Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:28

Жапонияда өлкөдөн чыгып жаткандар салык төлөшөт


Жапон куурчактарынын көргөзмөсү. 24-февраль, 2014-жыл.
Жапон куурчактарынын көргөзмөсү. 24-февраль, 2014-жыл.

7-январдан тартып Жапониядан сыртка чыгып жаткан өлкөнүн өз жарандары менен катар эле чет элдиктер да салык төлөшөт. 10 доллар өлчөмүндөгү төлөм учактын же кеменин билетинин наркына кошулат. Бул тууралуу "Nikkei Asian Review" басылмасы кабарлады.

Эки жашка чейинки балдар, транзит менен өтүп бараткан жолоочулар жана мамлекеттик делегациянын курамындагылар мындай салыктан бошотулат.

Жапон бийлигинин эсебине караганда, жаңы салыктан түшкөн киреше 50 миллиард иенге жетет. Бул каражат аэропорттордо тейлөөнү жакшыртууга жана туристтерге көрсөтүлчү кызматтарды кеңейтүүгө жумшалмакчы.

XS
SM
MD
LG