Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:22

«Актёрлорду үйүнө чейин барып даярдаган»


Театр режиссёру, педагог Алмаз Сарлыкбеков.

Владикавказдагы эл аралык театралдык «Чексиз асман» фестивалынын баш байгесинин ээси, театр режиссёру Алмаз Сарлыкбеков быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.

Алмаз Сарлыкбеков Чыңгыз Айтматовдун «Эрте жаздагы турналар», Фёдор Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза», Уильям Шекспирдин «Король Лир», Жалил Садыковдун «Жукеев Табылды-Пудовкин», Назым Хикметтин «Унутулган адам» сыяктуу классикалык чыгармаларын сахналаштырган.

Ал Ленинграддагы маданият институтунун режиссёрдук бөлүмүн аяктаган соң, 1980-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайынан (ГИТИС) билимин улантып, орус театрынын реформатору Константин Станиславскийдин шакирти Мария Кнебелден таалим алган. Москвадан окуусун аяктап, өз өлкөсүнө келгенде Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенген.

Кыргыз эл артисти, режиссёр Молдосейит Мамбетакунов Алмаз Сарлыкбековдун уюштуруучулук чеберчилигин айтып отурду:

Молдосейит Мамбетакунов.
Молдосейит Мамбетакунов.

«Алмаз Москваны бүтүп келгенде жапжаш жигит эле. Ал ошол учурда Токтоболот Абдымомуновдун «Менин жарыктык карыларым» деген спектаклин койгон. Ал ошондо эле классикалык деңгээлдеги актёрлорго көңүл бурчу. Актёрлорунун баары улуу муундагы, атагы чыккан актёрлор эле. Арасында Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева бар болчу. Мен «эми ушу жигиттин сөзүн ушулар угабы» деп кабатырландым. Бирок аларга сөзүн уктурду. Ал иштегиси келбеген актёрлордун үйүнө чейин барып спектаклге даярдачу. 1-2 жолу Сабира Күмүшалиева эженин үйүнө бирге барганбыз».

Кыргыз көркөм өнөрүн, театр искусствосун жогорку деңгээлде көтөрө алуу дарамети байкалган жаш режиссёр Нарын театрына которулган. Ал жактан Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» чыгармасын сахналаштырган. Бул чыгармага негизги каарман катары Раскольниковдун образын жаратыш үчүн Кыргыз улуттук драма театрынан иштен бошотулган актёр Калыбек Назаралиевди тандап алган. Ал бул эмгегин Москванын сахнасында чоң чеберчиликте койгонго жетишкен.

Театр ишмери, драматург, театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов Алмаз Сарлыкбековдун жетишкендиктерин эске салды:

Жаныш Кулмамбетов.
Жаныш Кулмамбетов.

«Ал советтик мезгилде эң көрүнүктүү режиссёрлордон эле. Анын ар бир эмгеги жогорку наам, сыйлыктарды алып турган. Грузиянын баш калаасы Тбилисидеги эл аралык фестивалга катышкан. Анын Фёдор Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» спектакли Москвада коюлганда орустар абдан таң калып, негизги каарман Калыбек Назаралиевди «биздин Тараторкинден кем калышпаган актёр экен» дешкен. Эл аралык А. Попов атындагы сыйлыктын күмүш медалынын ээси болгон».

Театр режиссёрунун адамдык бийик сапаттарына токтолгон шакирти, театр ишмери, журналист Аманбек Дилденбай уулу Жапаров устатынын кичипейилдигин, ошол кездеги жогорку сыйлыктарды алганына карабай жөнөкөйлүк сапатын жоготпогонун эскерди:

Аманбек Дилденбай уулу Жапаров.
Аманбек Дилденбай уулу Жапаров.

«Алмаз Сарлыкбеков Кыргызстанда мурда калыптанып келе жаткан улуттук академиялык театр өнөрүнүн ыкмаларын жоготкон жок. Тескерисинче, аларды колдонуп, Достоевскийди, Шекспирди, Назым Хикметти коюп, аларды кыргыз коомунда, кыргыз жашоосунда болуп жаткандай ачып берген. Ал кыргыз көркөм өнөрүнө, театр искусствосуна кайталангыс эмгектерди жасап кетти».

Маектешибиз өз сөзүндө кыргыз театрын дүйнөлүк аренага алып чыккан Алмаз Сарлыкбековдун 70 жылдык эскерүү кечеси уюштурулбай калгандыгына, андан да кыргыз интеллигенциясынын айрым өкүлдөрүнүн мамилесине кейигенин жашырган жок:

«Кыргыз маданиятындагы замандаштарымдын түркөйлүгүнө кейип кетемин. Кыргыз интеллигенциясында бир эскерүү кечеси болуп калса, «Чайы барбы?» деп сурашат. Чайы жок болсо, барбай койгондорду көрдүм. Мен ошого арданып кетем. Маданият ишмерлери мындай нерселерди жасаганды колуна алышпайт. Агайым «кыргыз эли дүйнөлүк маданият, дүйнөлүк искусство менен таанышып калсын» деп жан үрөп жүрүп өтүп кетти. Ал эми биздин Маданият министрлиги, жанагы айлык алып иштегендер ушундай адамды жөн гана чайы жок эле, эскерүү кечесин уюштуруп коюшса болмок. Жок, алар мындай улуу адамдарга, чайы жок болсо көңүл бурушпайт».

Алмаз Сарлыкбековдун кыргыз театрынын салттуу-этаптуу өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. Ал көптөгөн кыргыз драматургдарынын жолун ачкан. Алардын бири, Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин «Күн кармаган бала», «Аял» деген чыгармаларынын негизинде «Сен, биз жана баарыбыз», «Оо, кыздар» аттуу чыгармаларын сахналаштырган. Ал чыгармалар КМШ өлкөлөрүндө театралдык фестивалдарда коюлуп, көптөгөн сыйлыктарды утуп алган.

Драматург Султан Раев жаштардын пьесаларын сахнага ошол кезде бир гана Алмаз Сарлыкбеков алып чыкканын баса белгиледи:

Султан Раев.
Султан Раев.

«Мен ал киши менен 1989-жылы чогуу иштеп калдым. Кыргыз улуттук театр искусствосун классикалык деңгээлде чыгара алды. Нарын театрынын атын жалпы Союзга таанытты. Агайымдын урматына быйыл биринчи жолу Алмаз Сарлыкбеков атындагы театралдык сыйлыкты уюштурдук. Агайыма болгон урматым, шакирттик милдетим катары уюштуруп, ал сыйлыктын биринчи лауреаты Улан Карыпбаев болду. Ал сыйлык кыргыз театр өнөрүндөгү жаштарга эки жылда бир жолу берилет. Бул сыйлыкты уюштурганымдын себеби, агайымдын атын унуттурбай эстетип жүрүүдө парзым деп билемин».

Эл аралык Чыңгыз Айтматов, Муратбек Рыскулов, Жолдошбай Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын лауреаты, Владикавказдагы эл аралык театралдык «Чексиз сахна» фестивалынын баш байгесинин ээси Алмаз Сарлыкбеков 2008-жылы 12-июнь күнү 58 жашында дүйнөдөн кайткан.

Сарлыкбеков өмүрүнүн аягында түрк акыны Назым Хикметтин «Унутулган адам» деген чыгармасын сахналаштырган. Ал чыгармада негизги каармандын ролун кыргыздын даңазалуу театр жана кино артисти Сатыбалды Далбаев ойногон. Театр режиссёрунун аты аталган эмгеги ал каза болгон соң көрөрмандарына көрсөтүлгөн.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG