания “Үйрөнчүк” программасы аркылуу 60ка чукул кыргызстандыкты ишке орноштурду. Алардын ичинен ондой бала “иштей албайбыз” деп кетип калышты. Үй-бүлөлүк шартына, ден соолугуна байланыштуу кетип калгандар бар. Аларга “үч жылдык мөөнөттү толук кандуу иштеп бербей койду” деп мүнөздөмө жазып, кое беришет.

Жапонияда адам укугуна аяр мамиле кылышат. Иштетип алып акысын бербей койгондор же “1000-1500 доллар төлөп жатабыз, муну кылышың керек” деген мамиле жок. Келгендердин көбү эле кара жумушта иштейт. Курулуш тармагында, жылуулук материалдарын каптоо тармагында, жол салган компанияларда эмгектенет.

"Азаттык": Ал жактан тапкан акча күнүмдүк жашоосунан артабы? Чет жакка кеткендердин көбү эле үйүнө акча салууга аракеттенет эмеспи, ошого жетеби?

Тимур Букулуев: Биздин компания Жапониядагы ишканалар менен келишим түзөрдө ошол жагына басым жасайт. Тактап айтканда, бардык социалдык төлөмдөрдү, жатакана, ал-мунусуна төлөгөндөн кийин колуна 1000 доллардай тийишин талап кылабыз. Кыргызстандыктар бул жакта болжол менен миң доллардай табат. Албетте иш жадыбалынан жана ар бир ишкананын өзүнүн мыйзамдарына жараша кээде 700 доллар алып калган учурлар болот, кээде 1200 доллар таап калышат. Ар кандай. Кошумча саат иштеп бергендери үчүн төлөнсө, жакшы айлык алышат.

"Азаттык": Жапондор өзүлөрү чет өлкөлүк жумушчуларга кандай мамиле жасашат?

Тимур Букулуев: Жапон эли чет өлкөлүк жумушчуларга жылуу мамиле кылат. Бир сырдуу эл деп айтылганы менен, карапайым эли ачык-айрым келет. Улутчулдук жок. “Чет өлкөлүк болгону үчүн көп иштетти” деген учурларды укпадым.

Кытай, Индонезия, Вьетнамдан келгендерге караганда кыргыздар жай, бирок так иштейт деп айтып калышат. Жапондор ыкчам иштеген жагынан кытайларды биринчи орунга коюшат. Кыргыздар аларга жетпейт, бирок тактыгын жана адептүүлүгүн баса белгилешет.

Жапониядагы кыргызстандык журтташтар.
Жапониядагы кыргызстандык журтташтар.

"Азаттык": Өзүңүз Жапонияда иштейт экенсиз. Сиз ал жакта эмне кыласыз?

Тимур Букулуев: Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин “Чыгыш таануу” факультетин бүтүргөм. Кесибим жапон тилинен котормочу. Мен азыр иштеп жаткан компаниянын ээси менен 2010-жылдан бери таанышмын. Ал мурда башка нерсе менен алектенчү, кийин ушул бизнеске өттү. Бул компаниянын кыргызстандыктарды Жапонияга жумушка жиберүү менен алектенгенине үч жарым-төрт жылдай болуп калды. Ал эми мен 1,5 жылдан бери Жапонияга келген жарандарыбызды бул жактан тосуп алып, жайгаштырып иштейм. Майда-чүйдө маселе чыкса, тил жагынан кыйынчылыктар жаралса, которуп, жардам берип турам.

"Азаттык": Жапонияга барып иштейм дегендерге кандай кеңештериңизди бере аласыз?

Тимур Букулуев: Бул жакка тилди окуп эле келген жакшы. Өзүңө тың болосуң. “Үйрөнчүк” программасы менен үй-бүлөлүүлөрдүн келгени бир аз кыйыныраак. Үй-бүлөсүн, бала-бакырасын сагынат экен. Анын кесепети жумушка да тиет. Үч жылга деп түзүлгөн келишимдин аягына чыкпай орто жолдон кетип калганда жалпы Кыргызстанга доо кетет экен. Бойдок, үйлөнө элек балдарга иштеп кеткенге аябай ыңгайлуу. Жумушка кабыл алчулар да бойдок, отуз жашка чейинкилерди көп талап кылышат.

"Азаттык": Рахмат, маегиңизге!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG